Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Грузиянын мурдагы президенти, "Кансыз согушту" бүтүрүүгө көмөктөшкөндүгү менен тарыхка кирген Эдуард Шеварднадзе 86 жашында көз жумду.

Советтик коммунисттик партиянын картаң лидерлеринин бири Эдуард Шеварднадзе ондогон жылдар бою чоң кызматтарда иштеген. Ал кайра куруу доорунда реформачы тышкы иштер министр, "Кансыз согушту" токтотууга көмөктөшкөн саясатчы катары атагы дүйнөгө тараган. Ал ошондой эле көз карандысыз Грузиянын экинчи президенти болгон жана өзүнө каршы чыккан элдик козголоңдо кызматынан өз каалоосу менен чегинген.

Шеварднадзе 1928-жылы, 25-январда СССРдин курамындагы Кавказ жумуриятынын Гурия аймагында туулат. Компартияга 1948-жылы 20 жашында өтүп, Тбилисинин биринчи катчысы болуп турганда, шаардагы эң мартабалуу коммунисттик жетекчинин коррупциялык иштеринин бетин ачат. 1965-жылы Грузиянын ички иштер министрлигине көтөрүлүп, Москванын колдоосу менен антикоррупциялык ишмердүүлүгүн улантат. Тактап айтканда, он миңдеген коммунист, КГБчыларды соттотот.

1972-жылы Шеварднадзе Грузиянын компартиясынын биринчи катчылыгына келип, 1985-жылы СССРдин тышкы иштер министри болуп дайындалганга чейин турат.

Грузияда улутчулдук күч алган чакта, Шеварднадзе Москвага жан тартып, анын ичинде орус тилинин макамын көтөрмөлөө менен бир топтордун кыжырына тиет.

1985-жылы советтик лидер Михаил Горбачев аны тышкы иштер министрлигине дайындагандан улам Шеварднадзенин ондогон жылдардан берки саясий ишмердүүлүгү дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлөт. СССРдин башкы дипломаты болуп турганда, Москванын Батыш менен алакасы оңолуп, акыры "Кансыз согуш" токтойт.

1987-жылы сентябрда Бириккен улуттар уюмунун баш жыйынында сүйлөгөн сөзүндө ал Москва менен Вашингтондун ядролук куралды көзөмөлдөө аракеттерине жогору баа берип, дүйнөнү бул куралдан арылууга чакырат:

- Советтер Союзу менен Америка Кошмо Штаттары акыры ядролук куралсыз дүйнө деген сөздү бирге айтышты. Бул сөздөн ишке өткөнүбүздө, биздин дүйнө жаңы түшүнүккө ээ болот. Биздин дүйнө ядролук курал жана коопсуздук бул синоним эмес экендигин, жана бул курал жок болгондо коопсуздук бекемделерине көзү жетет.

Шеварднадзе советтик аскерлердин 1989-жылы Ооганстандан чыгарылышында жана ошол эле жылы СССРдин Чыгыш Европадагы күнкор мамлекеттеринде башталган демократиялык козголушту күч менен баспоо тууралуу Москванын чечиминде башкы роль ойногон.

Кайра куруунун ылдамдыгы жана багыты боюнча Горбачев менен пикир келишпестик курчуганда Шеварднадзе «диктатура баш көтөрүп» жаткандыгын айтып чыкты. Ал 1990-жылдын декабрында Горбачевду СССРди демократиялаштыруудан тайды деп айыптап, кызматынан чегинди. Ошондо ал:

- Мен отставкага кетип жатам, ашык сөздүн кереги жок, мени айыптабагыла. Бул менин баш көтөрүп келаткан диктатурага каршы нааразылыкка кошкон салымым болуп калсын. Мен биздин өлкөдө болуп жаткан окуяларды, элдин башына түшкөн мүшкүлдү кабылдай албайм. Дагы деле диктатуранын келечеги жок, келечек демократия жана эркиндик менен болот деп бекем ишенем, - деген.

Мындан бир жыл айланбай, 1991-жылдын августунда Шеварднадзе бул сөздөрдү билгендей айткандыгы айгине болот. Ошол айдын 21де Компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурат. Ал Путч максатына жетпейт, бирок өзү менен кошо СССРди ала жатат.

Бул окуядан көп өтпөй, Шеварднадзе ошол жылдын декабрында СССР биротоло ыдыраганга чейин бир ай тышкы иштер министри болуп турат.

Шеварднадзе кийинки жылы өзү туулган Грузияга кайтып келди. Көз карандысыздыктан кийинки тунгуч президент Звияд Гамсахурдиянын бийлиги кулагандан кийинки боштукту толтуруп, парламентти башкарып, 1995-жылы беш жылга президент болуп шайланды.

Ал беш жылдан кийин кайра шайланганда, добуш берүү ири бурмалоолор менен өткөн деген нааразылык күчтүү болду.

Шеварднадзе бийликте турганда кылмыштуулук, коррупция жайылып, жакырчылык күч алды. Ага 1992-95-98-жылдары үч ирет кол салуу болду.

2003-жылдагы "Роза козголоңунда" Шеварднадзе кызматынан чегинди.

Ал кан төгүүгө жол бербеш үчүн отставкага кетерин жарыялап, ошону менен саясий карьерасы да тамам болду. Ошол жылдын декабрында ал "Азаттыкка":

- Өлкөнү башкаруу бул катардагы иш эмес, бул өзүнчө искусство, өзүнчө илим. Ар ким эле бул ишти аркалай албайт. Менде өлкөнү жетектөөдө көп тажрыйба бар, бирок эгер мен Грузияны эң мыкты башкардым десем, чындыкка жатпай калат, - деген эле.

Шеварднадзенин артында кызы Манана жана уулу Паата калды.

XS
SM
MD
LG