Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Оюнчук соодасындагы миллиарддар


Дүйнөдө оюнчук өндүрүү жаатында Кытай биринчи оорунда турса, Европа биримдиги экинчи сапта. 2012-жылы глобалдык оюнчук соодасында 84 миллиард доллар суммасындагы капитал айланган.

Европада жылына орто эсеп менен 16 миллиард евро суммасындагы оюнчук сатылат.

2013-жылдагы Американын улуттук статистикалык маалыматы боюнча, ар бир балага АКШда жылына оюнчук үчүн 320 доллардан сарпталаары аныкталган. Ошондо бул өлкөдөгү орточо оюнчуктун бир даанасынын баасы 9 доллар катары эсептелген. Негизи эле Америка дүйнөдө өндүрүлгөн оюнчуктун 21,8 процентин сатып алып, кардарлардын көпчүлүгүн түзөт.

Европа комиссиясынын “Enterprise and Industry” расмий журналынын маалымдоосу боюнча, Европа биримдиги оюнчук чыгаруу жана аны соодалоо боюнча Кытайдан кийинки эле оорунда турат. Азыркы тапта дүйнөдө сатылып жаткан оюнчуктардын 28 проценти Европада өндүрүлүп, бул тармакта жыл сайын 16 миллиард евродон кем эмес акча айланууда. Бул сумма 2016-жылга чейин 4,5 процентке өсөрүн белгилешет аталган журналдын аналитиктери.

Европанын оюнчук чыгаруу тармагында 5 миң 300 компания 51 миң жумушчусу менен иш алып барат. Алардын кардарларынын жашы жаңы төрөлгөндөн баштап 9 жашка чейинки наристелер. Германия, Италия, Испания Европадагы оюнчук чыгарган эң ири компанияларга ээ. Оюнчуктардын Европада мынчалык деңгээлде көп сатылуусун окумуштуулар бул аймактагы 14 жашка чыга элек балдардын саны 80 миллиондон ашуун болуусу менен түшүндүрүшөт. Бирок бул өлкөлөрдө оюнчук чыгаруучу компаниялар менен сатуучу фирмалар товардын коопсуздугуна, ыңгайлуулугуна жана акыркы заманбап мультик каармандарынын оюнчуктарын чыгарууга өзгөчө көңүл бурушат.

Ал эми дүйнөдө оюнчукту эң көп сатып алган өлкө статусун алган Америкада ар бир үй бүлөдөгү 14 жашка чейинки балага сатып берген оюнчуктун суммасы 320-350 доллардын тегерегинде деп билдирет Американын мамлекеттик статистика порталы. Акыркы мезгилде смартфон, планшет сыяктуу электрондук каражаттардагы санариптик оюндарды онлайн сатуу бизнеси да өнүктү дешет аналитиктер. Орусияда акыркы мезгилде балдардын саны кескин азайып кеткендиктен, оюнчук базарындагы киреше Европа менен Америкага салыштырмалуу аз. Мындан тышкары, Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө да балдарга оюнчук сатып берүү Жапония же Австралияга салыштырмалуу аз учурайт.

Кыргыз балдарынын оюнчугу канча сом?

Кыргызстанда ар бир балага жыл сайын канча сомдук оюнчук сатып берери буга чейин изилденген эмес. Бизге оюнчук негизинен Кытайдан ташылат, жергиликтүү оюнчук өндүрүүчүлөр дээрлик жокко эсе дешет ата-энелер.

Бишкекте оюнчук сатуучусу
Бишкекте оюнчук сатуучусу

Төрт баланын апасы, педагог Айша Курбанова жаңы жылдык майрамдардын алдында балдарына оюнчук сатып берүүгө эки миң сом коротконун, бул үчүн ал атайын дүкөнгө эмес, "Дордой" базарына эле барганын айтат:

- Кыргызстанда сатылып жаткан оюнчуктардын, мен билгенден 90-95 пайызы Кытайдан келет. Биздин өзүбүздүн жергиликтүү ишкерлер чыгарган деле оюнчуктар бар, бирок алар аябай аз санда, анан элдин баарына жеткиликтүү эмес. Мисалы, менин төрт балам бар. Эң улуу балам он беште, ага оюнчук сатып бербейм. Калган үч балама "Дордойдогу" кытайдын эле оюнчуктарынан алып берем. Мисалы, быйыл жаңы жылдык майрамда балдарыма оюнчук үчүн болжол менен эки миң сомдой акча короттум. Кыздарыма куурчак, уулума машине алып бердим.

Дүйнө жүзүндө сатылган оюнчуктун суммасын чыгарып, бөлүштүрө келгенде ар бир балага 70 долларлык оюнчук туура келет. Жылына Америка Кошмо Штаттарында эле 3 миллиард даана оюнчук сатылып, андан түшкөн киреше 22 миллиард доллар болууда. Оюнчук чыгарган Alabama же Wyoming сыяктуу ири компанияларда 618 миңден ашуун киши эмгектенет. Алардын жалпы маянасынын суммасы 27 миллиард долларга барабар деп белгилейт бул өлкөнүн статистика порталы.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG