Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Идомени лагери тазалана баштады


Идоменидеги качкындар лагеринде такай нааразылык акциялары өтүп келген.
Идоменидеги качкындар лагеринде такай нааразылык акциялары өтүп келген.

Греция чек арадагы качкындар лагерин тазалоону баштады. Македония менен чек арадагы Идомени акыркы бир нече айдан бери Европанын түштүгүнөн түндүгү менен батышын көздөй өтүүгө умтулган миңдеген мигранттар жыйналган жайга айланган.

Греция-Македония чек арасындагы лагерди өкмөттөр эмес, качкындар менен мигранттар өздөрү түзүп алган эле.

Быйыл февралда Европанын түндүгү жана батышын көздөй умтулгандар үчүн Балкан жолу жабылгандан бери ошол лагерде миңдеген адам ачык асман алдында жашап келди.

Эң көп дегенде ал жерде чогулгандардын саны 12 миңден ашкан учур болгон. Акыркы санактарга караганда, ал жерде 8200дөй адам турган. Грек бийликтери ошол лагерди тазалоого шейшемби күндөн тарта киришти.

Лагерден бир көрүнүш, 24-май, 2016-жыл.
Лагерден бир көрүнүш, 24-май, 2016-жыл.

Алар ырастагандай, бул лагердегилер эми бир нече күндүн ичинде өкмөт качкындар менен мигранттар үчүн өлкөнүн башка аймактарында даярдаган жайларга көчүрүлөт.

Шейшемби түшкө чейин лагерден, грек полициясынын айтымында, 1100 качкын жана мигрант чыгарылып кетти.

Идоменидеги качкындар лагеринде такай нааразылык акциялары өтүп келген. Мигранттар менен качкындар чек араны бузуп кирүүгө бир нече жолу аракеттенишип, македон полициясы аларга каршы күч колдонгон учурлар да болгон.

Ушул окуялар эске алындыбы, шейшемби күнү македон тарап чек аранын өз тарабында коопсуздук чараларын, коопсуздук күчтөрүнүн санын да көбөйттү.

Ал эми Греция тараптан лагерге кеминде полициянын атайын күчтөрүнүн 200дөй өкүлү келди. Мигранттар автобустарга полициянын көзөмөлү алдында отургузулуп жатты.

Европанын түндүгү менен батышына багыт алгысы келген мигранттар буга чейин Греция менен Македонияны туташтырган темир жолду тороп, жүк тарткан поезддерди бир нече апталап өткөрбөй койгон учурлар да болгон. Мындан улам темир жол каттамдарынын багыты Болгарияны карай өзгөртүлгөн эле.

Идоменидеги качкындар. 24-май, 2016-жыл.
Идоменидеги качкындар. 24-май, 2016-жыл.

Эл аралык миграция уюмунун эсеби боюнча 15-майга Жер ортолук деңизи аркылуу эле Европанын жээктерине дээрлик 190 миңге жакын мигрант келди. Алардын 155 миңге Грецияга барган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырганда көптүк кылат.

Былтыр беш айда Еропанын жээктерине Жер ортолук деңизи аркылуу 90 миңдей эле мигрант жеткен.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG