Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Валюта фонду Грецияга жардам берүүгө даяр


Афины, 6-июль, 2015-жыл
Афины, 6-июль, 2015-жыл

Эл аралык Валюта фонду Афины өкмөтү кайрылса, жардам берүүгө даярдыгын билдирди. 5-июлда гректер жалпы элдик референдумда донорлордун шарттарын четке кагышкандан кийин еврозонага кирген өлкөлөрдүн лидерлери 8-июлда саммитке чогулушмакчы.

Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристин Лагард жасаган билдирүүдө: “Греция бийлигинен өтүнүч түшсө, биз көмөктөшүүгө даярбыз”, - деп айтылат.

Греция эл аралык кредиторлордон алган карыздын 1,6 млрд. еврого барабар кезектеги траншын өткөн жумада төлөөгө тийиш эле. 5-июлдагы референдумда гректер үнөмдөө программасын четке кагышкан. Анын шарттары кабыл алынса, өлкөгө жардамдын жаңы пакети берилмек. Өткөн аптада Валюта фонду Афины буга чейинки насыядан кутулбаса, кошумча акча берилбей турганын эскерткен.

Премьер-министр 5-июлда сыналгыдан калкка кайрылган
Премьер-министр 5-июлда сыналгыдан калкка кайрылган

Ал тапта Грециянын бийликтеги жана оппозициядагы ири партиялары премьер-министр Алексис Ципрастын жаңы финансылык пакет алуу аракетин колдогон биргелешкен билдирүү таратышты.

"Өкмөт сүйлөшүүлөрдү улантуу жоопкерчилигин өзүнө алат, ар бир саясий лидер өзүнүн институционалдык жана саясий ролуна жараша ал аракеттерге салым кошот", - деп айтылат билдирүүдө.

Анын алдында Германия жаңы карыз берүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан.

Канцлер Ангела Меркелдин маалымат катчысы Штефен Зайберт 6-июлда жардамдын жаңы программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого негиз жок экенин айткан. Анын белгилешинче, Греция бирдиктүү валюта мейкиндигинде калып калбоону өзү чечет, Берлин болсо Афинынын сунуштарын күтөт.

Референдумдан кийин тамашалуу карикатуралар социалдык тармактарда тарай баштады
Референдумдан кийин тамашалуу карикатуралар социалдык тармактарда тарай баштады

Евротоптун жетекчиси референдумдун жыйынтыгы Грециядагы финансылык кризисти жөнгө салуудан алыстатканын белгиледи. Ал эми Евробиримдиктин Франция, Италия жана Испания сыяктуу лидерлери мунаса табуу жолун тандашкандай.

Италиянын премьер-министри Маттео Ренци Фейсбуктагы баракчасында "Европа бюджетти үнөмдөө жана эсеп-кысаптар гана эмес, экономикалык өсүш, инфраструктуралар жөнүндө да ойлонууга тийиш... Баалуулуктар – бул жалаң сандар эмес”, - деп жазат.

Еврокомиссиянын төрага орун басары Валдис Домбровскис болсо "Греция Европага таандык" деп комментарийледи:

- Бир нерсе айдан ачык – Грециянын орду Европада. Бул оңой эмес кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык тараптар грек элинин келечеги үчүн жоопкерчиликтүү иш алып барышы керек.

Референдумдун алдында "жок" деген жоопко үндөгөн митинг өткөн
Референдумдун алдында "жок" деген жоопко үндөгөн митинг өткөн

Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд 8-июлда евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн саммитин утурлай Парижде өзүнчө жолугушуу өткөрүшмөкчү.

Бийик жолугушууда Ципрас жардамдын жаңы пакети боюнча өз сунуштары менен тааныштырат деп күтүлүүдө.

Референдумдан кийин грек финансы министри Янис Варуфакис кызматынан кетээрин жарыялаган. Ал кечээки билдирүүсүндө премьер-министр Ципрас анын кызматтан кетиши "келишимге жетишүүгө жардам бериши мүмкүн" деп чечкендиктен ушундай кадамга барганын айтты. Еврозонанын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдө оройлугу менен таанылган Варуфакис быйыл январда жаңы өкмөттүн курамына кирген. Анын ордуна карыз боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектеп келген Эуклид Цакалатос дайындалды.

XS
SM
MD
LG