Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Германия: улутчул партиянын исламга каршы чакырыгы


"Германия үчүн альтернатива" партиясынын курултайы. Штутгарт, 1-май, 2016-жыл.

"Германия үчүн альтернатива" партиясынын курултайы. Штутгарт, 1-май, 2016-жыл.

Германияда өлкөнүн улутчул жана антимигрантчыл саясий партиясы - "Германия үчүн альтернатива" (AfD) шайлоо манифестин жактырды. Анда ислам дининин бул өлкөгө тиешеси жоктугу баса белгиленип, анын жайылышына каршы бир катар чаралар сунуш кылынды. Ошол эле учурда азыр Германияда башкаруучу чөйрөнү түзгөн партиялардын өкүлдөрү улутчулдардын аракетин кескин айыпташты.

Үч жыл мурда уюшулган “Германия үчүн альтернатива” партиясы 2017-жылкы федералдык шайлоону утурлаган манифестин ушул дем алыш күндөрү Штутгарт шаарындагы курултайында бекитти.

Курултайга партиянын 2 миңдей активисти катышып, анда айтылган сөздөр менен жактырылган чечимдерди кол чаап, кубаттоо менен кабыл алып жатышты:

- Мага ачык айтууга уруксат бергиле. Дүйнөнүн бул бөлүгүндө үстөмдүк кылган маданият - ислам эмес, биздин христианчылык, Батыш маданияты. Эгер ушундай болсо азан чакыруу келечекте христиан чиркөөлөрдүн коңгуроосу жаңырып жаткан кезде кадимки эле көрүнүш катары карала албайт, - деди партиянын төрага орун басары Йорг Мойтен (Joerg Meuthen) курултайдагы сөзүндө.

Евроскептиктердин платформасында түзүлгөн “Германия үчүн альтернатива” партиясы былтыртан берки миграциялык кризисте калктын белгилүү бир катмарынан кадыр-барк тапканы белгилүү. Германиянын DPA агенттигинин жазганына караганда, партиянын шайлоо манифестинин мусулмандарга тиешелүүсү “Ислам - Германиянын бөлүгү эмес” деп аталды.

Курултайдын жүрүшү. 30-апрель, 2016-жыл.

Курултайдын жүрүшү. 30-апрель, 2016-жыл.

Документте Германияда мечиттердин мунараларына, алардын четтен келген акчага курулушуна, мектептерде кыздар менен аялдардын хижабчан жүрүүсүнө, малдын мусулман жана жөөт эрежелерине ылайык союлушуна тыюу салуу чакырыктары жазылды.

"Ислам биздин Конституцияны урматтабайт, атүгүл биздин укуктук системага, маданиятка шайкеш келбейт жана каршы" деп айтылат манифестте.

Улутчулдардын бедели

"Германия үчүн альтернатива” партиясы азырынча немис парламентине келе элек, бирок 16 аймактык парламенттин жарымына мүчөлөрүн өткөрө алды.

Коомдук пикирди сурамжылоонун учурдагы жыйынтыктары ал саясий күчтөр арасынан 3-орунга чыкканын, партияга эл арасында 14% чейин колдоо бар болгонун жана келерки жылдагы федералдык шайлоодо Бундестагга кире аларын көргөзүүдө. Ал эми канцлер Ангела Меркелдин бийликтеги Христиан-демократтар партиясы азыр 33%, коалиция боюнча өнөктөшү социал-демократтар 22% колдоого ээ.

Алар кокус “Альтернатива үчүн Германия” парламентке келип калса, коалицияга эч убакта кошпой турганын буга чейин эле ачыкташкан. Бирок улутчул партиянын төрайымы Фрауке Петри (Frauke Petry) парламентте азчылыкты эмес, көпчүлүктү көздөйбүз деп ырастады:

Фрауке Петри

Фрауке Петри

- Биз коомдо орун-очок алышыбыз керек, бизди мына ушул нерсе күчтөндүрөт. Келечекте биз кичүү өнөктөш же парламенттеги чакан оппозициялык партия катары калгыбыз келбейт. Биз көпчүлүктү алуу үчүн умтулабыз.

Бул аралыкта немис улутчулдарынын курултайы солчул демонстранттардын нааразылык акциялары менен да коштолду. Курултайды үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн 2000дей демонстрант полиция менен кагылышууга чейин барды:

- Бизди ишеним бириктирип турат. Биз бул партияны жоопсуз калтыра албайбыз. Ал расисттик гана эмес, изоляция, социалдык бөлүнүү саясаты менен алектенген саясий күч. Биз бөлүнүүгө жол бербейбиз жана тилектештердин коому үчүн бирге турабыз”, - деди Штутгартта улутчулдарга каршы чыккан демонстранттардын өкүлү Доминик Шмейсер (Dominik Schmeiser).

"Фанаттарга каршы фанаттар күрөшө албайт"

Мигранттар жана качкындар үчүн “ачык эшик” саясатын карманган канцлер Ангела Меркел улутчулдардын билдирүүлөрүн жана аракетин комментарийлегенде адатта Германия Конституциясы дин эркиндигин кепилдей турганын, көп учурларда исламдын Германияга да тиешеси бардыгын белгилеп келет.

Германия мусулмандарынын Борбордук кеңеши деген уюм болсо буга дейре улутчул партиянын ураан-чакырыктарын “бүткүл диний жамаатка каршы” жана “Адольф Гитлердикине окшош” деп сыпаттаган.

Улутчулдардын Плауэн шаарчасындагы жүрүшү, 1-май, 2016-жыл.

Улутчулдардын Плауэн шаарчасындагы жүрүшү, 1-май, 2016-жыл.

Азыркы өкмөткө оппозициядагы Жашылдар партиясынын лидерлерин бири, теги боюнча түрк саясатчысы Чем Оздемир (Cem Oezdemir) немис мусулмандары арасында да диний фанатизм бардыгын, бирок фанаттарга улутчулдардын каршы турушу туура эместигин айтат:

- Биз фанатизмге бет келип жатабыз, динде да, исламда да бар жана буга каршы чогуу чаран күрөшүүбүз керек. Бирок бул ишти “Германия үчүн альтернатива” партиясы жасаганы туура эместигинде эч шек жок. Фанаттарга каршы фанаттардын күрөшкөнү жарабайт.

Германия калкынын беш пайызын түзгөн же төрт миллиондой мусулмандын басымдуу бөлүгү - ал жерде узактан бери жашаган түркиялыктар. Ал эми өлкөгө былтыр кирген бир миллиондон ашуун мигранттар менен качкындардын басымдуу бөлүгү Сирия, Ирак жана Ооганстандан келгендер.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG