Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Айдаркен сымап комбинатынын бир күнү


Айдеркен сымап комбинаты. Металлургиялык заводдун руда эритчү мештеринин бири. 28-июль, 2011

Айдеркен сымап комбинаты. Металлургиялык заводдун руда эритчү мештеринин бири. 28-июль, 2011

Айдаркен сымап комбинаты (АСК) быйыл июнь айында 70 жылдык мааракесин белгиледи.

Ишкана Экинчи дүйнөлүк согуш эми башталган кезде Украинадагы Никитовка шаарынан шашылыш көчүрүп келген. Катаал мезгилдин шартында ачык асман астында орнотулган металл эритчү мештер төрт айга айланбай СССРдин коргонуу өнөр жайы үчүн сымап бере

Айдаркенде Кыргыз Республикасынын патриоттору гана калды.
Леончук Алла Петровна


баштаган. Мына ошол алгачкы мештер турган жайда бүгүн да руданы эритип, сымап бөлүп алчу мештер күнгү-түнү тынбай иштеп турат.

Сымап комбинатынын тегирменинде

Биз комбинаттын башкы директору Толубай Салиевтин эски “Волгасы” менен метуллургиялык заводдун руданы эритүүчү цехине келгенде убакыт эрте шашке экенине карабай, күн мештер менен күч сынашкансып, төбөдөн кактап жатты.
Айдеркен сымап комбинатынын металлургиялык заводунун мештеринин жанында башкы директор Т. Салиев(солдон оңго) заводдун директору С. Акбаров, ардагер устат К. Мавлянов жана заводдун техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Р. Туйгунов менен баарлашууда. 28-июль 2011

2009-жылы жазда нөшөрлөп куйган жаандан улам, июнь айында комбинаттын “Вспомогательная” шахтасын суу каптайт. Анын кесепетинен металлургиялык завод рудасыз калат. Андан улам 2010-жылы Айдаркен сымап комбинаты “не бар болот, не кудуретсиз жарыяланып, абийири төгүлөт” деген маселе турду.
Бу жагдайда жумушчулар заводдун тегерегиндеги чала иштетилип төгүлгөн кендерди кол менен жыйнашат. Аны иштетип, өткөн жылы 39 тонна сымап алдык, - дейт Айдаркен сымап комбинатына караштуу металлургиялык заводду жетектеген Султан Акбаров. Анын айтымында, АСКда колдонулуп жаткан сымап өндүрүүнүн ыкмасы дүйнөлүк тажрыйбада эң оптималдуу саналат:

- Cымапты эритип алуунун технологиясында акыркы жылдары эч нерсе өзгөргөн жок. Башында кандай болсо, азыр дагы ошондой. Биз колдонуп жаткан өндүрүштөгү эң ишенимдүү ыкма. Биз “тегирменчи” сыяктуу эмеспиз. Заводдун атарабындагы совет заманында чала иштетилип калган таштанды кендерди иштетип, былтыр андан тонналаган сымап алдык.

Султан Акбаров 1985-жылы Урал политехникалык институтун бүткөндөн бери комбинаттын металлургиялык заводунунда иштейт. Эмгек сиңирген металлург. Акбаровдун сөзүнү комбинаттын башкы директору Толубай Салиев да кубаттап, завод жамааты сымап эритчү эски мештерди өздөрүнүн күчү менен модернизациялап, өтө чоң эмгек кылышканын сыймыктана кошумчалады:

- Эки-үч эски мештен бир мешти чогултуп жатып, төрт мешти жаңы мештей кылып иштетип коюшту. Бир гана меште сексен тонна отко бышкан кирпич кетет. Былтыр меш бир айга чыдайбы деп коркуп иштечүбүз. Мештерди капиталдык оңдоодон өткөргөндөн кийин бир жыл-эки жыл бою коркпой иштесек болот.

Былтыр негизги күч шахтыны суудан тазалоого кетип, өндүрүштүк эмес чыгымдар ашыкча болду. Оор кырдаалга карабай, 100 тоннага жакын сымап өндүрүлдү. Бирок комбинат жылды 22 миллион сом чыгыша менен аяктады.

Таштанды рудадан сымап алганда...

Биз күнгөй беттеги шагыл басыла берип, цементтей каткан аянттагы мештердин маңдай жагында сүйлөшүп жатканда оңдолгон мештер күжүлдөп иштеп, анын ысыгынын табы алыс болгула дегенсип, улам күчөп жатты.

Сөзгө заводдун техникалык көзөмөлдөө кызматынын башчысы Рахмали Туйгунов да аралашып, мештерди кайра оңдоо оңой-олтоң иш эмес экенин мага түшүндүргөнгө шашты:

- Акыркы бир жарым-эки жылда жабдууларды өздөрүнүн күчү менен кайра ишке киргизишкенден кийин, металлургиялык заводдогу өндүрүштүк кубаттуулук үч-төрт эсеге өстү. Мурда бир меш араң-араң иштөчү эле. Султан Акбаров башкы директордун жетекчилиги астында өтө жакшы иштерди жасады. Эски таштанды мештерди алып келип, үч-төрт эски мешти модернизациялап, ишке салышты. Азыр алардын үчөөсү толук кубаттуулукта иштеп жатат.

Бул жердеги жумушчулар ар кыл куракта. 23 жаштагы Акжол Зайниддинов жаңыдан эле электрикке шакирт болуп, жумушка орношуптур.

- Россияга кеткен жокмун. Эмнеси болсо да өз жерибиз да. Айлык түзүк эле көтөрүлүптүр. Айлык акы жети жарым миңден он миң сомго чейин чыгыптыр. Эми буерде иштесе болот. Мурда иштебей жүргөм.

Быйыл ишканананын жамааты кырдаалды өзгөртө алды. Жарым жылда товардык продукция базалык мезгилге салыштырмалуу 2, 4 эсеге көп өндүрүлөт. 64 тонна сымап алынат. Арийне, орточо эмгек акы 170 процентке көбөйөт. Же 5600 сомдон 9700 сомго чыгат.


Мастер болууну каалабаган Кадырбек аке

Жалаң эркектер иштеген цехте Умида Рахимбердиева да бар. Ал төрт жылдан бери заводдо контролер. Анын милдети - кенден келген руданы тай казандарга жүктөөгө көзөмөл салуу.

Жалаң эркектер болсо эмне экен,-деди Умида айым жылмая.- Алардын баары өзүбүздүн адамдар да... Орто мектепти бүткөнмүн. Мени жумушка ушул жерден үйрөтүштү.”

Пенсионер Кадырбек Мавлянов аксакал жаштарга өз тажрыйбасын үйрөтүп, бир тууган комбинатына көмөктөшүп жүргөн экен. 66 жаштагы карыя комбинаттын башкы директору Толубай Салиевдин өтүнүчү боюнча жаштарга билген тажрыйбасын бөлүшүп, өрнөк болуу үчүн келип, эмгектенип жатыптыр:

- Мен 22 жыл мастерлик кылдым. Азыр эми жаштарга жардам кылайын деп, мастерликке коюшканынан көнбөй койдум. Мастердин иши жеңил. А мен жаштарга кыйын болсоңор мендей иштегиле деп атам да...

Эритилген сымаптын сапаты ылдый жактагы эки кабат ак тамдагы
Айдеркен сымап комбинатынын Химиялык лабораториясы. Устат Иванова Тамара жана лаборант Паризат Сулайманова. 28-июль 2011
лабораторияда текшерилет. Лабораторияга эшиктерге илинген бир нече кулпуну ачпайын кире албайсыз. Кадим ооруканадагыдай таза эки бөлмөдө доктурлардай ак халатчан эки аял айнек приборлордун жардамы менен сымапты текшеришет. Лаборант Паризат Сулайманованын айтышынча, бир тонна рудадан жакшы болгондо 0, 3 процентке чейин сымап алынат.

Химик Иванова, патриот Алла Леончук

Химиялык лабораторияда да пенсия курагындагы ардагер Иванова Тамара Николаевна да эмгектенет. Ал лабораториянын устаты-мастер. 60 жаштагы Тамара Николаева заводдо мендей кесипкөй жана тажрыйбалуу химик жок деди сыймыктана:

- Себеби, менин эмгек стажым 36 жыл. Билимим боюнча химикмин. Химиктер жок. Айдаркен алыс болгондонбу, айтор химиктер жетишпейт. Азыр а түгүл Россияда да ушундай эле проблема бар. Премьер-министр Путин жакында эле айтпадыбы, өндүрүштө химиктер көп болсун деп.

Ал эми устат-мастер Леончук Алла Павловна заводдо чейрек кылымдан бери иштейт. Алла айым акыркы мезгилде айлыкты өз маалында алып калышканын айтып, Россияга кетейин деген ниети жок экенин айтты:

- Мен көп кесиптүү адисмин. Химлабараторияда, таразада иштедим. Азыр сымапты бөлүүдө иштеймин. Азыр жумуш жакшы жүрүүдө. Айлык ырааты менен төлөнүп жатат. Биз курсантпыз. Бул жерде калгыбыз келет. Айдаркенде Кыргыз Республикасынын партиоттору гана калды. Балдарым али жаш. 11-классты бүтүшкөндөн кийин көрө жатарбыз. Балдарыбызды металлургиялык заводко жумушка орноштурганга аракет кылабыз. Менин ордума уулум келип, жумушту улантат. Азыр бул жерде жалаң мекенчил патриоттор калды. Биз өлкөнүн генефондун сактообуз керек. Баары эле Россияга кеткенге умтулушат. Россияга кетип эмне кереги бар, комбинатта жакшы маяна тапканга мүмкүнчүлүк болгондон кийин.

Ишканада 25 жылдан бери иштеп жаткан Алла Леончук комбинатка Толубай Салиев башкы директор болуп келгенден тарта абал өзгөргөнүн белгилеп, аны мактай баштады жана металлургдар күнү комбинатта эстен чыккыс болуп өткөрүлдү деди.

-Биздин директорубуз алтын адам. Ал жумушчулар менен көп жолугушат. Металлургдар күнү биз үчүн укмуштуудай эстен чыккыс майрам уюштуруп берди. Эмне убада кылса, ошонун баарын аткарды. Айлык акыбызды көбөйттү. Ал келгенче аябай аз акча алчубуз. Азыр көңүлүбүз жайында. Мен колума таза 6, 5 миң сом алам. Толубай Салиев 13-айлыкты убада кылды. Эгер планды толтурчу болсок ай сайын да сыйлык берилет деп сөз берди. План аткарылчудай болуп турат. Биз да аракеттенип жатабыз, - деди Айдаркенде туулуп чоңойгон Алла Павловна.

Металлургиялык заводдон кайрадан башкы директордун эски “Волгасына” түшүп алып, 16-шахтага жөнөдүк. 300 миң чакырымды эбак баскан “ГАЗ-24тү” тулпардай таптап минген АСКнын башкы директору Толубай Салиев өзү айдап баратты...


Айдаркен сымап комбинатынын 1 күнү

Эскертүү: радио баянды толугу менен бул жерден угуңуз

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG