Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:10

Грузин президенти Михаил Саакашвили БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө Орусияга катуу сын жолдоду.

Ал Москва коңшуларына карата империалисттик дымагынан кайтпай жатканын, Евразия Биримдиги долбоорун сындады жана Владимир Путин жакында кетет деп айтты. Төмөндө Саакашвилинин сөзүнөн үзүндүлөр:

Мен бул сөздөрдү айтып жаткан чакта эркин жана демократтык өлкөлөр үй-бүлөсүнө кошулууга умтулган чыгыш европалык мамлекеттер тынымсыз кысымдарга жана коркутууларга дуушар болууда.

Арменияны бурчка корголотушту, Молдова блокадага кириптер болду, Украина сокку алдында калды, Азербайжан эбегейсиз кысымга дуушар болууда, Грузия болсо оккупация болду…

Эмне үчүн?

Эмне дегенде эски Империя жоготуп алган чек араларга кайтып келем деп жандалбас урууда. Бирок "чек аралар" деген натуура сөз, анткени Империя — орусиялык империя болобу, Советтер союзубу, Орусия Федерациясыбы же Евразия биримдигиби — биринин да чек арасы болгон эмес.

Көпчүлүк өлкөлөрдөн айырмаланып, Орусия Федерациясы өз чегинде бир калыпта өнүккөн өлкөлөрдүн болушун каалабайт деле. Кремл коңшулары такай башаламандыкка батып турушуна кызыкдар. Ал Грузияда, Украинада же Молдовада, кала берсе Орусиянын таламын талашкан өлкөлөрдө да күчтүү мамлекет болушуна кызыкдар эмес.

Мен эч качан саясый демагогияны сүйбөйм, бүгүн – экинчи президенттик мөөнөтүм аяктап жаткан маалда башкаларга караганда түз сүйлөө зарылдыгын сезип турам.

Владимир Путин Армения Азербайжанды биротоло жеңсе деген тарапта деп ойлойсузбу? Же тетирисинче Баку Ереванга үстөмдүк кылса деп каалайт дейсизби? Жок, алар ким бирөө башкасына үстөмдүк кылышын каалабайт, алар тынбай жаңжал болуп турса деп көксөшөт, анткени ошондо гана экөөнө тең таасири өтүп, Европага тутумдашуусуна бут тоссо болот.

Сиз Украинада шайлоодо апарман революциянын күчтөрүнүн жеңилиши Москванын бул өлкөгө мамилесин жумшартты деп жатасызбы? Тетирисинче Виктор Януковичтин өкмөтү такай кысымга кептелип, Вильнюстагы саммит алдында ("Чыгыш өнөктөштүк" саммити, быйыл ноябрда өтөт, анда Украинанын Европа Биримдигине ассоциация болушу тууралуу келишимге кол коюлат) Украинага карата соода согушу жарыяланып отурат, орус чиновниктери өлкө бөлүнүп калды деп ачык айта баштады.

Сиз Тбилисиде бийлик алмашкан соң Кремл Абхазиядан жана Түштүк Осетиядан аскерлерин чыгарууну талкуулоого макул болот дейсизби? Такыр андай эмес! Грузин жерлерин орус аскерлери басып алуусун улантууда.

Мен дээрлик он жылча башкарган өлкөгө Владимир Путиндин жана анын командасынын кастыгы жеке жектөөгө, же маданий түшүнбөстүккө негизделген эмес. Иш деген Гамсахурдияда, Шеварнадзеде, Саакашвилиде же Иванишвилиде эмес. Мында аты-жөнүбүздүн мааниси деле жок, кеп анык грузин мамлекетин түзүү тууралуу болуп жатат.

Эмне үчүн?

Эмне дегенде Украинада, Грузияда, Молдовада күчтүү мамлекеттик институттар түзүлүп, иши жолго салынган өлкөлөр пайда болуп, алар толук көз карандысыздыкка жана Европага бет алышарын орусиялык бийликтер мыкты түшүнөт.

Евразия Биримдиги Европа Биримдигине каршы негизде түзүлүп жатат. Бул биримдиктин негизинде мурдагы КГБнын түзүмү жатат жана эски Империяны кайра жаратууну көздөйт. Орусиялык долбоор ишке ашпайт. Бир да Империя бүгүн узак жашай албайт, орусиялык империяны деле ошол күн күтүп турат. Бул долбоорго иштөөгө мажбур болгон адамдар да анын ишке ашарына ишенбейт.

Бир канча жылдан кийин Владимир Путин Кремлден кетет, орусиялык саясаттан жок болот. Орусиялык жарандар аны эски замандын – коррупция менен басынтуунун мезгилинин элеси катары эстеп калышат. Бул процесс тынч өтөбү же зомбулук менен коштолобу, анын артынан улутчул же либерал келеби – эч ким билбейт, бирок негизгиси Орусия империя болуудан калат да, кадыресе мамлекет болуп калат.

(Кыскартып кыргызчалаган Султан Жумагулов)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG