Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:16

25-мартта Дүйнөлүк Экономикалык Форум маалымат технологияларынын өнүгүшү боюнча жылдык отчетун жарыялады. Анда 133 өлкөдөгү абал иликтенген. Маалымат алмашуу жана байланыш тармагындагы жаңы технологиялардын күнүмдүк турмушта колдонулушу боюнча биринчи орунда Швеция турат. Борбор Азияда болсо Кыргызстан Казакстан менен Тажикстандан кийинки үчүнчү орунду ээледи.

Дүйнө барган сайын кичирейип, аралык кыскарып баратат деген кепти көп эле угуп жүрсөңүз керек? Чын эле ошондой болуп баратабы?

Глобалдык маалымат технологиялары тармагында иштеген адистер буга кошулат.

Эмне үчүн зарыл?

“Кыргыз патент” ишканасынын алдындагы домендик зонаны башкаруу борборунун директору Нурлан Баямандын айтымында, интернет технологияларын өнүктүрүү - замандын талабы. Анткени бул бүт ишти тездетип, аралыкты да чын эле кыскартат.

“Муну жөнөкөй эле почтанын ишинин мисалында айтсак болот, -дейт Н.Баяман. - Мурда катыңыз жолдонгон адамга 1-2 айда араң жетсе, азыр электрондук почта аркылуу катты киши 1-2 секунда да эле алат. Мамлекеттик органдардын ишине келсек, азырынча Кыргызстанда, мисалы, кайсыл бир иш баштоого лицензия алуу үчүн, тилекке каршы, көп убакыт коротобуз. Ошол эле маалда “электрондук өкмөт” ишке киргизилип жаткан өнүккөн мамлекеттерде, бүт талаптарды аткарсаң, мунун баарына болгону бир нече мүнөт эле кетет”.

Нурлан Баяман маалымат технологияларынын өнүктүрүүнүн зарылдыгын дагы бир себеп менен түшүндүрдү. Алар мамлекеттик органдардын ишинде ачыктык болушун шарттап коет, демек коррупцияга да бөгөт боло алат. Ошон үчүн жаңы технологияларды өнүктүрүү зарыл, дейт ал.

Бул зарылдыкты дүйнөдө көп эле өкмөттөр түшүнгөн күндө да, ишке ашырууга финансылык мүмкүнчүлүгү жетпеши мүмкүн. Балким, тигил же бул мамлекетте анын өнүкпөй жатканынын башкы себеби да акча болушу ыктымал. Муну Глобалдык маалымат технологиялары боюнча соңку изилдөөнүн жыйынтыгы да көрсөттү. Анда биринчи 10 орунду ээлеген баардык өлкөлөр – экономикасы өнүккөн мамлекеттер.

Отчетту Дүйнөлүк Экономикалык Форум даярдаган. Негизи алар тогуз жылдан бери дүйнөдө бул тармак кандай өнүгүп жатканына көз салып келатышат. Баяндаманын авторлору дүйнөдөгү акыркы экономикалык кризис маалымат технологияларынын өнүгүшүн бир топ басаңдатып койсо керек деп ойлошконун моюнга алышты. Бирок чындап келгенде өнүгүп жаткан ири мамлекеттерде, мисалы, Индия менен Кытайда, кризис бул тармактын өнүгүшүнө көп деле таасир этпептир.

Арткы орун

Ошентип, баяндамага ылайык, 133 мамлекеттин ичинен Швеция маалымат технологияларынын өнүгүшү боюнча биринчи орунду ээледи. Ал эми экинчи позицияны бул ирет Азиядан Сингапур алган.

Борбор Азияга келсек, региондо Түркмөнстан менен Өзбекстандагы абал иликтөөгө алынган эмес. Биринчи орунду Казакстан (68) ээледи. Ал Орусиядан да (80) алдыда турат. Казакстандан кийин Тажикстан (109). Ал эми Кыргызстан болсо интернет технологияларынын өнүгүшү боюнча жалпы 133 мамлекеттин ичинде 123 орунду алыптыр.

Себебин Нурлан Баяман мындайча түшүндүрдү: “Башкы проблемалардын бири – калкты компьютер менен камсыз кылуу иши азыркы деңгээлине жетип, тилекке каршы, токтоп калды. Бизде азыр деле бул боюнча иштеген жана иштеп жаткан долбоор-программалар бар. Бирок алардын үлүшү өтө эле аз. Мисалы, Кыргызстанда компьютерлердин жылдык өсүшү азыр болгону 1,3% түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч адатта 20-30% кем эмес. Анын үстүнө өлкөнүн региондоруна интернет байланышын жеткирүү да жай жүрүүдө. Азырынча региондордун борборлору, ири шаарлары гана интернетке кошулганын айта алабыз. Кыргыз өкмөтү мунун баарын билет жана маалымат технологияларынын өнүктүрүү канчалык маанилүү экенин түшүнөт. Ошондуктан өкмөттүн алдында маалымат алмашуу технологияларын өнүктүрүү боюнча атайын кеңеш да иштейт. Бирок ошол кеңештин өзүндө да бир топ кемтиктери бар. Эң эле башкысы – анда иштеген адистердин өздөрүнүн маалымат технологиялары боюнча билиминин тайкылыгы”.

Кыргызстан бул баяндамада жалпы постсоветтик аймактан иликтөөгө алынган мамлекеттердин ичинде эң акыркы орунду алды. Абалды жакшыртыш үчүн эмне кылыш керек?

“Атаандаштыкка жарамдуулук” деп аталган глобалдык форумдун башкы экономисттеринин бири Ирене Миа өздөрүндө маалымат технологияларын өнүктүрүүнү каалаган мамлекеттерге кеңешин берди.

“Эң оболу, жаңы технологиялардын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарт түзүш керек, - дейт экономист Ирене Миа. - Мен муну башкы көрсөткүч деп атамакмын. Экинчиден, маалымат технологияларын өнүктүрүү боюнча коомдун негизги үч тарабы – адамдар, өкмөт жана бизнестин – көзкарашы, максаты бири-бирине төп келиши керек. Өнүгүүнүн жолун баары бирдей көрүшү өтө маанилүү нерсе. Бул иште чечим кабыл алуучу, алдыңкы позицияны өкмөт өзүнүн колуна алышы зарыл. Биз баяндамада ийгиликке жетишкен деп көрсөтүлгөн кайсыл мамлекетти албайлы, алардын өкмөттөрүндө тармакты өнүктүрүү боюнча так, күчтүү позициясы бар. Өкмөттөр коомдун башка бөлүктөрүн да - бизнести жана интернет колдонуучуларын - бул процесске аралаштырып кетиши зарыл”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG