Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Бишкек мэрлигине талапкер болгон Абдылдаевдин арызы сотто каралат


Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин арызы бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралат.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынан көрсөтүлгөн талапкердин арызын канааттандырбаганы үчүн аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын катчылыгынан билдиришкендей, Абдылдаев мэр шайлоо эрежеге ылайык өтпөгөнүн, шаардык кеңештин сессиясы убагында башталбаганын далилдеген документтерди жана видеолорду көрсөткөн. Добуш берүү бюлеттендеринин арасынан жети кагазда эрежеге дал келбеген жазуулар болгону тууралуу маалымдаган. Андан тышкары, атаандашы Албек Ибраимовдун тарапташтары уюштурган митингди добуш берүүчүлөрдүн эркине басым жасоо катары баалоо сунушу айтылган.

Арызды БШК 18-январда карап, канааттандырган эмес.

11-январдагы шайлоо жыйынтыгында шаардык кеңештеги 45 депутаттын 29у Албек Ибраимовду, ал эми 12cи Нурдин Абдылдаевди колдошкон. Эки депутат баарына каршы болгон.

Ибраимов КСДП фракциясы баштаган көпчүлүк коалициядан, Абдылдаев оппозициядагы “Өнүгүү-Прогресстен” сунушталган. (SE)

XS
SM
MD
LG