Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Аялдар менен эркектер ортосундагы саясий-экономикалык теңчилик 21-кылымда деле олуттуу маселе бойдон калууда.

Конституция боюнча аялдар жана эркектер бирдей укукка ээ болушса да андай жобо көпчүлүк өлкөлөрдө сакталбайт. Бирок акыркы мезгилде гендердик теңчиликте көңүл жубатар прогресс да болууда, деди БУУнун Женевадагы кеңсесинин адиси Зейна Хилал айым:

- Гендердик теңчиликте оң жылыштар болууда. Бирок прогресс өтө жай жүрүүдө жана саясаттагы реалдуу теңдикке жеткенге чейин али узак. Бүгүн дүйнө өлкөлөрүн алсак, аялдар улуттук парламентте 22 процентти түзөт. Аз болсо да бул оң жылыш. Себеби, бир нече жыл илгери алар парламентте алда канча аз болчу. Деген менен саясатта гендердик теңдикке жетиштик деп айта албайбыз.

Зейна Хилалдын сөзүн Швейцариянын ошол эле Женева шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун 28-октябрда жарыялаган көлөмдүү изилдөөсү да тастыктайт. Изилдөөдө гендердик теңчилик адаттагыдай эле төрт багыттын негизинде аныкталат. Атап айтканда, аялдар менен эркектердин экономикага катышуусу жана алардын эмгек базарындагы абалы, билим алуу мүмкүнчүлүгү, ден соолугу жана өмүрүнүн узундугу, ошондой эле аялдардын саясий турмушка катышуусу.

Жогоруда саналган кайсы бир категорияда аялдардын эркектерге караганда мүмкүнчүлүктөрү төмөн болсо, бул гендердик ажырым бар экенин күбөлөйт. Мындай өлкөдө аялдар эркектер менен бирдей укукка ээ эмес, аялдардын саясий-экономикалык, социалдык-маданий ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү да төмөн.

Мисалы, Швейцариянын эң бай Цюрих кантонунда аялдардын маянасы эркектерге салыштырганда орто эсеп менен 24 процентке төмөн. Ал эми финансы секторундагы айрыма 32%. Бул швейцариялык аялдарда эркектерге караганда жакырчылык коркунучу чоң дегенди билдирет. Швейцариялык кыз-келиндердин 75 проценти өз алдынча жашоону баштаганда негизинен 11 кесиптин бирин тандаса, уландардын тандоо мүмкүнчүлүгү андан эки эсе көп.

Байдын байпагы манат, бечаранын чөнтөгү тайкы

Эл аралык абройлуу уюмдардын изилдөөлөрү коомдогу социалдык теңсиздик байлар жана кедейлер ортосундагы ажырымдын өсүүсү менен коштолгонун да ырастайт. Алсак, бүгүн дүйнөдөгү эң бай адамдардын 1 проценти дүйнөдөгү мал-мүлктүн дээрлик теңине ээ. Бул жөнүндө Лондон шаарындагы Oxfam эл аралык изилдөө бирикмесинин улук адиси Эмма Сиеринин сөзү:

Москвалык бай кардарлар зер буюмдардын жармаңкесинде. 2006-жыл.

Москвалык бай кардарлар зер буюмдардын жармаңкесинде. 2006-жыл.

​- Биз акыркы 30 жылда өтө байлар менен жардылар ортосундагы теңсиздик жана ажырым чоңойгонун көрдүк. 10 адамдын жетөө байлар жана жакырлар арасындагы ажырым чоң өлкөлөрдө жашайт. Өткөн аптада Credit Suisse финансы компаниясы жарыялаган изилдөөгө караганда, байлардын тизмесинин башындагы кишилердин 10 проценти дүйнөлүк байлыктын 48 процентине ээ. Ошондой эле эң бай бир процент адам дүйнөдөгү байлыктын теңине жакынына ээ. Биздин Oxfam институту мындай жагдай туура саясат жана саясий милдеттенмелер аркылуу өзгөртүлүшү керек деп эсептейт. Саясий жана экономикалык күчтөр теңсиздикти тез өнүктүрүп, байларды ого бетер байытууда. Буга рынок фундаментализми жана элитанын саясатты менчиктеп алуусу тийиштүү деңгээлде тескелбегени негиз болууда. Бай элитанын өкмөткө таасири өтө күчтүү болгондуктан эрежелер алар үчүн ыңгайлуу кылып жазылган. Ошондуктан өкмөт бай компанияларга жана адамдарга менин жана сиздин үй-бүлөңүзгө салыштырганда аз таасир этет.

“Мындай социалдык теңсиздиктен баарынан мурда ким жапа чегет?” деп сураганымда Эмма Сиери айым кайрадан эле бей-бечаралар көп жапа чеккенин айтты:

- Бул эң сонун суроо. Дүйнөдө эң жардылар өтө чоң жапа чегүүдө. Дүйнөдө татыктуу жумуш жана татыктуу маяна албаган адамдар өтө көп. Алардын дасторкону да жарды, балдары мектепке да бара албайт. Мындай көрүнүш негизинен кедей мамлекеттерге мүнөздүү. Теңсиздиктен жана дискриминациядан жакырлар көп жабыркашат. Мисалы, Эфиопияда жарды аялдар кыштак жерлеринде жашайт, алардын мектепке баруу мүмкүнчүлүгү шаар жеринде жашаган бай эркектерге салыштырганда алты эсе төмөн. Бул химиялык реакцияга окшош: айрым адамдар чөгүп баратса, башка адамдар жыргап жашайт.

Жарды жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдү кой, Европанын экономикалык дөө-шаасы Германияда ар бир алтынчы жарандын эшигин жакыр болуп калуу коркунучу каккылап турат. “Таймс” журналынын жазышынча, 13 миллион германиялык бир жылда 11 749 еврого жетпеген киреше табат. Бул өлкөдөгү орточ эмгек акынын 60 процентине барабар сумма.

Кыз баланын уулдан эмнеси кем?

Дүйнөлүк экономикалык форумдун доклады дүйнөнүн 142 өлкөсүндөгү аялдар менен эркектер ортосундагы теңчиликтин абалын изилдеген. Ал изилдөөдө аялдардын билим алуу, саясий-экономикалык жашоого аралашуу жана татыктуу медициналык тейлөө мүмкүнчүлүгү эркектерден кем өлкөлөрдүн тизмесинин артында Йемен, Пакистан, Чад, Сирия, Мали, Иран турат. Бул өлкөлөрдө аялдардын жашоосу көбүнесе үй-жай менен гана чектелген десе да болот.

Пакистанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу гендердик теңчиликтин осол абалы диний түшүнүктөргө байланыштуу деп эсептейт журналист Дауд Хан:

- Пакистанда элдин тез өсүп жатканы эң чоң проблема. Өлкөдө 180 млн. эл бар. Бул ислам калктуу мамлекет. Элдин көбү, өзгөчө, айыл жериндегилер динге баш-оту менен берилген. Алар диний жана социалдык себептерден улам балдарын, айрыкча, кыздарын мектепке жиберишпейт. Пакистандын кайсы гана бөлүгүндөгү кыштакты алба, эл уул балдарга үй-бүлөнүн үмүтү, келечеги катары мамиле жасайт. Кыздарды башка үй-бүлөгө күйөөгө чыгып кетет дешип, алардын билим алуусуна, ден соолугуна, социалдык макамын жакшыртууга инвестиция же каражат сарпташпайт. Мен сизге мындай мисалдарды да айта алам: кыз балдарга уул балдарга арнаган тамагын бербеген үй-бүлөлөр бар. Мындай гендердик ажырым коомдогу социалдык абалга, өзгөчө ата-энелердин жана кээ бир аймактардын билим деңгээлинин өтө төмөн экенине көз каранды. Бул үчүн пакистандыктардын динди бекем туткан бөлүгү да жооптуу.

Пакистандык журналист өкмөттүк мекемелерде иштеген аз сандагы аялдар түрдүү кемсинтүүлөргө кабыларын, бирок ал жөнүндө ачык талкуулоого коомчулук өзү даяр эмес экенине да токтоло кетти:

- Дискриминация коомдо калыптанып калган салт-адаттардан улам жасалууда. Эгер өкмөттүн, министрликтердин деңгээлинде алсак, кээ бир жумуш орундарында аялдар кемсинтилет. Бул жөнүндө кээ бир аялдар гана үй-бүлөсү, жамаат менен бөлүшөт. Башкалар айрым бир жүйөлөрдөн улам айтышпайт. Себеби, коом жумуш орундарындагы кемсинтүүлөр тууралуу ачык талкуулаганга жол бербейт. Мындай проблема мектептерде да бар. Анткени билимдүүлөр аялдар арасында өтө аз. Өкмөттүк мекемелерде, бейөкмөттүк уюмдарда аялдар аз тартылган. Мунун баары аялды кемсинтип, дискриминациялоонун булагы.

Волейбол көрүү күнөөбү?

Пакистанга чек аралаш Иранда 2012-жылы киргизилген гендердик чектөөлөр саясатынан кийин университеттерде окуган аялдардын саны 48 процентке түшүп кеткен. Бул 2008-жылкыдан 14 процентке аз.

Аялдар Иранда эркектердин спорттук мелдешине бара алышпайт. Июнда 25 жаштагы Гүнче Гавами Тегеранда Ирандын улуттук волейбол командасынын беттешүүсүн көрүүгө аракет кылганда камакка алынып, үч ай абакта отуруп чыкты. Иран парламентиндеги 290 депутаттын ичинде 10 гана аял бар.

Египет. Жалаң аялдар иштеген телеканалда кезектеги телепрограмма тартылууда. 2012-жыл.

Египет. Жалаң аялдар иштеген телеканалда кезектеги телепрограмма тартылууда. 2012-жыл.

Египеттин аялдар укуктары боюнча борборунун изилдөөсүнө караганда, өлкөдөгү аялдардын 86 проценти эркектерден ар кандай кордук көргөн. Алардын 72 проценти хижапчан же бетин никап менен жаап жүргөнүнө карабай кемсинтип кордолгон. Дауд Хандын айтымында, ислам дини энелерди урматтап, мамиле кылууга чакырганы менен кыздарды кемсинтүү мусулман өлкөлөрүндө кадыресе көрүнүш:

- Хадисте "жаннаттын ачкычы энелердин таман астында" деп айтылган. Ислам дини энелерди урматтаганга окутат. Пакистан коомунда энелер жана аялдар эне катары аябай урматталат. Бирок биз аялдардын окуп билим алуусуна, саламаттыгына, кыз балдардын уулдарга салыштырганда басмырланганына көңүл бурушубуз абзел. Себеби, кыздар кийими, тамак-ашта, атүгүл бөлүп окутууда жана жакшы ооруканаларда дарыланууда кемсинтүүгө дуушар болушат. Алар жашоодогу майда-барат нерселерден да дискриминацияланып жатышат.

Араб дүйнөсү өзгөрүүдө

Ал эми Улуттар уюмунун эксперти Зейна Хилал акыркы жылдары араб дүйнөсүндө аялдардын саясий укуктары жакшырууда жана парламентке аялдар көп шайлана баштаганын оң жышаана деп атады:

- Араб өлкөлөрүнүн парламентинде аялдар көбөйүүдө. Бул жакшы жышаана. Парламенттеги аялдардын ордуна арналган биздин изилдөөлөрүбүздө эчендеген жылдар бою араб өлкөлөрү тизменин аягында жүргөн. Аял парламентарийлердин санын көбөйтүү боюнча Америка жана Сахара чөлүнүн түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнө караганда аз иш жасалууда. Бирок өткөн жылы айрым оң жылыштарга күбө болдук. Иорданияда аялдар парламентке берилген квотадан да көп шайланды. Бир катар ислам өлкөлөрүндө социалдык, маданий өнүгүү болууда, аялдардын өздөрүн саясатта көрсөтүүсү үчүн шанс берилди. Ушинтип парламентке шайланган аял депутаттардын саны 2,8 процентке көбөйдү. Бул негизинен Сауд Арабия кабыл алган чечимдин натыйжасы. Падышалыкта аялдардын укугу көп чектелсе да, аялдарды парламентке шайлоодо бир кадам алдыга шилтенди. Башка араб өлкөлөрү да аялдар менен эркектер ортосундагы теңчиликти жакшыртуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт деп ишенебиз.

Иорданиялык аялдар саясий реформаны талап кылган демонстрацияда. 2012-жыл.

Иорданиялык аялдар саясий реформаны талап кылган демонстрацияда. 2012-жыл.

Бул жеңил нерсе эмес. Анткени жагдайды өзгөртүүгө элдин менталитети, адат-салты тоскоол болууда. Жыйынтыктап айтканда, биз саясий теңчиликте дүйнөлүк орточо деңгээлге жеткенден алыспыз.

Пакистандык журналист Дауд Хан Дүйнөлүк экономикалык форумдун гендердик теңчилик боюнча изилдөөсүндө тизменин төмөнкү бөлүгүн көбүн эсе Араб өлкөлөрүнүн ээлөөсүн биринчи кезекте жарандардын өз укугун билбегени жана маалымат каражаттары аялдардын укугу тууралуу кеңири сөз кыла албаганына байланыштуу деген пикирде:

- Араб өлкөлөрүнүн гендердик теңчилик боюнча артта калуусун исламга эле байланыштырбайт элем. Эгер Европа коомун алсак, алар саясий-экономикалык жактан өнүккөн, эли да алда канча билимдүү, эркектер да, аялдар да өз укуктарын жакшы билишет. Мусулман өлкөлөрүнүн көбүндө тоталитардык бийлик өкүм сүрүүдө, артта калган, билим деңгээли өтө төмөн. Аялдардын, жалпы калктын өз укуктары жөнүндө түшүнүгү абдан начар. Бул өлкөлөрдө демократия жок. Бийликтен көз карандысыз масс-медиага жол жабык. Медиа бүтүндөй көзөмөл астында. Ошон үчүн эл өз укугу жөнүндө үн чыгара албайт. Билим деңгээли жогору жана өз укугун билүү жарандарды күчтүү кылат. Ал укуктарынын аткарылышын талап кылуусуна түрткү берет. Дискриминация аялдарга жасалган адилетсиздик. Пакистанда жана араб өлкөлөрүндө аялдар өз укуктары жөнүндө билбейт, бейкапар.

Пакистан жана Ооганстан - эркектер үстөмдүк кылган өлкөлөр. Көбүнесе диниятчылар мусулман эркектерди коомдук турмушта аялдардан өйдө болууга үйрөтөт, үгүттөйт. Бул аялдарды дискриминациялоонун бир себеби.

Аял эркекке тең дүйнө

Түндүк Европа мамлекеттеринде аялдар эркектердей эле укукка жана мүмкүнчүлүккө ээ. Бул жагынан Исландия, Финляндия, Норвегия, Швеция, Дания акыркы жылдары эң мыктылардын тизмесинин төбөсүндө келатат. Анын себебин Зейна Хилал айым өкмөттүк саясатка байланыштырат:

- Түндүк Европа өлкөлөрүнүн парламентинде башка региондордун парламентине салыштырганда аялдардын саны көп экени чындык. Аялдарды парламентке көп шайлоо жана гендердик теңчиликтин жакшы экени Түндүк Европа элдин маданияты менен түшүндүрүлөт. Албетте көп иштер өкмөт жана саясий партиялар тарабынан жасалган.

Министрлик кызматтарга аялдарды көрсөтүүдө өкмөттүн ролу абдан чоң. Бул жакта да кээ бир оң жылыштар бар. Ошентсе да дүйнөнүн аз эле өлкөлөрүндө аял жана эркек министрлердин саны бирдей. Улуттук өкмөттөр да саясатта, билим берүүдө, экономикада жана башка тармактарда гендердик теңчиликти жакшыртууга, ал үчүн жалпы шартты түзгөнгө макул.

Германиянын канцлери Ангела Меркел (солдо) жана Польшанын премьер-министри Ева Копач (оңдо) Аскерий салтанатта. Берлин, 9-октябрь 2014

Германиянын канцлери Ангела Меркел (солдо) жана Польшанын премьер-министри Ева Копач (оңдо) Аскерий салтанатта. Берлин, 9-октябрь 2014

Скандинавия өлкөлөрүндө дээрлик ар бир экинчи депутат аял десек болот. Аларга мандаттардын 42 проценти таандык. Америка, Европанын өлкөлөрү, Сахаранын түштүгүндөгү Африка мамлекеттеринде ар бир төртүнчү-бешинчи парламентарий аял. Араб мамлекеттеринде алар 18 процентке, Aзияда 19 процентке жетпейт.

Арийне, экономиканын өсүүсү гендердик теңчиликке жолду кенен ачып, аялдардын конституциялык укуктарын толук камсыздоо мүмкүнчүлүгүн чоңойтот. Анткен менен байлар жана кедейлер ортосундагы ажырым кыскарбай, тескерисинче өскөн.

- Маселе мында, ички дүң жыйым өсүүдө. Экономиканын өсүшү жана орточо көрсөткүчтөр сонун. Бирок ал байлар менен кедейлер ортосундагы ажырымды кыскарткан жок. Мен эки гана мисалды айтайын. 2009-жылкы глобалдык экономикалык кризистен кийин миллиардерлердин саны эки эсеге көбөйдү. Ошол эле мезгилде жардылар карды тоюп тамак жебей жүрөт. Миллиондогон эне жакшы медициналык жардам көрсөтүлбөгөндөн улам бала төрөп жатып өлдү. Ушу тапта бир миллиард адам аябай жарды жашайт, бир күндө 1 доллар 25 центтен аз жумшайт. Замбия соңку он жылда жарды өлкөдөн орто кирешелүү өлкөгө айланды. Тилекке каршы, ошол эле учурда көп адамдар жакырланды. Экономикалык өсүштүн өлкөнүн кедей-кембагалдарына көмөктөшө албай жатканы чоң проблема. Эгер өлкөдө теңсиздик чоң болуп туруп, экономикада өсүш болсо, теңсиздик дагы өсөт. Эгер теңсиздик аз болсо, экономикалык өсүштөн жардылар пайда көрөт, - деп сөздү улантты Эмма Сиери. -

Коомдо аялдар менен эркектер ортосундагы тең укуктуу жана бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болуусу үчүн бийлик тийиштүү кадамдарды жасашы, парламент зарыл мыйзамдарды кабыл алышы абзел. Болбосо, Эмма Сиери айткандай, коомдо туруктуулук болбойт:

- Экономикадагы теңсиздик болсо, өсүү күчтүү жана ырааттуу болбойт. Бул жөнүндө Эл аралык валюта фонду да жазды. Дүйнөлүк экономикалык форум да жылына январда болчу жыйында дүйнөдөгү эң чоң коркунучтар талдап көрүп, эң чоң коркунуч акыркы үч жылда байлар жана кембагалдар арасындагы кирешедеги ажырым деген тыянакка келген. Кирешедеги ажырым кылмышкерликтин, зобун-зордуктар менен коштолгон чатактардын көбөйүүсүнө, ден соолук жана башка социалдык депрессиялар менен коштолуп, өкмөттүн түйшүгүн арттырат.

Баса, Скандинавия өлкөлөрүндө чоң компаниялардын жетекчилигинде да аялдар 40 проценттен кем эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG