Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Коллайдер Аалам кантип жаралганын иликтөөгө жол ачат


Баарын тамшанткан Ири адрон коллайдери.

Баарын тамшанткан Ири адрон коллайдери.

Бөлүкчөлөрдү тездетүүчү чоң коллайдер 14 айлык ремонттон кийин (20-ноябрда) ишке киргизилди. Франция менен Швейцариянын чек арасында жайгашкан ири илимий сынак жайында өткөрүлгөн бул ири илимий сыноо аалам кантип жаралганы тууралуу суроого ачкыч табышы ыктымал.

Бөлүкчөлөрдү тездетүүчү Ири адрон коллайдери (Large Hadron Collider), башкача айтканда, өзөктүк эң кичинекей бөлүкчөлөрдү ири ылдамдыкта кагыштыруучу илимий лаборатория, Франция менен Швейцариянын чектеш жериндеги тоолордо жайгашып, 100 метр чуңкурда 27 чакырымга созулган туннелди ээлейт. 2009-жылдын 20-ноябрында кечинде анын куур өңдөнгөн каналдары аркылуу өзөктүк бөлүкчөлөр чуркатылды жана ал эксперимент ийгиликтүү өткөнү кабарланды.

Жалпысынан 10 млрд. долларга тургузулган Ири адрон коллайдери былтыр сентябрда алгач ишке киришкен. Бирок бир нече күндөн кийин жөнөкөй эле электр кубатынын (энергиясынын) чагылышынан анын аппаратынын басымдуу бөлүгү иштен чыккан эле. Ошондон бери ал эми гана алгачкы жолу сыналып жатат.

Бул коллайдерди Европадагы өзөктүк (ядролук) изилдөөлөр борбору башкарат. Анын башкы директору Ролф Хеуер “Бөлүкчөлөр туннелден жакшы айланып жатканына кубанып турганын, бирок физика боюнча чыныгы иш башталышына али эртерээк экенин, ошентсе да азыр иш туура нукта баратканын” айтты.

Ири адрон коллайдери - өзөктүк бөлүкчөлөрдү тездетүүчү дүйнөдөгү эң ири долбоор. Анын жардамы менен окумуштуулар атомдук бөлүкчөлөрүн бири-бирине кагыштырып, акыр аягында аалам жаралышына негиз болгон миллиарддаган жылдар мурдагы улуу жардыруудагы абалды изилдеп көрүүгө шарт түзүлөт дешет.

Бул изилдөөнүн маанилүү жактарынын бири – Хисстин бозон бөлүкчөсүн табуу. Бул өтө кичине атомдук бөлүкчө деп айтылып жүрөт. Азырга чейин ал табыла электигине карабай, физика илиминдеги теориялар анын бар экенине негизделген. Аны кармаш үчүн энергиялардын өтө чоң кагылышы керек. Андыктан коллайдердин иши бул суроого жооп берет го дешет.

2004-жылы британиялык физик Питер Хисс өзүнүн атына коюлган ал бөлүкчөнү издөө иштери тууралуу айткан эле. "Кимдир-бирөө ал бөлүкчөнүн жаратылышта такыр жок экенин далилдеп берсе, бул мени аябай өкүнтмөк, - деген ал. - Анткени ага негизделген теория менен практика жакшы айкалышат".

Ири адрон коллайдери 271 градус суукта иштейт. Анткени протондор менен оор өзөктүк бөлүкчө-адрондорду ааламдын ылдамдыгында жүгүртүү үчүн бөлүкчөлөрдүн тез айланышын камсыз кылган магниттерди эң муздак абалда кармаш керек.

Анткен менен коллайдер азырынча ишке толук кирише элек. Ири адрон коллайдери 2010-жылы январда толук ишке кирише баштайт.

Жаратылышты коргоо боюнча айрым окумуштуулар Ири адрон коллайдеринин ишин сынга алып, ал жер планетасында капкара такты пайда кылат дешет. Бирок коллайдердин ишинен физиканын фундаменталдык суроолоруна жооп алууну самаган физиктер болсо бул ойду четке кагышууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG