Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Палмирада айыгышкан кагылышуулар жүрүп жатат


"Ислам мамлекети" эктремисттик уюму Палмираны ишембиде басып алган.
"Ислам мамлекети" эктремисттик уюму Палмираны ишембиде басып алган.

Сириянын байыркы Палмира шаарында Орусиянын колдоосуна ээ өкмөттүк күчтөр менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринин ортосунда айгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.

Ишембиде шаарды басып алган террорчуларды орус аба чабуулдары 11-декабрда калаанын четине сүрүп чыгарышканы кабарланган.

Кийинчерээк Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюмдун маалыматына ылайык, согушкерлер кайрадан Палмиранын борборун өз карамагына алышты.

Орусиянын Коргоо министрлиги шаарды басып алууда “Ислам мамлекети” радикал уюмунун төрт миңдей аскери тартылганын билдирди. Ырасталбаган кабарларга караганда, террордук топ артилерия жана миналанган автоунааларды колдонууда.

Экстремисттик уюм Пальмираны алгач 2015-жылдын май айында басып алган. Он айдан кийин өкмөттүк күчтөр орус аба чабуулдарынын жардамы менен шаарды жихадчылардан бошоткон. Он айдын ичинде согушкерлер көптөгөн байыркы эстеликтерди жок кылып, археологиялык музейден жетекчисинин башын алууга жетишкен.

XS
SM
MD
LG