Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Орусия: жол кырсыгы кеминде 12 адамдын өмүрүн алды


Ханты-Мансыдагы автокырсык.
Ханты-Мансыдагы автокырсык.

Каза тапкандары ону акробатика боюнча курама командадагы балдар экени кабарланды. Кырсык 4-декабрда Сибирдин Ханты-Мансы аймагында болгон. Үч тарбиячынын коштоосунда 29 бала түшкөн автобус жүк ташуучу автоунаа менен кагылышкан. Балдар мелдештен кайтып келе жатканда кырсыкка кабылышкан.

Жүк ташуучу машиненин айдоочусунун тагдыры азырынча белгисиз. Орусия президенти Владимир Путин каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, керектүү жардам берүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

XS
SM
MD
LG