Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Ааламдашуу феномени тууралуу маалыматтар коомчулук арасында 90-жылдардан кеңири таралганы белгилүү. Арийне, анын алгачкы жышаандары 50-жылдарда эле элдир-селдир сезиле баштаган.

Улуттук уңгунун тамыры

Жалпыга маалым, экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, адамзат кайчылаш идеологияларды карманган эки башка жаатка бөлүнүп калды. Бири - Варшава келишими аркылуу баш кошкон коммунисттик блок, экинчиси –Түндүк Атлантика альянсына бириккен капиталисттик лагерь.

Экономикасы жеке менчикке негизделип, либералдык-демократиялык нарк-дөөлөттөрдү туу туткан ачык коом болгондуктан, тең укуктуулук принциптерин карманып, жаалы катуу жабык жамаатка айланган коммунисттик түзүлүшкө караганда капиталисттик жаат жашоого алда канча эптүү экенин иш жүзүндө далилдеди. Таң калыштуусу, коммунисттик режим марксизмдин негизги принциптерин этибарга албай, экономиканы саясатка баш ийдирип салды. Ал эми ачык коом болсо башынан эле өз саясатын ириде экономикалык процесстерди эске алуу менен жүргүздү. Натыйжада, эң оболу экономикалык мүдөө-кызыкчылыктардан улам көптөгөн өлкөлөрдү бирдиктүү укуктук мейкиндик, бирдей саясий башкаруу бийлиги, орток демократиялык нарк-дөөлөттөр аркылуу бир күчкө бириктирүүнү көздөгөн жаңыча европачыл либералдык-демократиялык долбоор (проект) иштелип чыкты.

Бул долбоорду иш жүзүнө ашыруу улуттук корпорацияларды улуттар аралык корпорацияларга айландырууга мүмкүндүк берди. Ал өз кезегинде ааламдык информациялык айдың түзүүнү талап этти. Мунун аркасында массалык коммуникациялар чөйрөсү болуп көрбөгөндөй дуулап өстү. Анын ичинде компьютердик Интернет тармагы келип чыкты. Ушул процесстерге кайдыгер карап, атүгүл кашая каршылык кылган коммунистчил Совет империясы акыры келип ааламдашуу жараянынын алгачкы курмандыгы болуп калды.

Эрегишкен эки социалдык-экономикалык жана саясий-идеологиялык түзүлүштөрдүн тарыхый таймашына таянган биполярдык система кыйраган соң, дүйнөлүк тарых авансценасында үстөмдүк эки тенденцияга өттү. Алар: глобалдашуу жана цивилизациялар ренессансы (кайра жаралуу) тенденциялары. Ошол эле учурда, бул тенденциялардын келечеги тууралуу кызуу талаш-тартыштар башталды. Дүйнөлүк илимий коомчулуктун көңүл борборунда кайчылаш эки көзкараш турат. Алардын биринчисин Америкалык тарыхчы Френсис Фукуяма сунуш кылды. Ал өзүнүн «Тарыхтын соңу» деген эмгегинде коммунизмдин кулашы менен бүткүл дүйнөдө жалгыз гана Батыш цивилизациясы өкүм сүрөрүн жана анын заман агымына жараша көөнөрбөс цивилизация экенин жар салды. Ал эми экинчи бир америкалык окумуштуу Сэмьюэль Хантингтондун илим дүйнөсүнө көп чуу салган «Цивилизациялар кагылышы» аттуу эмгегинде ага караманча каршы ой айтылат. Анын концепциясы боюнча, дүйнөдө көп түрлүү цивилизация болгон жана дагы боло бермекчи. Алар бири-биринен кескин айырмалангандыктан, ортолорунда сөзсүз келишпестиктер чыкпай койбойт.

Кыскасы, цивилизация проблематикасы илимий коомчулуктун да, саясий чөйрөлөрдүн да көңүл чордонунда турган өтө орчундуу көйгөй болуп калды. Цивилизация феноменин изилдөөдө ар кандай бири-бирин жокко чыгарган парадигмалар көп пайда болуп жатышы кокусунан эмес. Анын себеби, биринчиден, цивилизациялардын тагдыры кандай болорун алдын ала болжош абдан кыйын; ал көптөгөн белгисиз кырдаалдар менен коштолгон. Экинчиден, цивилизациялардын тагдыры – бүгүңкүсү жана эртеңкиси бүткүл адамзаттын тагдыры менен ажырагыс экени бештен белгилүү го.

Ал эми адамзаттын тагдыры бир эле өз ич арасындагы келишпестиктер эмес, тышкы ааламдык-табигаттык, илим тили менен айтканда, теологияң менен да, теософияң менен да, мистикаң менен да, эч кандай “измдериң”, диндериң менен да, астрофизикаң менен да, ноосфераң, жана башка азыркы мээң жеткен илим-билимиңдин, сфераларыңдын бири менен да иши жок мыйзам-ченемдердин негигизинде акыры келип таш-талкан болоору турган иш экени - аксиома да! Адамзат эмес, акыры түбү бизди жашатып аткан күн да өчөт; ааламдар кыйрап, кайра жарала берет. Бул – түбөлүктүн, казакча айтсак, маңгиликтин маңги заңы. Ага биз канчалык башыбызды маң кылып, төбөбүз менен жер казып, акылдуубуз деп бой көтөрбөйлү, эч арга табалбайбыз. Болоору акыры түбү болбой койбойт. Мындайлар миллион-миллион жылдар бою болуп келген, жана да боло берет, биз биринчиси же акыркысы эмеспиз.

Ошон үчүн адамзаттын жашоосу айбанат жамаатынын жашоосунан анча деле айырмаланбайт. Анткени, биз дагы ошол жамааттын бир бөлүгүбүз. Болгону, айбанаттан айрыкча акыл-эсибиз бар үчүн цивилизация, маданият, дин, технология жана башкаларды жаратып алып, ошонун пайдасын да, зыянын да өз тагдырыбызда ташпишин тартуудабыз.

Мындан глобалдашуу менен цивилизациялык өзгөчөлүк ортосунда тең салмакты кантип сактоо керек деген маселе XXI кылымдын чындап тагдыр чечер антиномиясына айланганы ачык көрүнүп калды окшойт. Албетте, ошол Апокалипсиске жеткенче. Анын алгылыктуу чечилиши тарых талабына жана мезгил чакырыгына татыктуу жооп болоруна азырынча үмүт этип, ишенип туралы. Арийне, мында эң ириде чыгармачыл ой-пикир орчундуу роль ойноого тийиш экендиги түшүнүктүү да. Азыркы учурда илимий коомчулуктун көңүлү ириде дүйнөлүк түзүлүштүн геосаясий аспектине көбүрөөк бурулган. Сөзсүз, бул кокусунан эмес. Биполярдык түзүлүш урары менен дүйнөлүк геосаясаттын күн тартибинде ал түзүлүштүн ордуна кандай түзүлүш келиши керек – бир полярдуу түзүлүшпү же көп полярдуу түзүлүшпү? -деген маселе пайда болду. Мында цивилизациялардын тагдыры жөнүндө түздөн-түз сөз жүрбөгөнү менен, көмүскө маңызында бу маселе такай жашырынып турганы баамга урунат. Иштин жөнү - дүйнөнүн тагдыры цивилизациялардын тагдырынан ажырагыс экенинде. Андыктан аларды бири биринен айрып карашка болбойт жана антүү түшүнгөн кишиге мүмкүн да эмес. Анткени, дүйнө көп кырлуу, көп түрлүү, көп сырдуу болгону үчүн ажайып кооз жана жарык-жаркын эмеспи!

Себеби - бардык цивилизацияларга мүнөздүү орток белгилер менен бирге, ар бир цивилизациянын кайталангыс өз өзгөчөлүктөрү бар экенинде. Болгондо да, бул көп түрдүүлүк, айтылуу футуролог Элвин Тофлер тастыктагандай, прогресске эч жолтоо болбойт, тетиринче, ал ошонун өзүнөн өсүп чыгат. Анын айрыкча баса белгилегени: «...биз «үчүнчү толкун» (бул термин менен информация доору аталууда - К. И.) экономикасына канчалык жакындаган сайын, маданият ошончолук орошон мааниге ээ боло баштайт. Мындан келип чыгар тыянак: бир дагы расалык же этностук маданият, бир дагы дин, бир дагы улут «үчүнчү толкун» экономикасы талап этүүчү мыкты жөндөм-сапаттарга толук жооп бербейт. Вест-инд, алжир, куба же корей маданияты болобу, айтор, «үчүнчү толкунга» ар бир маданият кылымдар бою калыптанган өз психологиясы, өз социалдык кулк-мүнөзү менен келет».

Андай болгон соң, демек, илим үчүн конкреттүү маданияттар менен цивилизациялар глобалдашуу доорунун өктөм жагдай-шарттарында кандайча өмүр сүрүп, кандай жолдор менен өнүгөрүн изилдөөдөн өткөн маанилүү маселе жок да. Аны үчүн эң оболу ар бир цивилизация менен маданияттын төркүн-төсүн, өз ээлери жана өзгөлөр үчүн эмнеси менен баалуу экенин, информациялык революция заманынын чакырыгына жана талабына жооп катары алар кайра жаралыш үчүн кандай өбөлгөлөр бар экенин терең териштирүү зарылдыгы турат.

Ошентсе да, цивилизацияларды сактап, кайра жаратуучу айныгыс шарт – бул ириде глобалдашууну гумандаштыруу экени талашсыз чындык десек туура болор. Ансыз экономикалык конкуренциянын жана убакыт өткөн сайын улам күч алып бараткан массалык маданият үстөмдүгүнүн үйөр селинде, дүйнө жүзүнүн ар кайсы бөлүктөрүндө, анын ичинде асыресе биздин кыргыз коомубузда айрыкча күргүштөп бараткан маргиналдашуу тенденциясы кайра жангыс түргө өтүп кетиши ыктымал экенине көңүл бурбасак болбой калды.

Ар бир конкреттүү цивилизациянын, айталы, түрк цивилизациясынын бүгүңкүсү жана келечеги туралуу сөз жүргөндө, биз анын кайрадан жаралып, бакубат жашоосуна омоктуу негиз түзүүчү сырткы да, ички да өбөлгөлөрдү такай көз алдыда тутууга тийишпиз. Эгерде түрк цивилизациясына тийиштүү болгон ички өбөлгөлөргө келсек, алар жалпы жонунан жаман эмес экенин белгилей алабыз. Биринчиден, түрк калктары өздөрүнүн көп кылымдык тарыхында көптөгөн социалдык көйгөйлөр менен алааматтарды баштан кечиришсе да, арийне, өз цивилизациялык иденттүүлүгүн жоготушкан жок, тескерисинче, аны колдорунан келишинче сактап келишти. Бул алардын генетикалык коду болуп калды десек да болот. Демек, анын сырттан болуучу терс таасирлерге каршы туруу кудурети (иммунитети) бар.

Экинчиден, Совет империясы тарых аренасынан кеткен соң келип чыккан геосаясий зор өзгөрүштөр бирдиктүү түрк цивилизациясынын өз кезинде бири биринен ажырап бөлүнүп калган бөлүктөрүн кайрадан бириктирүүгө жол ачты. Үчүнчүдөн, өз жашоосунун өзгөчө тарыхый шарттарынан улам, түрк цивилизациясынын өзгө цивилизациялык жаңылыктарды төл маданий дөөлөттөрүнүн элегинен өткөрүп, чыгармачылык менен өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүгү. Ал эми түрк цивилизациясынын жашоо жана кайра жаралуу жагдайынын сырткы өбөлгөлөрүнө токтолсок, жогоруда айтылгандай, алар глобалдашууну гумандаштыруу менен түздөн-түз байланыштуу.

Аңдоо жана талдоо көрсөтүп тургандай, цивилизациялардын кайра жаралуу процесси, бир жагынан, цивилизациялардын кайтадан өз калыбына кайтуу процесси болсо, экинчи жагынан, бул процесс – алардын өзүн өзү жаңылап жаңыртуусу. Мустафа Кемаль Ататүрк паша жетектеген революциячыл өзгөрүштөрдүн жүрүшүндө Түрк Республикасында улуттук-цивилизациялык нарк-дөөлөттөр кайра жаралганы мунун айкын мисалы. Аны үчүн адегенде улуттук маданий - цивилизациялык кыртышты империялык калдыктан тазалашка туура келген. Натыйжада, теократиялык империя мамлекети улуттук жарык мамлекетке, империянын расмий осман тили улуттук түркү тилге орун бошоткон. Башка бардык позициялар боюнча да дал ушундай болгону белгилүү.

Бирок, бүгүнкү күндө Түркия жетекчилигинде да, а бизде болсо, өлкө башчыларыбыздын араб байларынын акчасын пайдаланабыз деген өз жеке кызыкчылык, популисттик же түркөйлүк-түшүнбөстүк айынан Сауд Арабиясы, Араб эмираттары, Мисир, Катар, ал эми алар менен бирге диний-экстремисттик таалим-тарбия жагынан Ооганстан, Пакистан, Сирия жана башка караңгы араб өлкөлөрүнүн таасирине кирип, ошолор өздөрүнүн кара май жана маңзат байлыгына таянып, ар кандай маңыздагы мечит-медреселер аркылуу биздин кийинки жаш муундарыбыздын башын айлантып, бузуп атканына кыргыз коомчулугу да, бийлиги да жетиштүү маани бербей турганы аябагандай кооптондурат. Албетте, бу жаатта анча-мынча иштер жүрүп аткансыйт, бирок жүүнү бош.

Түркиянын орто кылымдык түркөй коомго кайра кайтып кетпесинин түпкү кепили – Мустафа Кемаль Ататүрк паша өз кезинде көрөгөчтүк кылып, баш мыйзамына жаздырып койгон жол-жобосу. Ошон үчүн, качан ошондой аракеттер башталар замат аскер жамааты аларды Конституция боюнча төңкөрүш жасап, көңтөрүп таштайт. Азыр да Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын неоосманизм жана исламизм саясаты жакындан бери жаханга белгилүү болуп, ал атүгүл өз өлкөсүндө да көп колдоо таппай атат. Анткени, ушу заманда теократиялык Осман империясын кайра курам, даңазалуу Түрк доору кезиндегидей Сулейман султан болом деш – жумшагыраак айтканда, таң калуудан башканы жаратпайт!

Жусуп бабабыздын калтырган керээзи

А бирок адам макулук деген чексиз айбандык жана пенделик кумар-сезимдердин, ырахат-лаззаттардын кулу окшойт; анткени ал өлөрүн билет, бу дүйнө убактылуу, жалган экенин билет. Тиги өзүбүздү алдап, жооткотуш үчүн жаратып алган чын деген дүйнөбүз, ырасында жок экенин, аны эч ким көрүп келбегенин, ошонун баарысына караламан калкты ишендиргиси келип жүргөн кай бир молдокелериң андайга өздөрү да ишенбесин, ошон үчүн, карапайым жоош-момун калктын башын айландырып, а өздөрү болсо бу беш күндүк жарыкчылыктын ырахат-жыргалчылыктарын жанталашып көрүп жатышканын көпчүлүк эл-журтубуз эмдигиче түшүнбөй атканы ойлонтпой турган маселеби.

Айтор, Жусуп Баласагын бабабыз миң жыл мурун жазгандай, бизге дале болсо илим-билим жана адеп-акылак жетишпей жатат. Ал эми илим-билим, абийир-ариет жана ынсап-ыйман жетишпеген жерде эч кандай куттуу бийлик, мамлекет, дөөлөт болбой турганын Жусуп Баласагын бабабыз бизге осуят-керээз, орошон дастан кылып калтырып кеткени качан. Айтмакчы, мен ушул сайтта мурунураак жарык көргөн “Мусулман маданияты жана Жусуп Баласагындын руханий мурасы” деген макаламда “Кут адгу билиг”ди, биз бүгүн которуп жүргөндөй, кут алып келүүчү билим же кут билим эмес, “Куттуу бийлик билими” деп атоону сунуштадым. Анткени, дастанды кунт коюп окусаңыз, анда негизги маселе - билим эмес, бийлик экенин баамдайсыз. Ошон үчүн, ал китеп алды менен ошо өз кезиндеги өкүмдарларга арналып, ошолорго тартууланып, ошонун аркасы менен автор өзү да Хас Хажиб даража-мартаба мансабына ээ болуп, Карахан өкүмдарына кызмат кылганы окумалдарга маалым да. Жусуп Баласагын дастанынын мазмун-маңызында, түшүнүп окуган кишинин кулагына бийлик куттуу болуш үчүн өкүмдар бийлер да жана караламан букаралар да билимдүү-ыймандуу болушу керек деген идея коңгуроодой кагылып, добулбастай жаңырып жар салынып турганы жалганбы?! Ошондон улам, мен “Кут адгу билиг”, буга чейин которулуп жүргөндөй, “Кут аттуу билим” эмес, “Кут аттуу бийлик” деп таржымаланса туура болор деген ойго келдим. Менин оюмча, миң жыл муруңку “билиг” сөзү “билим” эмес, “бийлик” дегенди туюндурса керек. Мен өз интуициям менен, эмнегедир, ушундайча сезип-туйдум.

Жогоруда айтылгандарды улап, суроо салсак: “А бизде ошондой опурталдыктардан кепилдик барбы?” Жок да! Экспарламент спикерибиз баш болуп, калгандарыбыз төш болуп, борбор аянтыбызда он миңдеген элди чогулутуп алып, намаз-дуба өткөрүп атканыбыз менен биз, керек болсо, ислам мамлекеттеринин өзүнөн да өтүп кеттик го. Ошо ислам келип чыккан Арабстандын өзүндө да мындайга жол берилбейт. Ал өз эреже-жобосу менен ар кандай чакан жамааттарда, атайын жайларда, сыйынуу-мунажат этүү учурларында гана болот.

Анан биз эртеңибизди ойлобой, кайда баратабыз? Бийлик башына качан болсо жалаң билими тайкы шылуун байларды, популисттерди шайлап алабыз. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн динди да, башканы да, айтор баарын колдонушат. Намаз окушат, ажы болушат. Айтор, кара таман элди куп гана пайдаланышат. Бирок, биздин даанышман элдин эртегиден келаткан акыл-накыл кептери бар: “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген. Себеби, элибиз өз турмушунда андай шумпайлардын далай жоруктарын көргөн. Ошондон улам, ушундай ибарат-накыл сөздөр калган.

Азыркы учурда Орто Азия менен Кавказдын жаш түрк республикалары да цивилизациялык кайра жаралуу жаатында дал ушу сыяктуу процесстерди баштан өткөрүшүүдө. Ар кандай өзөктүү өзгөрүштөр өңдүү, бул процесстер алардын өзүн өзү аңдап таанышы жагынан да, глобалдашуу деп аталган дүйнөлүк процессте өз ордун аныктап табышы боюнча да чымырканган изденүү кырдаалында өтүүдө. Өзүн өзү издөө процесси, негизинен, эки себептен улам татаалдашууда. Эң оболу, буерде улуттук цивилизациялык нарк-дөөлөттөр Совет мезгилинде терең илдетке чалдыкканын эске алуу керек. Анткени, коммунистик доктрина аларды бир бүтүндүн бөлүктөрү катары эмес, бири бирине кайнаса каны кошулбаган ар кыл элементтердин конгломераты шекилинде караган. Ошондуктан, коммунистик идеологиянын тар алкагына сыйбаган улуттук нарк-дөөлөттөрдүн баардыгы аёосуз басмырланган. Эң башкысы, керексиз экенине байланыштуу, улуттук цивилизациялык нарк-дөөлөттөр жакын арада жоюлууга тийиш болгон. Себеби, социалистик курулуштун жүрүшүндө империядагы бүт калайык-калктар өз цивилизациялык өзгөчөлүгүн жоготуп, жаңы тарыхый жалпылыкка – совет элине айланды деп эсептелген.

Эгемендиктин эмки милдети

Ошонун айынан, жаңыдан мамлекеттик көзкарандысыздык алган түрк республикаларынын элдерине өзүн өзү, өз цивилизациялык өзгөчөлүгүн кайтадан ачууга туура келди. Ачканда да, өткөндү кайталаш үчүн эмес, азыркы учур жана келечек үчүн. А бул болсо, калайык-калктардын көп кылымдык тарыхында топтолгон, улуттук нарк-дөөлөттөр казынасында сакталган нерселерге мезгил шартына ылайык сын көз менен мамиле этүүнү талап кылат. Бирок, тилекке каршы, иш жүзүндө, бул дайыма эле ойдогудай боло бербейт экен. Кээде биз эбак эскирип, алга жылышыбызга жолтоо болгон кунарсыз нарк-дөөлөттөрдүн туткунунда калуудабыз. Өзүн өзү, цивилизациялык өзгөчөлүгүн издөө процесси мезгил, анын туу белгиси – глобалдашуу тутумунда жүргөндө гана жемиштүү болушу мүмкүн. Бүгүнкү реалийлер көрсөтүп тургандай, глобалдашуу феномени аябагандай татаал да, карама-каршылыктуу да кубулуш. Анда жараткыч да, кыйраткыч да дүрмөт бар.

Бу жерде баарыдан мурда глобалдашуу тарыхта биринчи ирет бүткүл адамзатты бир бүтүн нерсе катары бириктиргенин эске алуу зарыл. Анын деми азыркы убакта планетанын бүт булуң-бурчунда кадимкидей сезилип турат. Демек, башка цивилизациялар сыяктуу эле, түрк цивилизациясынын да бүгүңкүсү жана келечеги кандай болору глобалдашуунун позитивдүү жактарын ал канчалык деңгээлде чыгармачылык менен жүзөгө ашыра аларына көз каранды. Мунда биринчи кезекте демократия нарк-дөөлөттөрү жана рынок жол-жоболору тууралуу сөз жүрүүдө.

Глобалдашуунун экинчи бир талашсыз оң жагы – бул, албетте, информация технологиялары. Ошол эле учурда, эгерде алдын ала таасирдүү сактык жана коргоо чараларын көрбөсө, цивилизациялык нарк-дөөлөттөр глобалдашуунун кубаттуу толкундары астында күм-жам болуп көмүлүп калуу коркунучу да жок эмес. Ушуга байланыштуу, улуу ойчул Махатма Гандинин төмөнкүдөй эскертүүсү азыркы учурда эң актуалдуу: «Мен өз үйүмдүн туш тарабы коргон менен курчалып, айнек-терезелери жылчыксыз тумчуланып турушун таптакыр каалабайм,– дейт ал. Мен үйүмдү ар кандай калктардын маданияттары мүмкүн болушунча тоскоолсуз желдетип, сергитип турса деп тилейм. Бирок алардын биринин да эпкини менин маданиятымдын тамырын жулуп кетишине мен эч качан жол бере албайм».

Бардык тирүү организмдер, алардын катарында цивилизациялар дагы мезгил элегинен, тарых чыпкасынан өтүшөт. Маалым болгондой, качандыр бир убактарда дүңгүрөп турушкан далай цивилизациялар кезинде жүрө-жүрө тарых аренасынан жоголуп кетишкен. Азыр алардын тарых сыноосунан өткөн анча-мынчалары гана аман-эсен өмүр сүрүшүүдө. Жашоого жөндөмдүү ошондой цивилизациялардын катарында Кыргыз-түрк цивилизациясы да бар. Глобалдашуу доору башталганы, башка тирүү цивилизациялар сыяктуу эле, ал дагы тарыхтын жаңы чакырык-талабына кез келди. Эми Кыргыз-түрк цивилизациясынын келечеги мына ушул даркүмөн дүмөккө кандайча жооп беришине жараша болмокчу.

Айтылуу аалым Л. Н. Гумилёвдун пассионардык теориясына таянсак, биздей карыган-арыган эзелки элдин “алтын доору” эбак өтүп кеткендей туюлат. Бирок турмуш деген, жашоо деген, тагдыр деген, болмуш деген, барлык деген дайым эле теория боюнча боло бербейт деген үмүт-ишеничти арка тутуп, алдыда биздин деле келечегибиз, кайра гүлдөө доорубуз бардыр деп дуба кылалы да, а бирок, эң негизгиси – өзүбүз өжөрлөнүп, өлүп-талып, тынбай тырышып, өлбөс-өчпөстүн аракетин өчөштүк, көктүк менен көжөлө жасайлы; ансыз берекет болбосун эч убакта унутпайлы.

Тарыхтын татаал кезеңдеринде качан, кайда болбосун, калайык-калктар: биз кимбиз, кайсы түп тектен келип чыкканбыз, өз улуттук жана цивилизациялык өзөгүбүздү сакташ үчүн кандай нарк-дөөлөттөрдү туу тутуп, көбөйтүүгө тийишпиз, деген көлдөлөң суроолорго сөзсүз туш келбей койгон эмес. Атактуу Чыңгыз Айтматов кезинде бу көйгөйдү айкүрүнөн коюп, маңкурттан: «Кимдин уулусуң? Атың ким? Атыңды эсте?! - деп кан какшаганы бекеринен эмес да!.. Бул шарт Борбор Азия менен Кавказдын түрк тилдүү жаш республикаларына да толук тиешелүү экени шексиз.

Ааламдашуу доорунда асыресе рухий-маданий иденттүүлүк маселеси айрыкча курч мүнөзгө ээ боло баштады. Бүгүнкү тарыхый жагдай-шарт замандын айныгыс парадигмасы катары ириде дал ушул глобалдашуу процессин жана ага жооп иретинде, цивилизациялык иденттүүлүк феноменин биринчи планга чыгарууда. XXI кылым башындагы социалдык жашоо-турмуштун негизги мазмун-маңызы, баарыдан мурда, мына ушул эки тенденциянын кайчылаш биримдиги аркылуу айкындалууда.

Жалпыбызга маалым, түрк калктарынын мамлекет түптөө салты карт тарыхтын терең түпкүрлөрүнөн башталат. Тээ эзелки гундардын заманынан бери карай биздин даңктуу ата-бабаларыбыз тарыхта эчен бир улуу дөөлөттөрдү курап, мелмилдеген Евразия мейкининде олуттуу геосаясый роль ойноп келишкен. Азыркы түрк урпактарына арбактуу ата-бабаларыбыздын ошол даңазалуу жолун андан ары улап, глобалдык цивилизация дүйнөсүнөн бекем орун алуу жана тарыхтын жаңы талаптары менен чакырыктарына татыктуу жооп берүү милдети тагылган.

Эзелде эле жаамы түрк дүйнөсүнүн түпкү алтын бешиги жана айтылуу Махмуд Барскани (Кашгари) менен Жусуп Баласагындын Ата Мекени болгон касиеттүү Кыргызстан дээрлик он кылымдан кийин, үчүнчү миң жылдыктын башында байыркы түрк цивилизациясынын уюткулуу бир очогу катары кайрадан жаралып жатканы жакшы жышаан. Сөз жок, көз карандысыздык келген алгачкы кездерде, биринчи кезекте, улуттук нарк-дөөлөттөргө көбүрөөк көңүл бурулду, башкача айтканда, биз өзүбүздүн улуттук-этностук башат-тамырларыбызга өзгөчө басым жасадык. Улуттук тарыхыбызга канчалык терең үңүлгөн сайын, өзүбүздүн жаамы түрк дүйнөсү менен болгон өзөктөш биримдигибизге, ошол биримдиктин эзелки башаты, кан ордосу экенибизге ошончолук көзүбүз жетип ынандык.

Тойлордон кийинки ойлор

Мына ушул жагынан алып караганда, биздин тарыхый өтмүшүбүзгө тийиштүү «Манас» дастанынын 1000 жылдыгы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы, жана ошондой эле, Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгы сыяктуу даңктуу даталарга арналган илимий-практикалык иш-чаралардын мааниси өтө зор болду. Аталган иш-чаралардын алкагында масштабдуу илимий изилдөөлөр жүзөгө ашырылып, алар Ата-Журтубуздун, дегеле бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн тарыхын таанып билүү жагынан биздин билим-маалыматыбызды бир кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. Бир сөз менен айтканда, тарыхты терең үңүлүп үйрөнүү улуттук рухубуз менен маданиятыбызды азыктандыруучу тээ түпкүрдөгү бүткүл түрк этностору үчүн бирдей мүнөздүү болгон өзөк тамырларды табууга өбөлгө түздү. Ошондон улам, учурдагы глобалдашуу шартында улуттук нарк-дөөлөттөрүбүздү, улут катары өзүбүздү өзүбүз тек жалпы түрк цивилизациясынын негизинде гана сактап каларыбыз барган сайын калетсиз тастыкталууда.

Ушуга байланыштуу, А. Ж. Тойнбинин төмөнкү сөздөрү эрксизден эске түшөт: «Ар бир учурда биз жалкы бөлүктүн эмес, бүкүлү бүтүндүн терминдери менен ой жүгүртүп, повесттин главаларын жамааттын айрым мүчөсүнүн эмес, бүткүл коомдун окуялары катары аңдоого, анын өкүлдөрүнүн тагдырына – ар бирине өз-өзүнчө эмес, жалпы агымда көз салып,- аларды гармониянын туташ угумунда гана маани-маңызга ээ боло алган, а качан өз-өзүнчө жаңырган ноталардын жыйындысына айланар замат, ал касиетинен айрылып кала турган бирдиктүү бир бүтүн хордун аваздары сыңары кабылдоого тийишпиз».

Биздин оюбузча, борборазиялык түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда интеграция процесстерин мындан ары күч алдырууда дал ушуга окшогон орток тарыхый нарк-дөөлөттөр рухий өбөлгө катары кызмат өтөшү кажет. Айтмакчы, биз бу жагынан Батыш Европа цивилизациясы менен маданиятынын омоктуу фундаментине таянган Европа шериктештигинен үлгү алуубуз абзел. Ошондуктан, азыркы глобалдашуу процесстеринин контекстинде түрк цивилизациясы проблематикасын иликтөө жалаң илимий-теориялык гана эмес, ошондой эле, Евразияда орток экономикалык жана маданий-гуманитардык мейкин түзүү үчүн орчундуу практикалык мааниге да ээ.

Күн чубагы

Ушу тапта Батыш да, Чыгыш да ориенталистеринин ар тараптуу изилдөөлөрү аркасында Кытай, Индия, Эллада, Византия жана Араб-мусулман цивилизациялары менен карым-катнашта Борбор Азия кыйырларында түрк цивилизациясынын түпкү негиздери кандайча калыптанганы, башкача айтканда, ошол доордун жалпы орою аныкталып такталды. Түркология жаатындагы аттуу-баштуу аалымдардын тыянагы боюнча, түрк цивилизациясынын түпкүлүктүү архетиптеринин түзүлүшү мезгили жагынан Борбор Азиянын тарых айдыңында Түрк каганаты пайда болгон кезеңге туш келет. Түрк каганаты азуусун айга кайрап, каруу күчү толуп-ташып турган кезинде Чыгышта Корея, Түштүктө Кытай, Индия, Иран, ал эми Батышта Византия жана Чыгыш Европа менен чектешип турганы маалым. Жалпы түрк цивилизациясы менен маданиятынын Борбор Азияда андан ары телчигип, өсүп-өөрчүү этаптары Уйгур, Кыргыз, Түргөш, Карахандар каганаттарынын, Жеке Моңгол Улус жана Тимуридтер сулалесинин тарыхы менен ажырагыс байланыштуу.

Жогоруда эскерилген байыркы түрк мамлекеттеринин түрк цивилизациясын тикелөөдөгү олуттуу ролу бу күндө эч талашсыз. Каганат ордосунда ойдогудай табылып өкүм сүргөн энчи-кезек бийлик системасы өз мезгилинин эң эффективдүү аскерий-башкаруу системасы болгон. Анын шарапаты аркасында мамлекеттин ички коопсуздугу гана камсыз этилбестен, ошондой эле, жаңы аймактарды басып алып өздөштүрүү иштери да ийгиликтүү жүзөгө ашырылган. Түптүү мамлекет түзүлүшүнүн келип чыгышы, өз кезегинде, түрк цивилизациясын кураган башка өбөлгөлөрдүн өсүп жетилишине кубаттуу түрткү берген. Алар: рун жазуусуна негизделген орток адабий тил, өсүп-өнүккөн отуруктуу дыйканчылык, дөөлөттүк бийлик жүргүзүү институту, кол өнөрчүлүк жана соода-сатык борборлорун гүлдөткөн шаар маданияты, бүткүл түрк орток рухий маданиятын түптөгөн бирдиктүү мифологиялык дин ишеними– теңирчилик болгону белгилүү.

Ошентип, түрк элдери өз тарыхынын эргиген учурларында жаңыча түрдөгү кубаттуу аскерий-саясый институт гана түзбөстөн, аны менен биргеликте Кытай, Индия, Иран жана Византия цивилизацияларынын эң мыкты жетишкендиктерин өнө боюна сиңирген кайталаңгыс төл цивилизациясын да тикелешкен. Чыгыштагы Тынч океандан Батыштагы Адриатика деңизине чейиңки чексиз мейкинди мекендеген бүткүл түрк тайпа-журттары үчүн кийин бул оригиналдуу цивилизация алардын маданий-руханий кимдигин аныктоочу өзөктүү фактор болуп калган. Эгерде табигат менен коомдун өсүп-өөрчүшүнө ириде универсал эволюциячыл көзкараш менен серп салсак, анда азыркы ар түрлүү маданияттар жана цивилизациялар түпкүлүгү бир тамырдан өнүп чыккан деген ойго кошулабыз. Ошол эле учурда, арийне маданият дегенди цивилизациялык процесстердин түпкү негизиндеги өзөктүү маңыз, социалдык-тарыхый өнүгүүнүн духун жана багытын аныктоочу башкы рухий кудурет катары түшүнүү кажет. Ал эми бул өнүгүүнүн вектору, адамзаттын көп кылымдык тарыхый тажрыйбасы тастыктап тургандай, абал замандан эле ар кыл доор, континенттер менен калайык-калк маданияттарынын бири бирин байыткан жемиштүү карым-катнашына багытталган. Анын бир мисалы – соода-экономикалык кызматташтык кыйырларын кеңейтип, Чыгыш менен Батыштын рухий биримдигин бекемдеп, товар-мүлктөр, илим-билимдер, маданий дөөлөттөр мелмилдеген Евразия мейкиндери аркылуу тынымсыз аркы-терки агылып турган -Улуу Жибек жолу мезгили.

Белгилей кетүүчү нерсе, түрк цивилизациясынын үлүшүнө дүйнөнүн ошол эки уюлу ортосунда көпүрө болуу тарыхый миссиясы туш келген. Улуу Жибек жолу аталган дал ушул айтылуу көпүрө адамзат тарыхынын бурулуш бир учуру болгон. Ал пайда болгонго чейин Орто жер деңизи (Ак деңиз) цивилизациясы менен Ыраакы Чыгыш маданияты бири биринен обочо, өз-өзүнчө өнүгүп келишкен. Ошону менен, адеп тороло баштаган кезинен эле, түрк цивилизациясы континенттер аралык алака-катнаштардын оожалып өсүшүнө күчтүү түрткү берген. Натыйжада, цивилизациялардын өз ара диалогу үчүн омоктуу негиз түзүлгөн. Ал азыркы учурда каршы-терши кыймыл өкүм сүргөн кан жол статусуна ээ болуп, анда Батыш менен Чыгыш арасында күкүктөп кирген өзөн-суудай күүлдөп, информация дайрасы агылууда.

XXI кылым адамзат тарыхында ар кыл локалдык цивилизациялардын өз ара атаандашуу жана жарышуу доору болот. Ал атаандаш жарышта ким дүйнөлүк интеллектуалдык-технологиялык процесстен артта калбай, алдыга озуу менен өсүп-өнүгө алса гана - жалпы адамзат цивилизациясынан өз ордун табалат. Ал үчүн ар бир жекече цивилизация адегенде өзүн-өзү жетиштүү деңгээлде аңдап ачып, маданий-рухий көрөңгөсүн калган дүйнөгө көрсөтө билиши керек. Адам жашоосунун түпкү маани-маңызына жана келечек максатына карата болгон мындайча көзкараш акыркы убактарда көп айтылып жүргөн «цивилизациялар кагылышы» концепциясы менен «тарыхтын тамам болушу» идеологиясын караманча четке кагары өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Калык Ибраимов, философ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG