Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Транс Тынч океан АКШнын ордуна Кытайды кошкусу келет


Тынч океан чөлкөмүндөгү Австралия баштаган өлкөлөр эми Транс Тынч океан соода келишимине АКШнын ордуна Кытайды тартууну көздөөдө.

Кошмо Штаттардын жаңы президенти Дональд Трамп 23-январда аталган келишимден чыгуу боюнча жарлыкка кол койгон.

- АКШны жоготуу – чоң жоготуу. Буга эч күмөн жок. Бирок биз артка тартпайбыз. Кытайдын кошулууга потенциалы бар, - деди Австралиянын өкмөт башчысы Малкольм Тернбулл.

12 өлкө кирген соода келишимине жетишүүгө жети жыл корогон. АКШнын мурдагы президенти Барак Обама долбоорду кызуу кубаттап, Кытай үстөмдүк кылып бараткан аймактагы экономикалык лидерлигин бекемдөөнү көздөгөн эле. Трамп башынан эле андан чыгарын билдирип келген.

Бул соода келишиминдеги товар жүгүртүү АКШны кошкондо дүйнөлүк сооданын 40% түзөт деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG