Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Грузияда "футбол соодагерлери" камалды


"Барселона" - "Бавария" беттешүүсү. 6-май, 2015. Иллюстрациялык сүрөт.

"Барселона" - "Бавария" беттешүүсү. 6-май, 2015. Иллюстрациялык сүрөт.

Грузиянын Тбилиси жана Кутаиси шаарларында алдын ала соодалашылган беттешүүлөрдө өлкөнүн футбол клубдарын сатып алган деген айып менен сегиз адам кармалды.

Полиция кармагандардын арасында “ГТУ Тбилиси” футбол клубунун президенти Отар Шенгелия, “Чихуры” футбол клубунун мурдагы оюнчусу Давид Гендехадзе, букмекердик компаниянын өкүлү Оман Н, “Чхемирелы” футбол клубунун эки оюнчусу жана “Торпедо” клубунун мурдагы футболисти Гига да бар.

Футбол соодагерлери кармалганын 4-майда Ички иштер министрлигинин өкүлү Бека Жичоная билдирди. Кармалгандар төрт миңден сегиз миң долларга чейин акчага беттешүүлөрдүн жыйынтыктарын өздөрү пландагандай бүтүрүшчү. Алгач алар Грузиянын улуттук чемпионатына катышкан клубдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Сүйлөшүү бышкандан кийин алдын ала белгилүү жыйынтыктарга тууралап, букмекердик кеңселерге байге сайып, жеңген акчаны бөлүп алып турушкан.

Эгер кармалган спортчуларга коюлган айыптар далилденсе, ар бири кеминде алты жылга эркинен ажыратылат.

Ал арада Грузиянын Футбол федерациясы 5-майда атайын билдирүү жасап, анда тергөө менен тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.

Федерация өз билдирүүсүндө грузин полициясына ыраазычылык айтып, футболдогу коррупциялык схемага аралашкан бардык адамдар жоопкерчиликке тартылып, тиешелүү жазасын алат деген ниетин билдирген.

Дүйнөлүк футболдун тарыхында мындай окуялар көп эле кездешерин кыргызстандык футбол күйөрманы Азамат Батай айтат. Анын пикиринде, бул көз бойомочулук футболдун өтө чоң бизнеске айланганы менен байланыштуу.

- Бир нече жыл мурун Италиянын А сериясындагы жогорку лигасында “Ювентус” менен “Милан” командаларынын ортосунда дал ушундай алдын ала сүйлөшүлгөн беттештер болгону далилденген. Анын жыйынтыгында “Ювентус” 2005-2006-жылкы Италиянын чемпиону деген наамдан ажыратылып, төмөнкү лигага ыргытылган. Мындай матчтар айрыкча футбол акыркы жылдары чоң бизнеске айланып, айланасында ири суммадагы акча жүгүргөнүнө байланыштуу көп болууда. Букмекердик агенттиктердин буга түздөн-түз болбосо да кыйыр тиешеси бар. Сүйлөшүлгөн матчтардын көбөйүшүнө көбүрөөк акча таап алууну көздөгөн футболдун тегерегиндеги адамдар күнөөлүү. Менин билишимче, мындай соодалашууга клубдардын президенттери да аралашат.

Азамат айткандай, соодалашылган матчтар боюнча соңку айда эле бир нече сот процесси катталды. 29-апрелде Норвегия чемпионатынын үчүнчү дивизионундагы үч футболисти алты айдан сегиз айга чейин эркинен ажыратылды. Ослонун соту “Фолло” клубунун оюнчулары Дрин Шала жана Формоз Папе Менди аттуу оюнчулар менен “Аскер” клубунун футболисти Албан Шипшани оюнду алдын ала сүйлөшүп, акча алганын аныктаган.

Андан бир аз мурда, 16-апрелде Вьетнамдын футбол федерациясы «Донг Наи» деген жергиликтүү клубдун алты оюнчусун соодалашылган матч үчүн өмүр бою мелдештен четтетти. Өткөн жылдын июль айында «Донг Наи» клубу алдыда келатып эле күтүүсүз жерден «Куанг Нин» командасына 3:5 эсебинде утулуп калган. Иликтөөнүн жыйынтыгында клубдун капитаны жана беш оюнчусу өзүнө караштуу букмекердик кеңсесинде өз командасынын утулушуна чоң акча сайышканы белгилүү болгон.

“Футболдогу соода” соңку кезде көп каттала баштагандыктан Лозаннада өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынында соодалашылган беттешүүлөрдүн жана спорттогу коррупциянын бетин ачуу үчүн ишеним телефонун уюштуруу чечилди.

Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах мындай кадам дүйнөдөгү спорттун аброюн сактап калуу далалаты экенин айтты.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG