Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Глобалдык жылуулукка ишенбегендер Нью-Йоркто жыйын курду


Глобалдык жылуулуктун себебин адам ишмердиги менен булганыч газдардын көбөйүүсүнөн көрбөгөндөр да бар.
Глобалдык жылуулуктун себебин адам ишмердиги менен булганыч газдардын көбөйүүсүнөн көрбөгөндөр да бар.

Апта башында Нью-Йоркто глобалдык жылуулук боюнча эл аралык конференция өттү. Бирок аталган маселе боюнча адаттагы жыйындардан айрымасы – анда коркунучутуу эскертүүлөр жасалган жок. Жыйынга климаттагы өзгөрүүлөрдөн эмес, андан тынчызданууну жана ызы-чууга түшүүнү токтотуу керек деп эсептеген илимпоздор жыйналды.

БУУнун окумуштуулардан турган өкмөттөр аралык эксперттик тобу мындан эки жылдай мурда эле ааламда аба-ырайынын жылуусунун негизги жүйөөсү адам ишмердиги экендигин атаган. Учурда дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрү булганыч газдарды кыскартуу боюнча пландарынын үстүнөн иштөөдө. АКШнын азыркы жаңы администрациясы бул багыттагы эл аралык аркеттерди күчөтүүнү убада кылган.

Президент Барак Обама болсо АКШнын өзүндө булганыч газдардын абага бөлүнүүсүн 1990-жылдын деңгээлине түшүрүүнү сунуш кылды. Бул боюнча Киото протоколун алмаштыруучу жаңы эл аралык документке быйыл жыл соңунда Коппенгагенде өтөөрү мерчемделген саммитте кол коюлат деген үмүт бар.

Анткен менен эл аралык коомчулук глобалдык жылуулук боюнча ашыкча эле ызы-чууга түшүп, түйшөлүп жатат, анын себептери али даана далилдене элек деп эсептеген окумуштуулар жана эксперттер да жок эмес. Алардын 600дөн ашуун өкүлү апта башында Нью-Йоркто жыйналды. Глобалдык жылуулукка ишенбегендердин конференциясын быйыл экинчи ирээт Heartland деп аталган институт уюштурду.

Баш кеңсеси Чикагодо жайгашкан бул институт өзүн эркин базар идеясын жактаган иликтөө мекемеси катары көрсөтүп жүрөт. Азыр токтоткону менен 2006-жылга чейин мунай гиганты - Exxon Mobilден акча алып келген. Ал ошондой эле тамеки өндүрүшү үчүн коюлган жогору өлчөмдөгү салыкты азайтуу жана тамеки чегүүгө киргизилген чектөөлөрдү жумшартуу өңдүү башка талаштуу маселелердин да колдоочусу.

Аталган институттун президенти Жозеф Баст "Азаттык" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, Нью-Йорктогу жыйындын максаты - АКШнын мурдагы вице-президенти Ал Гор сындуу адамдарга чакырык таштагыдай мүмкүнчүлүк жаратуу эле:

- Биздин оюбузча, биз глобалдык жылуулукту кризис эмес деп атаган белгилүү окумуштуулардын саны барган сайын улам көбөйүп бара жатат деп айта алабыз. Глобалдык жылуулукту эмне жаратканы жана канчалык кеңир экендиги окумуштуулар жамаатында али ачык талкуулануусу керек. Бул нерсе эл-журтка азырынча анча жетпей жатат. Демек ушундай жыйынындарды өткөрүү менен биз көбүрөөк адамдын көңүлүн бурабыз жана акырында коомдук саясатка да таасир көрсөтө алабыз деп үмүттөнөбүз.

АКШнын мурдагы вице-президенти Ал Гор айлана-чөйрөнү коргоо аракеттери жана глобалдык жылуулукту андап-билүүгө кошкон салымы үчүн 2007-жылы БУУнун өкмөттөр аралык эксперттик тобу менен бирге Нобель Тынчтык сыйлыгына арзыган. Ал глобалдык жылуулук боюнча "Ыңгайсыз чындык" деп аталган фильм да тарткан эле.

Нью-Йорк конференциясындагы башкы ораторлордун бири - Чехиянын президенти Вацлав Клаус болду. Конференция күндөрү Нью-Йорктогу Колумбия университетинин студенттери алдында сүйлөгөн учурунда Клаус глобалдык жылуулук – адам ишмердигинин натыйжасы деген концепцияга каршы экенин дагы бир жолу кайталады:

Президент Вацлав Клаус былтыр "Жашыл капкандагы Көк планета" деген аталыштагы китебин англис тилинде чыгарган
-Көйгөй -глобалдык жылуулукта эмес. Туура да, туура эмес да пайдаланган идеология муну акырындык менен өкмөттөрдүн адам жашоосунун баардык чөйрөлөрүнө аралашуусун коргоонун жана адам эркиндиги менен экономикалык бакыбатчылыкты басуунун эң натыйжалуу каражатына айлантты.

Ал эми глобалдык жылуулук бар экенин моюнга алган окумуштуулардын айтымында, Жер планетасы болгону табигый жана мезгилдүү өзгөрүүлөрдү гана баштан кечирүүдө. Өнөр-жайдын бул жараяндагы салымы болсо кымындай эле. Калифорниялык онколог, Говард МакКаби "Азаттык" радиосунун кабарчысы менен маегинде буларды белгиледи:

- Адамдын салымы кымындай эле, балким нөлгө барабар жана биз өзгөртө албаган башка факторлорго салыштырганда абдан эле аз. Биз Күндү, океандын агымын өзгөртө албайбыз. Биз Эл-Ниньону (океан менен атмосферага жылуулук алып келген глобалдык көрүнүш) токтото албайбыз. Эл-Ниньонун акыркы 40 жылда температурага эң жогорку деңгээлде чыгуусу 1998-жылга туура келди жана бул биздин жаңы тарыхыбыздагы эң ысык жыл болду. Эл-Ниньонун көмүр кычкыл газына эч байланышы жок.

Айтор глобалдык жылуулукту жээригендер же анын себептерин адамдан көрбөгөндөрдүн аргументтери азырынча коомчулукта орун-очок таба электей.

Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн акыркы сурамжылоолордун бири калктын көпчүлүгү же 58%ы климаттагы өзгөрүүлөрдүн кеминде жарымы үчүн адам себепкер экенин айтышса, Пью деген изилдөө борбордун сурамжылоосу экономика кыйсыпырга түшүп жаткан азыркы учурда глобалдык жылуулукка көңүл бурууну америкалыктардын көпчүлүгү артыкчылыктуу маселе катары эсептебей турганын көргөзгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG