Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Германия: Меркелдин чоң жеңиши


Германия -- Ангела Меркел шайлоо күнкү алгачкы экзит-полдун жыйынтыгынан кийин тарапкерлеринин алдында, 22-сентябрь, 2013.
Германия -- Ангела Меркел шайлоо күнкү алгачкы экзит-полдун жыйынтыгынан кийин тарапкерлеринин алдында, 22-сентябрь, 2013.

Германиядагы шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин коалициясы жеңип чыкты. Ангела Меркел Европа Биримдигиндеги финансылык кризистен өлкөнү аман алып чыкканы үчүн кеңири колдоого ээ болууда.

Шайлоонун алдын-ала санагы боюнча, Меркелдин консервативдүү Христиан-демократиялык биримдиги жана анын шериги Христиан-социалдык биримдик партиясы жекшембиде берилген добуштардын 41 жарым пайызын алды. Бул христиан-демократтардын 23 жылдан берки эң мыкты көрсөткүчү болуп калды. Меркелдин Германияны Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн далайын кыйраканга салган карыз кризисинен сактап калган эмгеги ушундайча бааланды.

Ошол эле убакта анын учурдагы коалиция боюнча шериги, бизнести колдогон Эркин демократтар партиясы парламентке кирүү үчүн зарыл болгон беш пайыздык чекти ала алган жок. Бул эркин демократтардын парламенттин төмөнкү палатасы болгон Бундестагга биринчи жолу кирбей калышы.

Шайлоо жыйынтыгына караганда, жаңы коалиция түзүү үчүн Меркел өз атаандашы, борборчул-солчул социал-демократтар менен чоң коалиция түзүүгө мажбур болот.

8.4 пайыз алган Жашылдар да коалицияга чакырылышы мүмкүн. Бирок Меркелдин коалициясы менен алардын саясатындагы чоң айырмачылыкты эске алганда, солчул багытты карманган бул экологиялык партиянын бийлик коалициясына кирээри күмөн туудурат. Жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр татаал болуп, бир нече аптага созулаары күтүлөт.

Германияда канцлер төрт жыл кызмат өтөйт. Меркел Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин үчүнчү мөөнөткө шайланган үчүнчү канцлер болуп калды. Буга чейинкилери согуштан кийинки биринчи өкмөт башчысы Конрад Аденауэр жана өлкөнү 1990-жылдагы Чыгыш Германия менен биригүүгө баш-көз болгон Хелмут Кол болгон.

Жекшембинин кечинде Берлиндеги жеңиш жыйынында Меркел колдоочуларына бул сөздөр менен кайрылды:

– Бактылуу болгула, бакыт бизге алдыдагы жылдардагы жылыштарга күч берет. Бизде көп жоопкерчилик бар, бирок биз аны аркалай алабыз. Баары жакшы болсун, ыракмат!

59 жаштагы Меркелдин жеңишине жумушсуздук жети пайыздан ашпаган күчтүү экономика огожо болду.

Ага салыштырмалуу Ирландия, Португалия, Италия, Греция, Испания, Францияда карызды жоюдагы өксүктөр жана жумушсуздук кризиси боюнча саясаты үчүн өкмөт башчылары бийлигин сактап кала алган жок.

Германия Европада экономикасы эң кубаттуу өлкө болуп саналат. Оор кризиске кептелген Грецияда Меркелдин өкмөтүн үстөмөндүк кылгысы келет деп күнөөлөшкөн. Анын Европа Биримдигинин чегинде кризистеги өлкөлөргө акчалай жардам берүүгө каршы чыгышы бир топ талаштуу болгон. Канцлер бул өлкөлөрдө мамлекеттик сарптоолорду кескин кыскартып, ушул багытта реформа жүргүзүүнү колдоп келет.

Европа Биримдигинин кеңешин жетектеген Херман Ван Ромпей Меркелди биринчилерден болуп куттуктап, ал «Европада гүлдөгөн турмуш куруу» аракетин уланта берет деген ишеним билдирди.

Франция, Британия, Белгия, Италия сыяктуу өлкөлөр да өз куттуктоолорун жиберишти. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да бүгүн Ангела Меркелди жеңиши менен куттуктаган кат жолдоду. Анда Меркелдин мындан аркы аракети Германия Федеративдүү Республикасын өнүктүрүүгө гана эмес, жалпы Европа Союзун дагы өнүктүрүүгө багытталаарына ишеним билдирилген.

XS
SM
MD
LG