Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Германия: кезектешкен анти-жүрүштөр


12-январда Дрезденде миңдеген антиисламчылар өткөн жумада Парижде болгон террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерип, демонстрацияга чыгышты.

Оңчул ПЕГИДА кыймылы жүрүштү германиялык бир катар саясатчылардын суранганына карабай өткөрдү.

Бул күнү Германиянын башка шаарларында ксенофобия жана исламофобияга каршы он миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар өттү.

ПЕГИДА же “Эски дүйнөнү исламдаштырууга каршы европалык мекенчилдер” деп аталган кыймыл Дрезденде уюштурган жүрүшкө, "Рейтерс" агенттигинин кабарлашынча, 25 миң адам катышты. Кара лента тагынган демонстранттар 7-январда Charlie Hebdo сатиралык журналына Парижде экстремисттер кол салганда өлгөн адамдарга тилектештигин билдирген жазууларды көтөрүп, “Биз адамбыз” деген ураанды кыйкырышты.

Мындай ураанды 1989-жылы Чыгыш Германияда болгон антикоммунисттик акцияга чыккандар кыйкырышчу. Ошондуктан антиисламчылардын оппоненттери аларды маршка чейрек кылым мурдагы жүрүштөрдөй маани берүүгө аракеттенүүдө деп сындашты.

Германиянын юстиция министри Хейко Маас антиисламчыл уюмду кандуу булоондон бир апта мурда эле чабуулда өлгөн журналисттерди “калпычы прессанын өкүлдөрү” деп каралашканын айтып, “эки жүздүүлөр” деп атады. Маас 11-январда ПЕГИДАга кайрылып, мусулмандарга каршы жек көрүүчүлүктү күчөтпөөнү жана Дрезденде мерчемделген көчө жүрүшүн өткөрбөөнү сураган.

Канцлер Ангела Меркел 10-январда Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу менен кездешүүдө “Ислам Германиянын бир бөлүгү” деп, өкмөт жарандарды динине карап бөлбөй турганын жаамы журтка даана айткан.

Пегидачылар исламга, Меркелдин өкмөтүнө, Евробиримдикке жана медиа каражаттарга нааразылыктарын билдиришти.

Германия: кезектешкен анти-жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:55 0:00

Ага удаа эле Дрезденде ПЕГИДАнын тарапкерлерине каршы демонстрация өттү. Германия качкындарды кабыл алуусун жактаган 7 миңдей митингчи антиисламчыларды нацисттик пропаганда жүргүзүүдө деп сындашты.

Антимитингдин катышуучусу, 22 жаштагы Нико Шадлих “Азаттык” радиосуна: "Биз жек көрүүчүлүктү каалабайбыз. ПЕГИДАнын жактоочулары качкындарды сүйбөйт. Башка адамдарга жардамдашуу адамдык парзыбыз. ПЕГИДА андай эмес деп ойлойм” - деген оюн билдирди.

12-январда Германиянын башка бөлүктөрүндө да ушундай акциялар өттү. Расмий маалыматтар боюнча, антиисалмчыларга караганда өлкөнүн ачыктыгын жана толеранттуулукту колдогондор ондогон эсе көп болду. Немистердин DPA агенттигинин маалымдашынча, немис эли өз уңгусун жоготууда деп, бөтөн элдердин жана мусулмандардын өлкөгө келүүсүн чектөөгө үндөгөн кыймылга каршы жүрүшкө бардыгы 100 миңге жакын жаран чыкты. Алсак, Мюнхенде ПЕГИДАны колдоп 1, 5 миңдей адам чыкса, толеранттуулукту жактагандар 20 миңдей болду; Лейпцигде аз сандагы антиисламчыларга каршы жүрүшкө 15 миңдей адам чыкты. Берлинде 400дөй пегидачы чыкса, толеранттуулукту жактагандар 4 миңдей болду.

Андан тышкары интернетте ПЕГИДАга каршы кол чогултула баштады. Бүгүнгө карай 410 миңден көп адам бул жараянды колдошту.

13-январда өлкө байтакты Берлинде Париждеги кандуу калабанын курмандыктарын эскерген жалпы элдик акция өткөрүлмөкчү. Бранденбург дарбазасынын алдында өтчү демонстрацияга канцлер Ангела Меркел, тышкы иштер министри Франк-Волтер Штайнмайер баш болгон өкмөт мүчөлөрү, Германиянын ислам коомунун өкүлдөрү катышары маалымдалган.

XS
SM
MD
LG