Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

ЕАЭБ экономикалык комиссиясы интернет баасын көзөмөлдөйт


Бул тууралуу аталган комиссиянын атаандаштык жана антимонополиялык тескөө боюнча коллегиясынын мүчөсү Нурлан Алдабергенов кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди. Алдабергенов казакстандык провайдерлер интернеттин баасын көтөргөнү тууралуу кыргыз тараптын берген арызын комиссия карап жатканын маалымдап, антимонополиялык мыйзамдарды бузуу жана бааны негизсиз көтөрүү аныкталса, комиссиянын андай компанияларга жаза айып салуу менен бул маселени чечүүгө ыйгарым укугу бар экенин белгиледи.

Ал эми Кыргызстандын антимонополиялык тескөө агенттигинин башчысы Болсунбек Казаковдун өкмөт башчыга берген маалыматы боюнча, октябрдын башында бул маселе Алматыда каралат. Анын айтуусунда, дүйнөлүк базарда интернеттин баасы төмөндөөдө жана казакстандык провайдерлерге Орусия тараптан интернет кымбаттатылган эмес.

- Баа мурдагыдай эле 1 мегабит интернетке 1-1,5 АКШ доллары болуп жатат,- деп билдирди Болсунбек Казаков.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Казакстандык провайдерлер 10-сентябрдан тарта интернеттин баасы үч эсе көтөрүлөрү тууралуу кыргызстандык провайдерлерге кабарлашкан. Алар буга интернет орусиялык провайдерлер тарабынан кымбаттаганын негиз кылышкан. Орусиялык провайдерлер бааны көтөрбөгөнүн, интерент трафигинин 1 мегабити мурункудай эле 1 доллар наркында сатылып жатканын Орусиянын антимонополия кызматы да бекемдеген.

Казакстандык провайдерлер Кыргызстанга саткан интернеттин 1 мегабитинин баасы 12-15 доллар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG