Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Германияда жалпы улуттук шайлоо өтүп жатат


Шайлоо өнөктүгүнөн сүрөт: Германиянын канцлери Ангела Меркель бул жолку шайлоо өнөктүгү учурундагы билдирүүлөрүндө жалгыз анын партиясы өлкөнү кризистен чыгара алат деген билдирүүнү айтты
Шайлоо өнөктүгүнөн сүрөт: Германиянын канцлери Ангела Меркель бул жолку шайлоо өнөктүгү учурундагы билдирүүлөрүндө жалгыз анын партиясы өлкөнү кризистен чыгара алат деген билдирүүнү айтты

Алдын ала сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, Германиянын азыркы канцлери Ангела Меркель экинчи мөөнөткө да шайланып калышы ыктымал.

Бирок анын партиясы өкмөттү өзү жалгыз түзүү үчүн жетиштүү добуш албай калышы мүмкүн.

Европанын эң ири экономикасы жана калк жыш жайгашкан өлкөсү – Германияда – 62 млн.дон ашуун адам добуш берүүгө укуктуу.

Канцлер Ангела Меркелдин жетекчилигиндеги Христиан-демократиялык партия өкмөттү социал-демократтарсыз түзүү үчүн жетиштүү добуш албай калышы мүмкүн. Социал-демократтарды азыркы Тышкы иштер министр Франк Уолтер Штайнмайер жетектейт.

Бул эки партия өлкөнү 2005-жылдан бери бирге башкарып келатышат.

Ишембиде Берлинде өзүнүн колдоочуларынын алдында сүйлөп жатып, Ангела Меркель анын партиясы “Келечек муундагы немистердин жумуш оордулары үчүн күрөшүп жатканын”, дегеле анын жетекчилигиндеги партия “өлкөнү кризистен алып чыга ала турган жападан жалгыз партия экенин” айтты: "Ар бир добуш саналат. Бул эмне дегенди билдирет? Мен дагы бир ирет кайталап айтайын: Биз Германияда эң олуттуу экономикалык кризисти баштан кечирип жатабыз. Андыктан эртең, 27-сентябрда, биз Германияны андан тез аранын ичинде чыгаруучу жолду кура башташыбыз керек".

Дүйнөлүк саясатта болсо Меркелдин негизги эле машакаты – Ооганстан. Германия ал жакка 4 200 аскерин жайгаштырганына жети жыл болду, андыктан немистер узакка созулган бул аракет тууралуу нааразылык билдире башташкан.

Меркелдин негизги атаандашы Франк Уолтер Штайнмайер ишембиде Дрезденде сүйлөп, консерваторлордон ишеним кеткенин, “алардын аброю күндө турган балмуздактай эрий баштаганын” айтты. Анын ишениминде, Христиан-демократиялык партиянын салык саясаты карапайым элдин эмес, бизнес структураларынын кызыкчылыгын коргоого багытталган.

Германиядагы шайлоо пропорционалдык система менен өтмөкчү. Бундестагдагы 600 орун үчүн 29 партиядан 3556 депутат ат салышып жатат. Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы эртең эрте менен белгилүү болоору айтылууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG