Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Бишкекке жаз келди. Баштагы жашыл шаардын аты калып өзү жок, бак-дарактары тегиз кыйылып, ордуна кабат-кабат заңгыраган үйлөр курулуп жатат.

Шаардыктардын көз алдында жапжашыл калаа иретсиз таш үйлөрдүн төөбастысында калууда. Бишкектин кыйылбай калган бак-дарактарын быйылкы кургакчылыктан кууратпай сактап калуу үчүн кандай иштер жүрүүдө? “Азаттыктын” талкуусу мына ушул маселеге арналды.

Талкууга Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жамалбек Ырсалиев, Улуттук илимдер академиясынын медико-биология бөлүмүнүн окумуштуу катчысы Гүлай Осмонканова жана Бишкектин жашылдандыруу ишканасынын агроному Жаныбек Жумалиев катышты.

“Азаттык”: Гүлай айым, сиз Бишкек шаарынын көрүнүшүнө биолог окумуштуу катары көз саласыз да. Акыркы 25 жыл ичинде шаардагы кандай көрүнүш сизди кубандырат, кайсы көрүнүш сизди өкүндүрөт?

Гүлай Осмонканова: Мен Бишкек шаарында 1970-жылдан бери жашайм. Ошол убактан бери бир кездеги жашыл шаар абдан өзгөрдү. Шаардыктар эс ала турган бактуу жерлерге үйлөр, соода борборлору көп курулуп жаткандыктан шаар ысып, үп боло баштады. Ал эми Бишкектин "өпкөсү" деп саналган ботаника багын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жана башка мекемелер тартып алалы деп көп аракет кылып келатышат. Аны Улуттук Академия гана өз каршылыгы менен сактап келүүдө.

Баялинов жана Махатми Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде мечит салынган, ал жердеги 400дөн ашык түп бак кыйылышы керек деген чечим келген.

“Азаттык”: Жамалбек мырза, экология жана техника боюнча шаардык инспекция жыл башынан бери чоң чуу салган үч фактыны аныктап, аны жасагандар сөзсүз жазаланышы керектигин билдирди. Ал Бишкектин Сүйүмбаев-Чүй көчөлөрүнүн, Чүй-Гоголь көчөлөрүндөгү көп жылдык бактардын кыйылышы жана Фучик паркында үй салуу фактысы. Аны шаардык кеңештин депутаттары рейд жасап өз көздөрү менен көрүштү. Эми ушул иштер боюнча күнөөлүүлөрдүн жазаланышына, эң башкысы, кыйылган бактардын ордуна жаңыларынын тигилишине депутаттар таасир көрсөтө алабы?

Жамалбек Ырсалиев: Мыйзам бузуу фактылары аныкталып, айып пул салынып жатат. Биз колдон келген аракетти көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, бир кезде Бишкекти СССРдеги эң жашыл бак-дарактуу шаар деп аташчу эле. Азыр архитектуралык ансамбли жок башаламан салынган кабат-кабат үйлүү, жасалма гүлдүү шаарга айланып бара жатат. Мындай көрүнүшкө башкы күнөөкөр ким?

Жаныбек Жумалиев: Бишкекте өткөн кылымдын 1950-60-жылдары отургузулган бактардын мөөнөтү бүткөн, аларды санитардык тазалоо талабына ылайык кыябыз. Себеби, ал кезде азыркыдай атайын эрежеге ылайык отургузулган эмес. Ал эми Фучик паркындагы окуя кызуу талкууланып жатат. Ал жер менчикке токтом менен берилип, кызыл китеп берилген. Шаардык экотехникалык инспекцияга берилген экен. Азыр териштирилип жатат. Жашылдандыруу курулуш мекемеси мындай чечимдерди өзү бербейт. Мисалы, Баялинов жана Махатми Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде мечит салынган, ал жердеги 400дөн ашык түп бак кыйылышы керек деген чечим келген. Биз ага уруксат бербей мэриядан аны кайра жокко чыгарганга жетиштик.

Угармандын пикири: Мен Бишкек шаарынан чалып жатам, атым Бүбүсара. Дарактарды кыйгандарга айып пул салабыз деп жатасыңар. Бул аларга айып пул эмес, сыйлык пул болуп калды. Кыйылган бир даракка канча айып пул салынат? Менимче, айып пулдун көлөмүн көбөйтүп, жылына 50-100 миң сомго чейин айып пул салуу керек.

Жаныбек Жумалиев: Туурасы 40 сантиметрден ашкан ар бир бакка 8-9 миң сом салынат. Ошол төлөнгөн акчага жашылдандыруу мекемеси башка жерге бактарды отургузууга милдеттүү. Айып пулдун көлөмүн эсептөө боюнча жаңы ыкманын долбоору шаардык кеңештин кароосуна берилди. Анда болжол менен бир бак үчүн 24-28 миң сомдун айланасында каражат төлөнсүн деп даярдалып жатат.

“Азаттык”: Гүлай айым, бир топ жылдан бери Бишкектин "өпкөсү" болгон Ботаника багына көз артуу күчөп бара жатат. Эгер бул бак жоюлуп, анын ордуна курулуш түшсө, борбордун экологиясына кандай таасир берет?

Гүлай Осмонканова: Абдан начар болот. Ал жер шаардын "өпкөсү". Жай ысыганда ошол жерден салкын жел согуп турат. Жайында ошол жерде көп адамдар эс алышат. Аны сактап калуу зарыл.

“Азаттык”: Жамалбек мырза, өткөн кылымдын 70-жылдары Бишкекти өнүктүрүүнүн башкы планын түзгөн архитекторлордун бири Кондучалова өткөн жылы КТРКга интервью берип, анда эгер шаарда үйлөр, имараттар ушул калыбында чалды-куйду салына бере турган болсо 5-10 жылдан кийин Бишкек мончого айланат деп билдирди. Алар архитектураны түзгөндө шаар шамалдап турушу үчүн ири төрт-беш көчө ачык болушу керек жана үйлөр бири-бирине нормага ылайык алыс салынышы керек деп эреже коюшкан экен. Азыр кесим жер үчүн жанын берген ишкерлер эч кандай эрежени сактаган жери жок. Шаардык кеңеш бул маселе боюнча аракет көрүп жатабы? Чамаңар жетеби?

Жамалбек Ырсалиев: Чамабыз жетет деп айтсак, жомокко окшоп калат. Шаардагы курулушка уруксат берген мекемелер “Бармак басты көз кысты” мамиле менен уруксат берип, бак-дарактар кыйылып, соода борборлору курулуп калып жатат. Ага шаар мэриясы, муниципалдык менчик жана архитектура башкармалыгы чечим чыгарып берип жатышат. Тескерисинче, ушундай иштерге ошолор дыкат көзөмөл кылышы керек да. Мисалы, борбордогу "Вефа" борборун канчалаган бактарды кыйып туруп салышты. Тиешелүү мекемелер жең ичинен чечип коюп жатышат.

Окумуштуулар Бишкектеги ооруган бактарды изилдеп, себеби экологиядан деген тыянакка келишкен. Себеби, жашыл газондордо жашаган курт-кумурскалар жерде өскөн өсүмдүктөр азайып кеткенден улам бактын жалбырактарын жеп жогору чыгып кетүүгө мажбур болушат экен.

“Азаттык”: Жамалбек мырза, Чехиянын Прага шаарында метро бирде тоого чыгып, бирде көлдү айланып, бирде токойго кирип жүрөт. Шаар Влтава дарыясынын жээгинде болсо да ар бир дарактын, ар бир гүлдүн жашоосу үчүн шаардыктар өзүн жооптуу сезишет. Негедир Бишкектеги жылдап турган бак-дарактарга, өсүмдүктөргө бир келип чаап кеткен душмандай мамиле жасайбыз. Эмне үчүн ушундай көрүнүшкө тоодой убада берип шайланып келген депутаттар кайдыгер карап жатасыздар?

Жамалбек Ырсалиев: Тоскоолдук аракети барып эле акчага такалып жатат. Акча берип эле уруксат кагаздарын акчага сатып алып жатышат.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, Иса Өмүркулов мэр болуп турганда Бишкекти жашылдандыруу боюнча план жарыяланган. Ага ылайык Бишкекте 100 пихта, 750 ийне жалбырактуу дарак отургузулган жана гүлгө жамынып калмак. Эмне үчүн ошол жылдары отургузулган миңдеген бак-дарактар сугарылбай, каралбай калды? Эмне үчүн жылда ишембиликте отургузулган бактардын көбү куурап калат?

Жаныбек Жумалиев: Куурап калып атат деп айтуу туура эмес. Отургузулган көчөттөрдүн баарын ар бир райондун тиешелүү мекемелери тизмеге алып, карап турушат.

“Азаттык”: Гүлай айым, Бишкектеги эмен дарактары ооруганда жана андан кийин жашылдандыруу үчүн кайсы жерге кандай бак-дарактарды, гүлдөрдү отургузуу боюнча Бишкек мэриясы окумуштуулар менен кызматташабы?

Экологдор Бишкектеги эмен дарактарынын жалбырагынын эрте куурай баштаганы коркунучтуу белги экенин айтышууда.

Экологдор Бишкектеги эмен дарактарынын жалбырагынын эрте куурай баштаганы коркунучтуу белги экенин айтышууда.

Гүлай Осмонканова: Албетте, кызматташат. Биолог окумуштуу, академик Токторалиев башында турган окумуштуулар ооруган бактарды изилдеп, себеби экологиядан деген тыянакка келишкен. Себеби, жашыл газондордо жашаган курт-кумурскалар жерде өскөн өсүмдүктөр азайып кеткенден улам бактын жалбырактарын жеп жогору чыгып кетүүгө мажбур болушат экен. Демек, бул Бишкектин экологиясынын кооптуу болуп жаткандыгынын далили.

Угармандын пикири: Атым Иса, Бишкектен чалып жатам. Катышуучулар бактарды акт менен кыябыз деп жатышат. Ал эми өзүмбилемдик менен кыйып жаткандарды эмне үчүн токтотушпайт? Мисалы, батыш автовокзалынын жанында “Мир плова” деген кафе турган жер мурун сонун парк болчу. Азыр зым менен тосуп алып, бактарды көз-көрүнөө эле кыркып жатат. Аны токтото аласыңарбы?

Жаныбек Жумалиев: Жибек Жолу жана Малышев атындагы көчөлөрүнүн кесилишиндеги ал жер 49 жылга арендага берилген. Демек, ал жердеги бактарга ошол ижарачы жооп берет. Бирок, ал жер жашылдандыруу мекемесинин балансында турат.

“Азаттык”: Ал эми Фучик паркында үй курам деп кызыл китеп алгандарды тескей аласыздарбы?

Жамалбек Ырсалиев: Кулматов мэр болуп турганда кызыл китебин жокко чыгаруу аракети башталган. Азыр так чечим чыга элек.

Гүлай Осмонканова: Бул жерде депутат менен мэриянын кызматкери суроолорго так жооп бере алышпай, тайсалдап жатышат. Биз баарыбыз эле Бишкекте эмне үчүн каалаган жерине үй салып, бактарды каалагандай кыркып жаткандыгын көрүп турбайбызбы! Бул жерде жоопкерчилик гана жок! Ушундай иштер Америкада, Кытайда, Жапонияда же Кореяда жасалса кандай жазаланат билебиз, бизде да ошондой чара керек болуп калды.

Жамалбек Ырсалиев: Бул жерде тайсалдаган жерибиз жок. Акча менен сатып алууларды токтото албай жатабыз. Сөз менен айтылып, кылмыш иши козголгон менен иштердин баары акыры сотко барат, анан сотторго өздөрү каалагандай чечим чыгартып алып жатышпайбы...

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG