Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

"Bitte ein Bit". Немис сыналгысында ушул рекламаны көп жолуктурса болот. Кыргызчалаганда "бир "Бит" берип коюңузчу" деген маанини туюнтат. Байкагандырсыз, бул жолу сөз немистердин улуттук ичимдиги сыра жөнүндө болмокчу.

Германия сыраны көп ичкен өлкөлөргө кирет. Сыра ичүү немистер үчүн көп кылымдык салт болуп калган. Бул ичимдиктин өлкөдө көбөйүп, эл арасында таркашына орто кылымдарда монастырлар чоң роль ойногон. Себеби сыра монахтардын негизги ичимдиктеринен эле.

Ошондон улам бул улуттук ичимдикке айланып, немистердин майрамдары сырасыз өтпөйт жана бүгүнкү күндө сыранын миңдеген түрлөрүн тапса болот. Өлкө боюнча 1300дөн ашуун сыра чыгарчу заводдор бар, алардын жарымынан көбү Германиянын түштүгүндөгү Бавария аймагында жайгашкан. Өлкөдөгү эң чоң сыра майрамы "Октоберфест"(октябрь майрамы) деп аталат. Ал Мюнхен шаарында жыл сайын миллиондогон ички жана сырткы туристтердин катышуусунда өтүп турат.

"Тазалыктын мурасы"

Немистер жасаган сыра экологиялык жактан тазалыгы менен айырмаланат. Анткени алар 15-кылымда таза сыра жасоо боюнча мыйзам кабыл алып, ал "тазалыктын мурасы" деген атка конгон. Бул мыйзамга ылайык, сыра арпа, хумулус (хмель), ачыткы жана таза суудан гана жасалууга тийиш. Ошону менен бирге кошумча даам берчү химикалык заттар кошулбаш керек.

Октоберфест майрамында. Германия

Октоберфест майрамында. Германия

1980- жылдары бул мыйзам эркин соодага каршы келет деп жокко чыгарылганы менен, көпчүлүк сыра чыгарчу жайлар бул эрежени салт кылып бүгүнкү күнгө чейин карманып келет.

Немистерде эң биринчи 1040-жылдары Мюнхен аймагында сыра жасалып башталган. Азыркы убакта өлкө боюнча бул жеңил ичимдиктин 5000ден ашуун түрлөрү чыгарылат.

Бавариядагы негизги "тамак"

Өлкө боюнча сыра өндүрчү заводдордун жарымы Түштүк Германияда, атап айтканда Бавария аймагында. Жогоруда айтылгандай ,сыра чыгаруу салтынын башаты Баварияга барып такалат. Анткени бул жакта айыл-чарбасы жакшы өнүккөндүктөн арпа, сулу өздөрүнөн чыккан жана таза, какшыган мөлтүр суунун булагы болгон Альпы тоолору да бул аймакка жакын болгон. Ошондуктан аталган аймактын дээрлик ар бир шаарында жана чоң айылдарында сыра чыгарылат.

Германия канцлери Ангела Меркелдин пиво менен тост көтөрүп жаткан учуру.

Германия канцлери Ангела Меркелдин пиво менен тост көтөрүп жаткан учуру.

Жалпысынан Баварияда 700дөй ичимдик заводдору бар. Түштүк Германияда сыра "негизги тамак" деген тамаша сөз да бекеринен чыкпаса керек. Өлкөнүн ар бир регионунда өзүнчө рецепт менен жасалган уникалдуу сыранын даамын татып көрсө болот.

Жалпысынан алганда немис сырасы, ачыткы менен жасалган сыра (Hefeweizen, түштүк Германияда), сары сыра (Helles, Баварияда), жазгы жана күзгү сыра (сыранын майрамы жана Октоберфестке жасалат), кара сыра (Köstrizer Schwarzbier, борбордук Германияда жасалат жана күчтүү болот), бууга дымдалган сыра (Kölsch, Кольн шаары), буудайдан жасалган сыра (Schneider/Weizen, Бавария) болуп бир канча түргө бөлүнүп кетет.

Октоберфест

Германияда кандай гана майрам болбосун сырасыз өтпөйт. Сыранын өзгөчө эки чоң майрамын атаса болот. Бири - 23 апрелде майрамдалуучу сыра күнү. Бул майрам өзгөчө түштүк Германияда популярдуу жана бул күнгө байланыштуу атайын аз көлөмдө даярдалуучу сыранын түрлөрү даярдалат. Дагы бир эл аралык деңгээлде белгилүү Октоберфест майрамы бар. Бул майрам эки жумага созулуп, жыл сайын октябрь айында Мюнхен шаарында болот. Элдик майрамга атайын күчтүү сыра даярдалат жана ар жылы 6 миллиондой киши дүйнөнүн ар тарабынан атайын келишет экен.

Бул майрам 1810-жылы жергиликтүү ханзааданын үйлөнүү тою жана ат чабыш оюндары менен башталып, жыл сайын өтө турган сыра ичүү майрамына айланган.

Ошондон бери Октябрь майрамы эл аралык майрамга айланып, чет өлкөлүктөрдүн да кызыгуусун арттырып келет.

Баатыр Алымкулов, Германия

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG