Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

ТҮРКИЯЛЫК ТААНЫМАЛ ЖАЗУУЧУ ОРХАН ПАМУЛ АКТАЛДЫ


Түркиянын соту Батышта таанымал жазуучу Орхан Памукка коюлган доону жаратпай, жокко чыгарды. Калемгер “Түркияны маскара кылды” деп айыпталып жаткан жана сот жараяны 7-февралда улантылмак. Өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына тынчсызданып жаткан Евробиримдик соттун чечимин оң кабыл алды. Лекин, Түркияда башка дагы ондогон адамдар бу сыяктуу доо менен соттолгону жатканына көңүл бурду.

Орхан Памук былтыр батыштык журналдардын бирине берген интервьюда: “Бир миллион армян жана 30 миң күрт бул жерде (Түркияда) өлтүрүлгөн. Бул жөнүндө менден башка эч ким даап айта албайт”,-деп айткан эле. Жазуучунун бул сөзү Түркиянын Кылмыш кодексине каршы келет. Кодекс боюнча Ата журтту, парламентти жана башка мамлекеттик мекемени каралаган адам үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок, сот атактуу жазуучуну жаңы Кылмыш кодексине ылайыкпы же эски Кодекс менен соттоорун биле албай, масилээт сурап Адилет министрине кайрылган болчу. Министрлик Памукка коюлганн айыптоону колдобой койгондон кийин, Стамбулдун соту жазуучуга коюлган доону негизсиз деп таап, жараянды токтотту.

Кабарды Евробиримдик оң баалады.

–Түркиянын сот бийликтеринин, Кылмыш кодексинин 301-беренесине ылайык, Орхан Памук мырзага коюлган доону жокко чыгаруу чечимин колдойм. Бул Памук мырза, ошондой эле Түркиядагы сөз эркиндиги үчүн өтө жакшы кабар болду,- деп билдирди Биримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Олли Реен Тардион.

Орхан Памуктун күнөөсү, анын ырасмий көз карашка сыйбаган сөздү айтканында. Бийликтер Осмон империясынын акыркы жылдары армяндар атайылап кырылган эмес, бул көптөгөн түрктөрдүн да өмүрүн алган калабанын натыйжасы болду деп ырасташат.
Бул түркиялык улутчулдар ыйык күткөн маселе. Андыктан, 16-декабрда Орхан Памук алгач сотко чакырылганда, жазуучунун машинесине жумурткалар жаап, калемгердин ысмына “Чыккынчы!” деген айыптоолор айтылган.

Жазуучуну актоо-Евробримдикке кошулууга ынтызар Түркия үчүн да маанилүү. Брюссел Памук соттолсо, Анкара жалпы европалык баалуулуктарды кабыл алууга даяр эмес деп, Евробримдикке кабыл алуу боюнча сүйлөшүүгө жолтоо болмок. Соттун чечими Анкараны эл аралык коомчулуктун сындоосунан кутулду.
Бирок, эл аралык уюмдар өлкөдө Ата журтту, парламентти жана башка мамлекеттик мекемени каралады деп, соттолгону жаткан –Памук сыяктуу эл аралык коомчулукка белгилүү эмес- ондогон жазуучу жана журналисттер бар экенине көңүл бурушат.
Жазуучулардын Лондондогу Эл аралык Пен клубунун өкүлү Сара Вайэттин айтымында, түркиялык жазуучу-журналисттердин оюн корпой эркин билдирүүсүн чектген мыйзамды алып салуу зарыл:

-Бул кабар бизди кубантты. Бирок, ушундай эле доомат менен ушу тушта сотту күтүп жаткан жазуучулар жана журналисттер бар. Алар шарттуу жазага тартылган учурда да, биз Кодекстин соттун өкүмүн сындаган журналисттерди айыпка жыкчу 301- беренесин алып салынышын жана Түркияда чындап эле сөз эркиндиги болуусун каалайт элек.
XS
SM
MD
LG