Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

"Дордой" АФК-2017 кубогунун тайпалык мелдешинде ойнойт


«Хосилот» жана «Дордой» футболдук клубдарынын беттеши. 28-февраль, 2017-ж. Дүйшөмбү шаары. Тажикстан.
«Хосилот» жана «Дордой» футболдук клубдарынын беттеши. 28-февраль, 2017-ж. Дүйшөмбү шаары. Тажикстан.

Бишкектин «Дордой» футбол клубу Азиянын футбол конфедерациясынын 2017-жылдагы кубогунун тайпалык этабына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады. Кабарларга ылайык, бишкектиктер Тажикстандын «Хосилот» клубунан эки беттештин жыйынтыгында алдыга чыгышты.

Эки команданын аталган кубоктун экинчи тандоо оюндарынын алкагында болгон жооптук беттеши бүгүн Дүйшөмбү шаарында өтүп, 1:1 эсебинде аяктады.

Буга чейин бир жума мурда Ош шаарында болгон биринчи беттеште бишкектиктер 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

«Дордой» оюнчулары АФК-2017 кубогунун биринчи тандоо мелдештеринде Түркмөнстандын «Балканабад» клубун эки оюндун жыйынтыгында 3:1 эсебинде утуп алган эле.

«Дордой» клубу АФК-2017 кубогунун тайпалык мелдешинде «Истиклол» (Тажикстан), «Алтын Асыр» (Түркмөнстан) жана «Алай» (Кыргызстан) клубдары менен D тобунда ойнойт. Тайпалык тандоо мелдештеринин биринчи оюну 14-мартта башталат.

Бул күнү «Дордой» футболчулары Тажикстандын "Истиклол" клубу менен конокто ойношот. Ушул эле күнү Ош шаарында өз талаасында Кыргызстандын чемпиону "Алай" клубу Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» клубу менен беттешет. (ECh)

XS
SM
MD
LG