Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Германия PEGIDA уюмунун башчысын соттоодо


Луц Бахман сот жараянда. Дрезден, 19-апрель, 2016-жыл.
Луц Бахман сот жараянда. Дрезден, 19-апрель, 2016-жыл.

Германияда антиисламчыл PEGIDA кыймылынын негиздөөчүсүнүн үстүнөн сот башталды.

Европаны мусулман мигранттар капташына каршы демонстрациялары менен белгилүү болгон бул кыймылдын жол башчысын немис бийликтери чет элдиктерге каршы кастыкты козуткан, качкындардын ар-намысына шек келтирген деп айыптоодо.

"Патриот европалыктар Батыштын исламдашуусуна каршы" же кыскача PEGIDA деп 2014-жылы түзүлгөн кыймыл Германияда саясий турмуштун күн тартибине былтыр мигранттарга каршы демонстрациялары менен кирген эле.

Адегенде өлкө чыгышындагы Дрезденден башталган нааразылык акциялар кийинчерээк башка шаарларга да жайылган.

Кыймылдын лидери, 43 жаштагы Луц Бахман (Lutz Bachmann) расист эмесмин деп ырастаганы менен, былтыр Facebook социалдык тармагындагы баракчасында качкындарды “мал”, “таштанды”, “баш кесерлер” деп атаган болчу. Ушундан улам ага каршы кылмыш иш былтыр октябрда эле ачылган.

PEGIDAнын демонстрациясы. Дрезден, 19-октябрь, 2015-жыл.
PEGIDAнын демонстрациясы. Дрезден, 19-октябрь, 2015-жыл.

Немис прокурорлору Бахмандын сөздөрүн чет элдиктерге каршы кастыкты козутууга, коомдук тартипти бузууга, качкындардын абийир, ар-намысына кол салууга барабар деп баалаган.

- Дрездендин мамлекеттик прокурорлору аны козутуучулукка барганы үчүн айыптаган. Биз аны качкын макамын сурагандарды, качкындарды Фейсбуктагы комментарийлеринде кордогон деп да күнөөлөп жатабыз. Мыйзамда козутуучулук боюнча айыпталгандар үч айдан беш жылга чейин кесилери айтылган, - деди Дрезденде башталган сотто прокурор Лоренз Хаас.

Луц Бахман болсо өзүнүн үстүнөн башталган сотту саясий жүйөсү бар иш, “аны жана PEGIDA кыймылын дискредитациялоо” аракети катары мүнөздөөдө.

Буга чейин уурулукка, маңзаттарга байланыштуу жана алимент төлөбөгөнү үчүн айыпталган Бахман сот жараянда формасы адаттагыдан айырмаланган кара көз айнек кийип олтурду. Айрым байкоочулар анын бул кадамын немис медиасын келекелөө катары сыпатташты. Канцлер Ангела Меркелдин качкындар үчүн ачык эшик саясатына каршы PEGIDAчылардын аларды ишмердигин сындаган медиага карата көзү түз эмес.

Дрездендеги соттун алдына шейшемби күнү ондогон жактоочулары да чогулуп, алардын айрымдары “сотко Меркел келсин”, “Бахманга эркиндик” деген плакаттарды көтөрүп жүрүштү. Сот алдына PEGIDAга каршылар да барды.

Бахмандын сотко келген жактоочулары. Дрезден, 19-апрель, 2016-жыл.
Бахмандын сотко келген жактоочулары. Дрезден, 19-апрель, 2016-жыл.

PEGIDAнын демонстрацияларына былтыр миңдеген адамдар жыйналчу. Бирок, былтыркы жылдын жыйынтыгында Германия бир миллиондон ашуун мигрант жана качкын кабыл алганына карабай, байкоочулар баамында, кыймыл таянган социалдык катмар кыйла жукарды, PEGIDA азыр саясий сахнадан дээрлик кетти десе болот.

Бирок мигранттарга каршылардын жана ашынган улутчулдардын колдоосу азыр “Германия үчүн альтернатива” (AFD) партиясына көчкөндөй.

Бул саясий уюмдун өкүлдөрү жакында Германиянын аймактык сегиз парламентине өткөн жергиликтүү шайлоолордо орундарды жеңип алышты.

Немис бийликтеринде ашынган улутчулдар качкындарга кол салбайбы деген кооптонуу да жок эмес. Шейшемби күнү полиция Дрездендин жанынан беш адамды камакка алганы маалымдалды. Алар ашынган улутчулардын террордук тобун түзүп, башпаанек сурагандарга жардыруучу зат колдонуу менен кол салууну көздөгөн деп шектелүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG