Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Хакерликке шектелген Карим Баратов ким?


2014-жылы Yahoo интернет корпорациясынын сервери хакердик чабуулга кабылган.
2014-жылы Yahoo интернет корпорациясынын сервери хакердик чабуулга кабылган.

Казакстанда туулуп-өскөн канадалык тургун Карим Баратов Yahoo компаниясына каршы хакерлик чабуулга катыштыгы бар деп айыпталууда.

Кошмо Штаттардын бийлигинин маалымдашынча, Yahoo компаниясынын иши боюнча Орусиянын атайын кызматтарынын офицерлеринен башка алар менен кызматташкан деп дагы эки киши хакерликте айыпталып жатат. Алардын бири - учурда Канадада жашаган казакстандык Карим Баратов экени белгилүү болду.

АКШ ФИБи издөөгө алгандар (солдон оңго): Дмитрий Докучаев, Алексей Белан жана Игор Сущин. Март 2017.
АКШ ФИБи издөөгө алгандар (солдон оңго): Дмитрий Докучаев, Алексей Белан жана Игор Сущин. Март 2017.

15-мартта АКШнын бийликтери Yahoo компаниясына каршы 2014-жылы болгон ири хакерлик чабуулга тиешеси бар деп шектелген Орусиянын атайын кызматынын эки офицерине айып тагып жатканын билдирген. Алардын бири - быйыл февралда Москвада орус бийликтери тарабынан чыккынчылыкка шектелип кармалганы айтылып келет. Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын АКШ айып тагып жаткан офицерлеринин ысымдары - Дмитрий Докучаев жана Игорь Сущин деп ачыкталууда.

Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин өкүлү Николай Лахонин АКШнын айыптоолору боюнча расмий билдирүү колунда жок экенин "Азаттыкка" маалымдады. Ал Кошмо Штаттардын тийиштүү органдары Yahoo компаниясынын интернет барагына чабуул жасаган хакерлерди кармоо боюнча Орусия тарапка кайрылбаганын билдирген.

АКШнын Юстиция министрлиги хакердик чабуулдарга башка дагы эки кишинин катыштыгы бар деп эсептөөдө. Алар - орусиялык Алексей Белан жана казакстандык Карим Баратов мырзалар.

Баратов 14-мартта расмий Вашингтондун өтүнүчү менен Канадада кармалган. 22 жаштагы Карим Баратовдун Карим Таловеров, Ахмет Токбергенов деген да ысымдары бардыгы жана Канада, Казакстандын жараны экени АКШнын юстиция министрлиги тараткан документте маалымдалат.

Канадалык жергиликтүү массалык маалымат каражаттары Карим Баратов шейшемби күнү өз үйүндө кармалганын маалымдашты. Канадалык басылмалардын жазышынча, Баратов орус журналисттеринин, америкалык, орусиялык ишкерлердин электрондук кат-кабарларын бузууга катыштыгы болушу мүмкүн.

Карим Баратовдун кармалгандыгы тууралуу канадалык ММКлардын маалыматынан. 16.3.2017.
Карим Баратовдун кармалгандыгы тууралуу канадалык ММКлардын маалыматынан. 16.3.2017.

Анкастер шаарынын бир тынч көчөсүндөгү Баратовдун коңшулары ал үч жатак бөлмөлүү чоң тамда жалгыз бой жашаганын жана кымбат унаалардын ышкыбозу болгонун CBC/Radio-Canada басылмасына айтып беришкен. Хакерликке шектелип жаткан Карим Баратов кошуналары менен тыгыз мамиле түзгөн эмес. Анын инстаграмм баракчасында 30 миңге жакын катталуучу бар.

Ал өзүнүн баракчасына BMW, Мерседес сыяктуу кымбат үлгүдөгү автоунаалардын сүрөттөрүн байма-бай жүктөп турган. Ошондой эле ал социалдык тармактарда өзүн билимдүү жана жетишээрлик бай катары көрсөтчү.

Онтарионун Анкастер шаарындагы бул үйлөрдүн биринде К.Баратов камакка алынганга чейин жашап турган. Канада. 16.3.2017.
Онтарионун Анкастер шаарындагы бул үйлөрдүн биринде К.Баратов камакка алынганга чейин жашап турган. Канада. 16.3.2017.

Дүйшөмбү күнү, 13-мартта Баратовдун чоң тамынын алдында аны сатыкка чыгаргандыгы тууралуу жарнак илинип калды. Анын турак үйү 929 миң долларга бааланаарын канадалык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Эртеси полиция кызматкерлери күтүүсүздөн пайда болуп, учурда бул чоң үй жабык турат.

Ал эми америкалык The Wall Street Journal хакерликке шектелип жаткан Карим Баратов өзүнүн байлыгын интернетте даңазалап көрсөтүп турганын жазды. Басылма ал интернет тармагында үзүрлүү иштеп жатканын мактанганын белгилейт. Ал Rolex саатына, кымбат баалуу сигарларга, өзгөчө кымбат автоунааларга ээ экенин социалдык тармактарда мактанып жазып турган.

Канадалык массалык маалымат каражаттары Карим Баратов Yahoo компаниясына каршы хакерлик боюнча сот жүрүмүндө жалгыз жооп берүүчү болуп калаары ыктымал деп белгилешет. Себеби АКШ менен Орусиянын ортосунда кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп берүү боюнча расмий келишим жок. Андыктан ири хакерликке шектелип жаткан үч орусиялыкты расмий Москванын АКШга өткөрүп берүү ыктымалдуулугу төмөн.

Ал эми Казакстандын тышкы иштер министрлиги Твиттердеги (Twitter) расмий баракчасына Карим Баратов 2011-жылы Казакстандын жарандыгынан чыккандыгын маалымдады.

2014-жылы Yahoo интернет корпорациясынын сервери хакердик чабуулга кабылып, анын айрым кардарларынын купуя маалыматтары сыртка дайын болуп калган. Жалпысынан жарым миллиардга чукул колдонуучунун аты-жөнү, электрондук дареги, телефон номурлары сыяктуу купуя маалыматтары уурдалган. Үч жыл мурун болгон хакердик ири чабуулду учурда АКШнын Федералдык иликтөө бюросу териштирип жатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG