Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

“Азаттык” радиосунун “Жан дүйнө” радио түрмөгүндө Кыргыз Эл артисти, композитор Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгы, обондору тууралуу сөз болду.

Түгөлбай Казаковдун домбуранын коштоосунда ырдалып жүргөн Салижан Жигитовдун сөзүнө жазылган “Шуулдаба терегим, теректерим...” аттуу ыры ар бир эле угармандын жан дүйнөсүн козгоп айылын, балалыгын, ата конушун эске салса керек. Жүрөктү эзген домбра кылдары эзелтен казак-кыргыздын ыры да, ыйы да бирге экенин айтса, обончунун коңур үнүндөгү кусалуу кайрыктар угармандарга жашоонун түбөлүктүү эмес экенин, ата-эненин, бир туугандын, тирүүлүктүн баалуулугун айтып муңканат. Күйөрмандары дээрлик бардык ырында муңайым маанай бар обончуну "Элегиянын султаны" деп атап коюшат экен.

Мурдагы маданият министри Султан Раев Түгөлбай Казаковду кыргыздын салттуу обонуна Рысбай Абдыкадыровдон кийин өзгөчө бурулуш жасаган обончу катары белгилеп, чыгармаларынын эмне үчүн элге алымдуу болгонуна мындайча токтолду:

- Казаков адамдын ички чыңалуусун көтөрүп чыккан обончу. Мага Түкөмдүн ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздүн гимниндей болуп сезилет. Мисалы, “Алтын балалыкты”, “Элегияны” эстесең, бул обондордун ушунчалык бир тереңдиги бар. Ошончолук деңгээлде жүрөккө жакын муң, кайрыктар. Бул Казаковдун музыка жаатындагы өзгөчө дүйнөсү.

Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев да Түгөлбай Казаковдун ырлары тазалыкка жуурулган, жеңил-желпиликтен алда канча бийикте турган жасалмасыз жашоону сүйүүнү, адамды сүйүүнү, ааламды сүйүүнү даңазалаган ырлар экенин айтып, учурда анын обондору кошуна өлкөлөрдө да ырдалып жүргөнүн белгиледи:

- Казаковдун түп нуска обондору кыргызга кенен тараган. Анын ырларын ырдаганга куштар болбогон ырчылар деле жок деп ойлойм. Түгөлбайдын ырларын жеке эле кыргыздар эмес казактар да ырдап жүрөт. Баса, бирде ал “мен эми мындан кийин мыкты обондорду чыгара албай калдым окшойт”- деп айткандай болгон. Албетте, анын обон чыгарып берип турганы эле жакшы эле. Бирок илхамы качып калганы чын болсо, минтип болгонун болгондой моюнуна алганы да жакшы.

“Обондун санын обончу эмес, эл эсептейт”

Замандаштары Түгөлбай Казаковду өз чыгармаларынын санына эмес, сапаттык баасына басым койгон талант катары баалашат. Автор өзү да буга чейин канча обон чыгарганын санаган эмес:

- Мен обондорумду санагым келбейт. Чыгарган ырларымдын ырдалып жүргөнү, ырдалбай калганы бар. Китепке киргени бар, кирбегени бар. Менин оюмча, обончу өзүнүн канча обону бар экенин санаганга болбойт. Эгер элдин оозунда канча ырың ырдалып жүрсө демек ошончо обонуң бар. Кокус чыгарган обондоруң элге тарабаса, эл ырдабаса анда аларды санагандын кандай кажети бар? Мисалы, Атай беш обон чыгарган. Азыр бешөө тең ырдалып жүрөт. Жакында ал обондорго жүз жыл болот.

Султан Раев Түгөлбай Казаковдун феномени чыгармачыл инсандардын арасында өзгөчө экенин айтат:

- Бул киши ырдай да билет. Ошону менен катар жаза да билет. Керемет ырларды жарата билген акындыгы да бар. Чыгармачыл дүйнөсү өтө кеңири. Журналистикада, коомдук иштерде атуул катары өз позициясы бар. Эч качан чарчадым, чаалыктым дебейт. Түкөмдүн чыныгы чыгармачыл инсан катары кыргыз маданиятында өз орду бар.

- Казаков адамдын ички чыңалуусун көтөрүп чыккан обончу. Мага Түкөмдүн ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздүн гимниндей болуп сезилет.

Казаков коомчулукка обончулуктан сырткары кара сөз, ыр жаатында жазган чыгармаларын да тартуулап келет. Эки жылдай мурун “Эсимде” аттуу чыгармасы китеп болуп да жарык көргөн. “Жамгыр”, “Ильяздын ыры” аттуу бир нече обондуу ырларынын сөзүн да өзү жазганы бар. Бирок Түгөлбай Казаков бул үчүн өзүн жазуучу же акын деп эсептебейт:

- Адабияттын сыртында жүргөндөрдүн тизмесине киргизип койсо болот. Мен адабиятта да иштейм деп айта албайм. Бул абдан чоң жоопкерчилик. Мени эгер “обондогу Казаков” деп айтса бул жоопкерчиликти кандайдыр бир деңгээлде көтөрө алышым мүмкүн. Албетте, мен адабиятта аралашып жүргөн халтурщиктерге караганда ырды деле, кара сөздү деле жакшы жазам. Бирок жазуучумун же акынмын дегеним туура эмес.

Талант-тагдыр

Чынында Казаков ыр, макала жазууну обондон биринчи баштаган. Өзүнүн айтуусунда, ал башында кыргыз филология факультетине тапшырып, жазуучу болсом деп ойлогон экен. 6-классынан баштап райондук гезитке кабарчы катары макала жазып жүрөт.

- Мен эмне үчүн Кудай берген мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдаланып, жасай турган иштеримди жасай алган жокмун деген бир чоң арманым бар менин. Мен ушул күнгө чейин кур дегенде төрт, беш китеп чыгарышым керек эле.

Бирок мектепти бүтүп жогорку окуу жайына келгенде, ал кезде адабий чөйрөгө белгилүү болуп калган бир тууган агасы, акын Аман Токтогуловдун кеңеши менен башка кесипке тапшырат:

- Кабарчылыктан баштагам. Мен эч качан музыкант болом деп ойлогон эмесмин. Жазуучу болом деп ойлогом. Ошондуктан жанталашып китептерди окугам. Мектепте жүргөндө жанталашып макала жазгам. Ыр жазгам. Келсем менин агам Аман Токтогулов "Экөөбүз бирибиз жазып, бирибиз сындап, адабият майданында чабышып жүрмөк белек, сен башка жерге окууга бар" дегенинен, политехке кетип калгам. Кичине романтика эмеспи деп тоо геология факультетине киргем.

Бирок тагдыр Казаковду кайра эле чыгармачыл чөйрөгө тартат. Техникалык окуу жайдын биринчи курсун бүтөрдө искусство институтунда бир таанышына келип, ал жерден кайра бала кезиндеги ышкысы ойгонуп музыкага аралашып калган.

Өзөктөгү өкүнүч

Алтынчы класстан баштап райондук гезитке макала жазып, кийин обончу катары таанылган, кезинде маданият министринин орун басары, КТРКнын жетекчиси болуп келген, учурда журналистиканын казанында кайнап жүргөн Казаков биз менен өзүнүн жан дүйнөсүн кыйнаган арманы менен да бөлүштү:

- Мен эмне үчүн Кудай берген мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдаланып, жасай турган иштеримди жасай алган жокмун деген бир чоң арманым бар менин. Мен ушул күнгө чейин куру дегенде төрт, беш китеп чыгарышым керек эле. Алар жакшы китеп болмок. Музыка жаатында аспаптык пьесаларды жасашым керек эле.

Казаков бул арманы үчүн жеке өзүн күнөөлөйт:

- Мен жалкоо кыргыздын стилинде иштедим да. Обон өзү келип таптакыр эле чыкпасам болбойт деп калганда гана жазып жүрдүм. Таптакыр жанталашкан жокмун. Бүгүнкү күндө ойлойм, бекер кылдымбы деп. Кайсы темага иштесем да обон чыгып турган учур болгон. Мен кыл кыяк үчүн күү жазсамбы деп ойлочумун. Аны да жасай албай калдым окшойт.

Обончу өнөр адамы мыкты чыгармаларын жанып, күйүп турган жаш куракта жаратыш керек, алтымыш жаштан ашкандан кийин мыкты чыгармаларды жарата албай калат деген ойдо.

Кыргыз улуттук музыка өнөрүнө 70-жылдарда келип кирген обончу өзүнүн чыгармачылыгында угармандарга “Алтын балалык”, “Элегия”, “Жамгыр”, “Сүйүү жазы”, “Гүлзарлар”, “Эстелик”, “Гүлдөр” деген сыяктуу ж.б бир нече ырларын тартуулады. Сүйүү сезимине арналган, кусалыкка толгон, аруу сезимге оронгон бул ырлар кыргыздын кыйырына жетип, өз угармандарын тапкан.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG