Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Айдаркен: 200 метр жер астында сымап издеп


Айдеркен сымап комбинатынын "Вспомогательная" шахтасы. Башкы директор Толубай Салиев, башкы механик С. Рахатов жана нөөмөткө бараткан жумушчулар 200 метр тереңге түшчү лифт менен баратышат. 27-июль 2011-жыл.

Айдеркен сымап комбинатынын "Вспомогательная" шахтасы. Башкы директор Толубай Салиев, башкы механик С. Рахатов жана нөөмөткө бараткан жумушчулар 200 метр тереңге түшчү лифт менен баратышат. 27-июль 2011-жыл.

Айдаркен сымап комбинатынын иши жер астындагы кендерге көз каранды. Бул айрыкча 2009-жылы жана андан мурда кенди суу басканда кайра айкын болду.

Сымап эритилип алынчу руда кантип казып алынганын көрүү үчүн комбинаттын башкы директору Толубай Салиев менен “Вспомогательная” шахтасынын астына алып түшчү лифтке түшүп, түпкүргө жөнөдүк.

Калдырап-шарактап иштеген, нымдан улам саргайып калган лифт 10 тонна жүккө ылайыкталганын айтты.
400 метр тереңде жер астына саатына 3 миң куб метр суу келип турат. Эгерде электр энергиясы өчүп калса, биз өтө ашып барганда үч-төрт саатка гана чыдай алабыз.Башкы директор Т. Салиев
Лифт таш же руда салынган вагондорду да 200 метр тереңден жер бетине алып чыгат. Лифттин эшиги калдырап жабылганы менен ылдый түшүп баратканда темирдин ачуу үнү угулбай эле шуулдап баратты.

“Биз түшүп бараткан стволдун тереңдиги 400 метр. Биз бирок 200 метрге гана бара алабыз. Анткени калган 200 метр суу астында жатат”, - деп түшүндүрдү лифтте баратканда Толубай Салиев.

Айдеркен сымап комбинаты. Жер астында суу сорчу насосторду оңдоп жаткан жумушчулар. 27-июль 2007-жыл
200 метр тереңде лифттен чыгып, кемерге тагылган аккумулятордон жарык алган фонардын шооласында бараттык.

Ным. Кээ жерлерде үстүнөн суу тамчылап жатты. Жер астындагы жолдун тоомунда башындагы туулгаларындагы чырактын жарыгы астында суу сорчу насосту оңдоп жаткан слесарлар Сатар жана Закирди кездештирдик. Башкы механик Садык Рахатовтун сөзүнчө:

- Азыр суунун деңгээли аз-маз көтөрүлүп жатат. Суу шахтаны басып калышы мүмкүн. Бир насос саатына 1, 5 куб метр суу сордуруп чыгат.

Жердин кыртышынан сарыгып агып чогулган жолбун суулар кенчилердин айтышынча, шахтанын эң коркунучтуу жоосу. Андан кенди тынбай иштеген насостор гана коргойт.

- Ошон үчүн бул эки насоско чукул кырдаалда жардамдашуу үчүн үчүнчү насос да орнотулат. Коопсуздук үчүн 47-штольняда дагы эки насос 48 саат бою тынбай иштөөдө. 400 метр тереңде жер астына саатына 3 миң куб метр суу келип турат. Эгерде электр энергиясы өчүп калса, биз өтө ашып барганда үч-төрт саатка гана чыдай алабыз. Бизде 2 миң куб метр суу сыйчу эки резервуарыбыз бар. Алар үч-төрт саатта толот. Андан кийин шахтыны суу каптайт. Биз ошон үчүн аскерлер сыяктуу согуштук жагдайда иштейбиз,- деп кошумчалады башкы директор.

Башкы директор караңгыда чатышпай жана адашпай рудасы бар таш алынчу 288-камерага вагонеткалар кетчү жолду бойлой баратты. Оң-сол тарапка кеткен бурулуштар улам артта калып жатты.

Айдеркен: 200 метр жер астында сымап издеп

Караңгы туңгуюктан кээде жылтырап чырак көрүнүп калат. Бир кезде забой кеңейип, шагыл таштар вагонеткалар жүрчү темир жолду бууганы калыптыр. Бул руда алынчу камера экен. Камерасы үч-төрт метрдей бийик, жети-сегиз кулачтай кенен ийин экен. Анын төбөсүнөн ылдый көздөй чоңу казандай, майдасы пияладай таштар куюлуп жатат.

Толубай Салиев таштарды көрсөтүп: “Булар калып кеткен рудалар. Мен иштеп жатканда биз камерада мындай рудаларды калтырбай, баарын алчубуз”,- деди.

Чубалжыган забойдун айрым жерлеринде бызылдаган желдин үнү угулат. Аска таштуу кыртышты бузууда коопсуздук чараларынан улам абанын күчү менен иштеген бургулагычтар колдонулат. Электр пайдаланылса, газ топтолсо, жардыруу болушу мүмкүн. Ошондуктан кенге 8 чакырым алыстагы Айдаркенден темир түтүктөр аркылуу тынбай аба келип турат.

- Совет доорунда жылына 10 чакырымдан забой тешилчү,-деп улантты сөздү комбинаттын башкы директору.- Мына ошол забойлордун баарына аба келиши үчүн темир түтүктөр кошо тартылчу. Айдаркен кени иштей баштаганына жетимиш жыл болду. Жетимиш жылда орто эсеп менен жети миң чакырым ушундай темир түтүктөр тартылган.

Толубай Салиев 1977-жылы Фрунзедеги (азыркы Бишкектеги) Политехника институтунун тоо-кен факультетин бүткөндөн кийин эмгек жолун Айдаркен кенинде мастер болуп баштайт. Беш жылдан кийин ал башкарган номер 16-шахта СССРдин Түстүү металлургия министрлигиндеги үлгүлүү участок деп табылат. Себеби бул участокто руда камераларда калтырылбай толук алынган. Бул эмгеги үчүн үчүнчү даражадагы “Шахтердук даңк” ордени менен сыйланат.

Айдеркен сымап комбинаты. Электрик Метинбай Дыйканов, 27-июль 2011
Өндүрүшкө пайдалуу 100дөн ашык табылгалары үчүн жаны тынбаган инженерге “Түстүү металлургия министрлигинин эң мыкты рационализатору” деген наам ыйгарылат. Салиевдин участкасы ошол кезде жетишкен ийгиликтер жөнүндө кенчилер менен сүйлөшүп жатканымда, азыр электрик болуп иштеп жаткан Дыйканов Метибай сыймыктануу менен эстеди.

- Мен 1976-жылы кенде иштей баштаганда Толубай Жаналиевич номер 16-шахтанын 2-участкасынын башчысы эле. Ал жетектеген участок техникалык коопсуздукту сактоо, жер астында кендерди иштетүү жана башка көрсөткүчтөр боюнча Айдаркен комбинатында эң үлгүлүү эсептелчү. Мына ошол участкада эмгектенген Исков Ысмайыл деген жигит өтө жакшы иштеп, СССР Жогорку Советинин депутаты да болуп шайланган. Анын агасы участкада забой тазалоочулардын бригадири болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыкты. Анын бригадасы СССРдин түстүү металлургия министрлиги боюнча биринчи-экинчи орундарды үзбөй ээлеп жүргөн”,- деди 59 жаштагы Дыйканов Метибай.

Биз башкы директор менен 200 метр тереңдеги түгөнбөгөн жолдор менен бараттык. Андан ары баратсак, башкы макшейдер Сайпидин Эрдалатов караңгылыкты жиреп, бет алдыбыздан чыкты. Ал ай соңу болгондуктан бүткөрүлгөн иштердин көлөмүн ченеп-өлчөп, наряд жапканга кам көрүп жүргөн экен.
Айдеркен сымап комбинаты. Магниторгорск шаарындагы Носов атындагы мамлекеттик техникалык университетинен келген студент Иршат Боркошев 200 метр тереңдеги забойдо. 27-июль 2011-жыл.

Караңгылыкты жиреп, биздин бет маңдайыбыздан дагы бирөө чыкты. Сураштыра келсек, Айдаркен кенинде болочок кесибин өндүрүш менен айкалыштырып жүргөн студент жигиттин аты Иршатбек Боркошов болуп чыкты. Андан эки жылдан кийин университетти бүтүп келгенден кийин, Кыргызстанга келип жумуш таба аларына ишенээрин сурадым.

- Маркшейдер тоолорду, туннелдерди тешкенде, шахтыда забой казып, жол салганда гана иштебейт. Маркшейдер - бул универсалдуу кесип. Ошон үчүн жумуш табамбы деп ойлонбойм. Мен үчүн азыр негизгиси - окуу.

Орусиянын Магнитогорск шаарындагы Носов атындагы мамлекеттик техникалык университетинен маркшейдерлик кесипке окуп жаткан Иршат Боркошов. Иршат университетте аны менен бир факультетти бүткөн бир жигит Кумтөр алтын кенине инженерлик кызматка жумушка алынганын, а экинчи жигитке Орусиянын кендеринин биринен сунуш болуп, ошол жакка жүрүп кеткенин кошумчалай кетти.

Алдыбыздан чыккан жумушчу андан ары барууга болбосун, себеби забой жардырууга даярдалып жатканын айтты. Биз 200 метр жер астындагы таанышуубузду аяктап, аргасыздан артка жол тарттык. Килейген 10 тонналык лифт бизди кайра жер үстүнө алып чыкты. Бул лифт менен күнүнө жер бетине 100 тоннага чейин руда чыгарылып, металлургиялык заводго жөнөтүлөт. Андан 150-200 кило сымап эритип алынат.
Айдеркен сымап комбинаты. Жардыруучу Тахир Балтабаев. 27-июль 2011

Лифттен чыгып, кууш коридор менен кийим алмаштырчу жайга баратсак, жолду далдайган бир жигит тосту. Жардыруучу Тахир Балтабаев нөөмөткө баратыптыр. Ал Ооганстандагы согушка катышып, 1999-2000-жылдары Баткенге Өзбекстан ислам кыймылынын желдеттери басып киргенде, аларга каршы согушкан. Өмүрүн 28 жылы кенде өткөн көрөсөн жигит менен жумуш жана айлык жөнүндө сүйлөшө кеттик.

- Мен азыр нормалдуу айлык алам. 15 миң сомго чейин жетет. Азыр өзүбүздү чыныгы шахтер деп сезип калдык. Мурда бургулоочу болуп иштегем. Акыркы кезде жардыргычмын, - деген ооган согушунун ветераны башкы директор өз ордунда экенин, аны менен чалгынга барса болорун белгилей кетти. – Мен Орусиянын көптөгөн жерлеринде, Якутияда иштеп келдим. Ата журтуңдан жакшы жер жок. Орусияда хотдог же гамбургер жегенче, өз жериңде нан менен суу ичкениң жакшы.

Айдаркен кенинде иштегендердин көпчүлүгү мекенчилдер. “Мен Айдаркенде туулгам, ушу жерде чоңойдум. Бул жерде эчен жыл иштедим. Айдаркен менин киндик каным тамган жерим. Ошон үчүн эч жакка кетүүнү каалабайм,” – деген эле бизди жер астына узатып-күтүп алган сигналчы келин Кристина.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG