Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Гаага трибуналы өзүнүн мурдагы кызматкерин соттоду


Флоренс Хартманн - мурдагы Югославия боюнча Гаага трибуналынын баш-прокурору Карла Дель Понтенин мурдагы маалымат катчысы
Флоренс Хартманн - мурдагы Югославия боюнча Гаага трибуналынын баш-прокурору Карла Дель Понтенин мурдагы маалымат катчысы

Гаага трибуналынын мурдагы расмий өкүлү Флоренс Хартманн соттун жашыруун документтерин ачыктаганы үчүн ушул аптада 7 миң евро айыпка тартылды.

Флоренс Хартманн өзү франциялык журналист. Ал алты жыл Гаага трибуналында башкы прокурордун маалымат катчысы болуп турган. Мурдагы Югославия боюнча эларалык Гаага сотунун төрагасы Баконе Молото айыпталып жаткан Хартманн трибуналдын атына акаарат келтиргенин билдирди.

“Сотту урматтабагандык үчүн жазанын жеткен чеги жети жыл түрмө менен же 100 миң евро айып пул менен ченелет, же бул экөө тең бирдей колдонулушу мүмкүн. Хартманн айым, оордуңуздар туруңуз!, - деди ал, өкүмдү окуп жатып. - Сот баардык берилген далилдерди жана аргументтерди эске алуу менен, сизди эларалык сот акыйкаттыгына жетүүгө атайылап тоскоолдук кылгандыңыз үчүн “айыптуу” деп тапты”.

Төрага Молоте Хартманн айымга “жумшак” жаза чыгарылганын кыйытты.

Хартманн 1980-90-жылдары Балканда журналист катары иштеген. 2000-жылы Гаага трибуналына ишке киргенде “Le Monde” гезитинен кеткен. Сотто ал прокурордун жардамчысы катары 2006-жылга чейин иштеп турду.

Гаага трибуналындагы иши учурунда ал 90-жылдардагы Босния согушунда серб өкмөтү, өзгөчө анын президенти Слободан Милошевич, согушка кандай катышканы тууралуу бүт маалыматты билип, документтер менен таанышып турган. Соттон кеткенден кийин ошол документтерде айтылган айрым маалыматтарды Хартманн өзүнүн китебинде жана журналга жазган макаласында ачыктап өтөт.

Сребреницада мусулман эркектерди массалык түрдө кырууга Белград да катышканын Гаага соту жашырганбы?
Ал жердеги маанилүү билдирүүлөрдүн бири “1995-жылы Сребреницада 8 миңдей мусулман эркекти кырууга расмий Белграддын катыштыгы бар экенин сот айтпай койгон” деп айтылган ой болду.

Гаагадагы соттун төрагасы өкүмдү окуп жатып, Хартманндын бу кылыгы трибуналдын мындан аркы иштерине доо кетирет деп чочулап жатканын айтты. Журналист болсо “Тынчтык жана жаза” аттуу китебинде айтылган маалыматтын көбү китеп басылганга чейин эле башка жактарда жазылып келгенин айтат. “Бул өкүм менин ишиме эле эмес, журналистиканын негизги принциптерине жана сөз эркиндигине да тийиштиги бар”, - деп айтты Флоренс Хартманн.

Журналисттин адвокаты болсо сотко китеп жакшы сатылбаганын да эске алуу менен, жазаны жеңилирээк чыгарууну суранган. Бирок прокурор соттун өкүмүн “өтө эле жумшак болду” деп, эми доо арыз жазууга камданып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Мурдагы Югославиянын мамлекеттик ишмерлерин Гаага трибуналы Сребреницадагы кыргынды убагында болтурбай койбогондугу үчүн 2006-жылдын февралында сындаган. Бирок геноцид үчүн айыптаган эмес.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG