Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Германиядан уурдалган машиналар Душанбеден табылды


Тажикстан -- Душанбенин көчөсүндөгү автотыгын, 18-июнь, 2014.
Тажикстан -- Душанбенин көчөсүндөгү автотыгын, 18-июнь, 2014.

Германиянын маалымат каражаттары уурдалган машиналар тууралуу журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда бир топ машиналар Тажикстандан табылганы айтылат. Алардын ичинде футбол оюнчусу Отто Аддонун 80 миң еврого сатып алган темир тулпары да бар.

Германиянын Sueddeutsche Zeitung басылмасы “Люкс классындагы машиналарды экспорттоо” деген аталышта журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Иликтөө ARD Panorama телеканалы менен бирге жүргүзүлгөн. Макаланын автору Кристоф Каденбах Берлиндин криминалдык полициясынын маалыматына таянып, уурдалган автоунаалардын көбү Тажикстандан табылганын жазды.

Мисалы Боруссия-и Дортмунд футбол командасынын оюнчусу Отто Аддо Душанбенин көчөлөрүн кыдырып жүрүп өзүнүн машинасын тааныган. Аддо Range Rover үлгүсүндөгү автоунаасын 2011-жылы 80 миң еврого сатып алган. 2013-жылы футболчунун темир тулпарын үйүнүн алдына токтотуп койгон жеринен уурдап кетишкен. Машинанын алдыңкы айнегинде HH G 2555 деген сандар жазылып, автомобилдин экологиялык параметрлери тууралуу маалыматтар бар жашыл белги жармаштырылган болчу.

Sueddeutsche Zeitung басылмасы Германиядан уурдалган автоунаалар кантип Тажикстанга барып калды, аны сатып алган жаңы кожоюндары кантип коркпойт деген суроого жооп издегенге аракет кылган. Анткен менен Range Roverдин жаңы кожоюндары дагы, аны уурдап саткандар дагы машинанын эч бир жерин өзгөртүшкөн эмес. Жада калса айнектеги жашыл белгини да сыйрып коюшпаганы макалада айтылат.

Тажикстандык Хайриддин Назаров Германия, Польша, Голландия жана Латвиядан машина ташыйт. Ал сырттан алынып келинген автоунаалар катуу текшерүүдөн өтөрүн белгиледи:

- Биз Европа базарынан машина алганыбызда биринчи кезекте документтерин текшеребиз. Андан кийин кузов жана башкаларды карайбыз. Автомобилди Тажикстанга алып келатканда ар бир чек арада текшерет, бизди көзөмөлдөйт. Документтерин талап кылат.

Журналист Берлин кылмыш полициясынын кызматкерлерине таянып, машиналардын басымдуу бөлүгү Берлинден уурдалганын жазды. Эң көп BMWнын Х6 модели уурдалган. 2012-жылы камсыздалган 1000 машинанын 26сы ушундай жол менен башка өлкөгө чыгарылган.

Юстиция маселелери боюнча сенатор Томас Хайлмандын айтымында, Берлиндин кылмыш полициясы башкармалыгы 2011-жылдан 2013-жыл аралыгында автомобилдердин уурдалып, Тажикстанга өтүшүн иликтеп чыккан. Башкы прокуратура тажикстандык кесиптештерине уурдалган машиналарды конфискациялап, Германияга кайта жөнөтүү боюнча өтүнүч кат жөнөткөн. Бирок сенатор бул ишке ашпай жатканын белгиледи. Качан гана федералдык өкмөт жардам катары кайрылып, бул маалыматтар Германия басылмаларында жарыяланган соң Тажик бийлиги маселени өз ара иликтей баштаган.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазан Рахимзода немис журналисти менен жолугушкан учурда Тажикстанда миңдеген уурдалган машиналар бар деген маалыматты негизсиз деп атады. Бирок милиция 2011-жылдан бери Германиядан уурдалып алынып келинген 78 автомобил катталганын моюнга алды. Министр Рахимзода бир нече автоунаа, анын ичинде BMW-X6 үлгүсүндөгү 5 машина Германияга кайра жөнөтүүгө даярдалып жатканын кошумчалады.

Өткөн жыл соңунда Германиянын маалымат каржаттары тажик президенти Эмамоли Рахмондун жакындары Германиядан уурдалган машиналар менен иштей турганын жазып чыккан эле. Sueddeutsche Zeitung футболчу Отто Аддонун уурдалган жол тандабасы Душанбеде, президенттик сарайдан анча алыс эмес, совет учурунда курулган үйлөрдүн алдына токтоорун жазды. Бирок макаланын автору Кристофер Каденбах.уурдалган унааны президенттин туугандары айдайт деп кесе айтуу кыйын экенин жазат.

Европадан уурдалган автомобилдер КМШнын башка өлкөлөрүндө да бар экени айтылып жүрөт. Мисалы Кыргызстанда өткөн жылы сырттан уурдалган 11 машина кармалган.

Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын өкүлү Марс Дүйшеев буларды билдирди:

- Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен бирдикте 2013-жылы жалпысынан уурдалган 11 машинаны кармадык. Алар Орусиянын аймагынан уурдалып алынып келинген.

Эксперттер машинаны сатып аларда маичилер менен бирге документтерди дыкат текшерүүнү сунушташат.

Каденбах буга чейин жергилктүү маалымат каражаттары Тажикстандагы кызыктуу саякаттар, Памир тоолору жөнүндө жазып келсе, эми уурдалган автомобилдер тууралуу окуя абалды өзгөрткөнүн белгилеген.

XS
SM
MD
LG