Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

АКШ: Майк Помпео ЦРУ жетекчилигине бекитилди


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШ Конгрессинин жогорку палатасы Борбордук чалгын кызматына (ЦРУ) Майк Помпеону бекитти.

Помпео АКШ Орусия алакасы начарлап, эл аралык терроризм күч алган убакта кызматка келди.

Ошол эле учурда америкалык маалымат каражаттары жаңы директор чалгын кызматындагылар менен Трамптын мамилесин калыбына келтириши керектигин жазышууда.

Атайын кызматтар 2016-жылдын декабрдында жарыялаган отчетунда шайлоо учурунда демократтарга хакердик чабуул коюу менен Орусия Трампка жардам берген деген бүтүм чыгарган. Трамп муну четке кагып, каралоо жүрүп жатканын айткан.

“Орусиялык хакерлердин максаты бир жагынан алганда Трамптын президенттик кампаниясына кол кабыш кылуу болгон деген чалгын коомчулугунун пикирине кошулам”, деди Помпео палатадагылардын суроолоруна жооп берип жатып.

53 жаштагы Помпео 2011-жылдан бери Канзас штатынан Өкүлдөр палатасында конгрессмен. Республикачылардын өкүлү.

Вест-Пойнттогу АКШ аскер академиясын, Гарвард университетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG