Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:00

Германиянын парламенти 1915-жылы армяндардын массалык өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныган чечим кабыл алды. Ал чечим Түркиянын ачуусуна тийип, Анкара Германиядан элчисин чакыртып алды. Түрк бийлиги мындай чечим эки мамлекеттин мамилесине терс таасирин тийгизерин эскерткен.

1915-жылы Осмон империясы учурунда армяндардын кырылуусуна байланыштуу маселе Түркия үчүн абдан оор жана улуттук сезимге катуу тийген маселе болуп келет. Ошондуктан ал окуяны геноцид деп таанууга кескин каршы.

Бирок ага карабай, 19 мамлекет, алардын арасында Франция, Бельгия, Италия, Орусия, Канада, Аргентина жана Уругвай 1915-жылдагы окуяны геноцид деп тааныган. Эми алардын катарына Германия кошулду. Бул өлкөнүн төмөнкү палатасы 2-июнда Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда армяндардын кырылышын геноцид деп тааныган чечимин кабыл алды.

Германия Бундестагынын төрагасы Норберт Ламмерт чечимге бир гана каршы добуш берилгенин маалымдады:

- Мен талкууну жабам. Биз, ХДС/ХСС, СДПГ жана Жашылдар партиясы сунуштаган, “1915-1916-жылдары армян жана башка христиан азчылыктардын геноцид болгонун эскерүү” деп аталган "8613 документине" добуш берүүгө келдик. Добуш берүүгө байланыштуу бир катар жеке пикирлер бар. Биз аларды протоколго тиркейбиз. Ким чечим кабыл алууга добуш берет? Ким каршы? Ким бир чечимге келе элек? Ошентип, калыс бирөө, каршы бирөө, Бундестагдын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынды.

Армян тарап немис парламентинин чечимин кубаттоого алды.

1915-жылы Түркияда 1.5 млн армян кырылган жана Сириянын адам жашоого кыйын болгон чөлүнө сүрүлгөн деп айтылып келет. Бундестаг мындай чечим кабыл алар замат Анкара Германиядагы элчисин кеңешүүгө чакырып алды.

Президент Режеп Тайип Эрдоган немис парламентинин чечими эки өлкөнүн андан аркы мамилесине олуттуу таасир этерин эскертип, Германиядан элчи чакыртылып алынганын билдирди:

Режеп Тайип Эрдоган

Режеп Тайип Эрдоган

- Мен, урматтуу өкмөт башчы Бинали Йылдырым менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Анын биринчи жыйынтыгы, Түркиянын Германиядагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган чечим болду.

Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым немис парламентинин чечимин катачылык деп, түрк тарыхында андай окуя болгон эмес деди:

- Түрк элинин тарыхы ачык. Анда биз башыбызды жерге салып, бушайман боло турган окуя болгон эмес.

Түрк тарап 1915-жылдагы окуяны саясатчылар эмес, тарыхчылар иликтей турган маселе катары атап келет. Ошондой эле бир кылым мурунку окуяда 300 миңдей армян өлгөн, анда армяндар эле эмес, осмон-түрктөрү да массалык өлүмгө учураганын айтып келет.

Германия парламенти чечим кабыл алгандан кийин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу "немистер өзүнүн кара тарыхын “жоопкерсиз жана негизсиз” чечим менен жабууну көздөп жатат" деп билдирди.

Түркия менен Германия мамилеси акыркы кезде миграция маселесине байланыштуу бирде жакындап, бирде алыстап турат.

Европа Биримдигинин эң алдыңкы мамлекеттеринен болгон Германия Европага агылган качкындарды токтотуу максатында Түркия менен келишимге жетишүүнү демилгелеген. Натыйжада миграция маселеси боюнча Европа Биримдиги жана Түркия келишимге жетишкен. Ага ылайык Анкара Европага мыйзамсыз барган мигранттарды кайтарып алууга макул болгон. Ал эми Биримдик түрк жарандарына виза режимин жеңилдетүү милдетин алган.

Түркияга ошондой эле терроризмге байланыштуу мыйзамдарын жумшартып, террорчулуктун критерийлерин так аныктоо талабы коюлган. Бирок эки тараптын келишими дал ушул жерге такалып, Түркия Европа Биримдигинин бул талабын аткара албасын билдирген. Мына ушундай кыйчалыш жагдайда Түркиянын мурунку өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу кызматынан кетүүгө да аргасыз болгон.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG