Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Мискенбаев мандатын тапшырат


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев мандатын тапшырат. Бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, парламент саясий оюндардын чордону экенине ишенгенин, мындан улам депутаттыктан кетерин билдирди. Бирок президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын колдоону уланта берерин айтты.

“Депутаттык – мен үчүн эмес экен”,- деп белгилеген Мискенбаев мындан ары өзүнүн коомдук бирикмесинде “Айкөл Ала-Тоо” 2010-жылдын 7-апрелинде жабыр тарткандардын укугун коргоо менен алектенерин айтат. Анын жардамчысы муну “Азаттыкка” бышыктап, депутат мандатын бүгүн тапшырарын маалымдады.

Мээрбек Мискенбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон соң мандат алган. Бир жыл аралыгында Жогорку Кеңештеги бир катар билдирүүлөрү коомчулуктун сынына кабылды. Айрым сунуштарынан улам кесиптештеринен жана спикерден жеме уккан учурлары болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG