Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Банкирдин арбагы Саакашвилинин тынчын алчудай


2006-жылы Грузияда 28 жаштагы банкир Ички иштер министрлигинин мартабалуу кызматкерлери менен чырлашып кеткенден кийин сабалып, өлүгү Тбилисинин сыртынан табылган эле. Экс-премьерге айып коюлгандан кийин эми президент Саакашвили кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин соттолуп да кетиши мүмкүн экендиги айгине болууда.

Сандро Гиргвлиянинин арбагы Грузияда жогорку кызматтарда турган саясатчылардын түн уйкусун алып, тынч уктатпай келет. Бул жигит мындан жети жыл мурда сабалып, тоңуп калган өлүгү баш калаанын сыртынан табылган эле.

Өткөн аптада Грузиянын мурдагы өкмөт башчысы жана мурдагы ички иштер министри Вано Мерабишвилиге Гиргвлиянинин өлүмүн иликтөөгө бут тоскон деген айып коюлгандан кийин бул жаңжалдан өзүн четте кармап келген президент Михаил Саакашвилинин айлампадан аман чыгуу үмүтү үзүлдү бейм.

Тбилисидеги Европалык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Каха Гоголашвили белгилегендей:

– Бул окуя Саакашвилинин өкмөтү берген убадаларга жана ошол кезде Грузияда өткөрүлүп жаткан реформаларга кайчы болгон. Вано Мерабишвилинин тартип коргоо системасын реформалоо аракети жарандардын коопсуздугун бекемдөөгө тийиш болчу. Бирок ошол эле убакта өлгөн банкирдин окуясында Вано Мерабишвилинин адамды кыйноого түздөн-түз тиешеси болгон жана полиция ашыкча күч колдонгон.

Азыр ансыз деле жарандарды аңдып, тыңшаган тасмалар ачыкка чыгып, ошондой эле "Грузиянын кыялы" коалициясы өткөн октябрда парламенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийинки тартип коргоо системасындагы кыйноолор тууралуу улам жаңы айыптар коюлуп жаткандан улам Саакашвилинин басмайылы бир топ бошогон эле. Бирок Сандро Гиргвлиянинин иши президентти биротоло ээрден кулата турган болууда.

Банкирдин өлүмүнөн кийин "Имеди" ТВ каналы Гиргвлияни ал каргашалуу күнү элиттик барда болгондугун «казып» чыккан эле. Көрсө аталган барда Ички иштер министрлигинин бир чоң кызматкери туулган күнүн белгилеп жаткан экен. Коноктордун арасында Мерабишвилинин аялы Тако Майсурадзе да болгон.

Ошол жерде Гиргвлияни коноктордун бири менен чырлаша кетет. Көп өтпөй ал жолдошу экөө бардан чыгышат. Бирок аларды бирөөлөр машинага түртө салып, Тбилисинин чет жакасына алып барышат. Банкирдин досу качып кетет, бирок сабалган, балким кыйноого алынган Гиргвлиянинин сөөгү түнкү суукта тоңуп калган жеринен табылат.

Гиргвлиянинин жакындары жана парламенттин көп мүчөлөрү бул окуяга Ички иштер министрлигинин да катыштыгы бар деп, көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырышкан. Бирок Мерабишвили бул ишти өзү «жеке көзөмөлүнө» алгандыгын жарыялайт, бир айдан кийин "Имеди" телеканалында айтылган мамлекеттик кызматкерлердин бул ишке эч кандай тиешеси жок деп жарыялаган.

Андан көп өтпөй, төрт тартип коргоочу камакка алынып, Гиргвлиянини сабаган деген кине менен үчтөн жети жылга чейинки мөөнөттөргө кесилген. Үч жылда төртөө президенттин жардыгы менен мунапыс алып, бошонуп чыгышкан.

Прокурорлор азыр Мерабишвилини төртөөнө ар бирине 100 миң доллардан төлөп берди, түрмөдө төртөө байдын баласындай жашады деп айыптап жатат. Мерабишвили өзүнө чаң жугузбай, саясий оюндарды бетке кармоодо.

Бул жаңжалга 2011-жылы Европанын Адам укуктары соту сот акыйкаттыгы одоно бузулгандыгы айтылган чоң отчетун жарыялаган. Эми Мерабишвилинин иши сотко өтсө, Саакашвили өзү ушул күздө кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин соттолушу мүмкүн болуп калды.

XS
SM
MD
LG