Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Суу-энергетикалык саясаттын багыты талашка түшүүдө


Ушул тапта өлкөдөгү энергетикалык кыйын кырдаалдын алкагында жалпы эле энергетика тармагын өнүктүрүү багыты боюнча талаштар кызуу жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары баш болгон жоон топ альтернативалык энергия булактарын алуу жолдорун ойлоно баштоо керектигин, ал үчүн ТЭЦтерди, күндөн электр булагын алуучу станцияларды куруп баштоо керектигин айтышса, башкалары мындай пландар жакынкы келечекте ишке ашпасын, андыктан өлкөдөгү чоң дайраларга ГЭСтерди курууну улантууну сунушташат.

Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун айтымында, кандай гана альтернативдик энергия булактары болбосун, алардан чыккан электр кубаты ГЭСтерден алынган электрден алда канча кымбатка турмакчы. Андыктан бул багытты өнүктүрүү үчүн министрлик даярдаган мыйзам долбоорун кабыл алуу керек:

- Күндүн энергиясы болобу, шамалдыкыбы же био энергия болобу, алар баарыбир ГЭСтен чыккан энергияга караганда кымбат. Ошондуктан көп инвесторлордун бул тармакка акчасын жумшаганга кызыкчылыгы жок. Ошол себептен мамлекет аларга материалдык жеңилдиктерди берип, салыктан бошотобузбу же алар чыгарган электр энергиясын бир белгиленген баада сатып алууга кепилдик беребизби? Ушулар каралган мыйзам долбоорду өткөрүп алсак бул тармак өнүгө баштайт.

Айрым адистер электр энергиясы бир гана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө көз каранды болбошу керектигин, ошол себептүү көмүр кендеринин жанында ТЭЦтерди, чакан ГЭСтерди куруу керектигин айтышат. Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдырасаков болсо, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн кармоо үчүн Нарын дарыясынын жээгинде миңдеген бургулоолорду жүргүзүүнү да сунуштоодо:

- Минге жакын бургулоо иштерин Нарын дарыясынын жээгинде жасашыбыз керек. Эгер аны бургулап койсок, Нарын дарыясында суу аз болуп, кургакчылык болуп калса, ошол бургулоолорду колдонуп Нарын суусун жана Токтогулду толтурушубуз керек. Кошумча электр энергиясын алуу жолдорун колдонуп, электр алышыбыз зарыл. Чакан ГЭСтерди салышыбыз керек.

Экономикалык саясат боюнча эл аралык эксперт Базарбай Мамбетов, “кошумча электр энергиясын алуу үчүн көмүр менен иштеген ТЭЦтерди, атомдук электр станцияларын куруу керек, суунун азайып кетпеши үчүн бургулоо иштерин жүргүзүү зарыл” деген сыяктуу сунуштарды суу кечпеген кептер катары баалайт.

“Аны коюп дарыяларыбызга башка ГЭСтерди куруп алышыбыз керек”,- дейт ал:

- Биздин өлкөдө гидро энергетикалык ресурстарыбызды колдонуп, ар дайым агып туруучу энергия булагыбызды 5 эле пайызга колдоно албай, ГЭСтерди кура албай атсак эмне үчүн атомдук электр станциясын курушубуз керек? Уранды кайдан алмак элек? Эмне үчүн биз көмүр кендерине ТЭЦ курушубуз керек. Көмүрдү казып алып, аны жагып анан электр энергиясын алышыбыз керек экен да. Бул деген болбогон кеп да. Биз ар дайым тоодон агып аткан дарыяларыбызга ГЭСтерди курушубуз керек. Нарын, Чаткал, Кара дарыя, Ак-Буура, Сары-Жаз, Эңилчек, Куршаб сыяктуу дарыяларыбызга курушубуз керек. Борбор-Азиянын келечектеги энергетикалык рыногу Кыргызстандагы ГЭСтердин негизинде болмокчу.

XS
SM
MD
LG