Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Эзелтен илим менен билимдин ордосу саналган Англияга жолдомо алыш үчүн сизден алдыга койгон чоң максат гана талап кылынат.

Таланттуу, дымактуу, өз өлкөсүнө өнүгүүнүн долбоорлорун ойлонуп, аны ишке ашыруу үчүн Британиядагы университеттерден билим алууну көздөгөндөр үчүн аталган өлкөнүн өкмөтүнүн "Чивнинг" программасы иштейт.

Программага Кыргызстан да катышат. Мурда ал жакка бир гана киши барып, билим алып келген болсо, быйыл жети киши жөнөп кетти. Алардын бири Элнура Аматова:

Элнура Аматова Англияга барууга жолдомону Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орт Смиттен алууда

Элнура Аматова Англияга барууга жолдомону Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орт Смиттен алууда

- "Чивнинг" программасына мен мындан мурда да бир нече ирет тапшырып, өтпөй калгам. Маселен 2009-жылы да өз бактымды сынап көргөм. Бирок анда иш тажрыйбам жетишсиз болуп калган. Анан мен койгон максатыма олуттуу мамиле жасап, жакшылап даярдана баштадым. Англис тилди да мыкты өздөштүргөнгө аракет кылып, "Чивнинг" талап кылган дил баянды шашпай, таптап жаздым. Быйыл өтүп, эми Британияга бир жылга сапар тарттым. Кайтып келгенде алган билимимди кыргыз коому үчүн пайдалуу долбоорлорго жумшайын деп жатам.

Жашаган жери, жол кире, окуган билими, медициналык камсыздоосунан тарта дээрлик бардык чыгымын Британ мамлекети төлөгөн бул программага бардык жаш курактагы каалоочулар катышса болот. Быйыл "Чивнингди" жеңип алгандардын ичинде банк кызматкерлеринен тарта, укук коргоочуларга чейин бар. Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Нуршат Абабакиров стипендианттар тууралуу буларды айтты:

- Эки стипендиант Лондондогу Экономика мектебине барат. Бул экономика боюнча дүйнөдөгү белдүү окуу жайлардын бири. Калгандары Кардиф, Кингстон, Баз, Глазго университеттеринде бир жылдык илимий изилдөө программасын окуп келет. Адистиктер да ар башка. Адам укугу, качкындар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, экономикалык иштер, банк иштери боюнча окуп, стипендианттар бул жакка кайтканда өз тажрыйбасын бөлүшүүсү керек. Бул программага өтүү үчүн ар бир талапкер өз тармагында жок дегенде эки жыл иштеп, магистрдык программасына байланыштуу тажрыйба топтоп, өзүнүн лидерлик сапаттарын көрсөтө алышы кажет.

Чивнинг стипендиясына ээ болгон кыргызстандыктар

Чивнинг стипендиясына ээ болгон кыргызстандыктар

"Чивнинг" программасынын тандоосу үч этаптан турат. Ага өткөндөрдүн айтымында, алгач өзү тандаган университеттин сынагынан өтүү абзел. Сынактар тууралуу маалымат www.chevening.org веб-сайтында улам жаңыланып илинип турат. Эң башкы шарттардын бири талапкер англис тили боюнча эл аралык ILTS сынагынан жетиден кем эмес балл алуусу зарыл.

Эскерте кетсек, ILTS сынагы быйылтан тарта Бишкек шаарында Британ элчилиги тарабынан уюштурула баштады. Эки кишинин сунуш каты, окуй турган тармагындагы максатын камтыган дил баяны жана дипломунун көчүрмөсү, Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорту болууга тийиш.

Сынак шарттары тууралуу талапкерлерди тандоого катышкан, "Чивнингдин" 2011-2012-жылдагы жеңүүчүсү Наргиза Рыскулова буларды айтып берди:

- Негизи биз талапкерлердин билимине карайбыз. Англис тилин жогорку деңгээлде билүүсү керек. Анан койгон максаты, Кыргызстанга кайтып келгенде кыла турган ишинин планы да абдан маанилүү. Эмне үчүн Англияга баргысы келип жатканын, ал жактан үйрөнгөн тажрыйбасын, билимин кантип колдонорун айтып бериши керек.

Азыр "Чивнинг" программасына Оксфорд университетинин Ислам динин таануу институту конкурс жарыялады. Кененирээк маалыматты Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин веб сайтынан алсаңыз болот. Ошондой эле http://www.chevening.org/kyrgyzstan дарегинен да англис тилинде тийиштүү маалыматтардын баарын таба аласыздар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG