Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Орусия: Интернеттин баасын биз көтөргөн эмеспиз


Бул тууралуу Орусиянын монополияга каршы федералдык кызматынын башчысы Игорь Артемьев монополияга каршы күрөшүү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн жана мамлекеттер аралык кеңештин жыйынында билдирди. Ал бул маселе боюнча кыргызстандык провайдерлер өзүнө кайрылышканын маалымдап, Орусия казакстандык провайдерлерге бааны көтөрбөгөнүн белгиледи.

Артемьевдин айтуусунда, Орусия Казакстанга интернет трафигинин 1 Мбит 1 доллардан сатып келе жатканын айтып, орусиялык компаниялар “Транстелеком" да, "Ростелеком" да бааларды өзгөртпөгөнүн белгиледи.

Казакстан тарап Кыргызстанга интернет трафигин 1 Мбитин 12-15 доллардан сатып келген, жакынкы аралыктан бери казакстандык провайдерлер бааны 25-30 долларга чейин көтөрүүнү көздөшкөн. Бул Кыргызстандын монополияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан антимонополдук мыйзамдарды бузуу аракети катары бааланып, аталган агенттик Казакстандын монополияга каршы күрөшүү кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Казак тарап интернеттин баасы жана ылдамдыгы мурунку калыбына келтирилерин убада кылып, бул үчүн эки тараптын интернет провайдерлери макулдашууга тийиштигин маалымдаган.

Кийинчерээк казакстандык провайдерлер Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясына бааны Орусия көтөргөнү үчүн кымбаттатууга барышканын маалымдашкан эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG