Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

Ажылыктын жыйынтыгы кандай?


Соңку ажылык мурунку жылдардагыдан кыйла ызы-чуусуз өткөндүгү менен айырмаланды. Бирок жүздөгөн ажылар Кыргызстанга бир нече күндөп, жумалап кеч келишкен.

Бүгүн, жума күнү “Кабар” маалымат агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында муфтий Мураталы-ажы Жуманов муфтият тарабынан быйылкы ажылыктын өз деңгээлинде уюштурулгандыгын Жараткандын жардамы катары сыпаттады.

“Быйыл Кыргызстандан ажыга барган кыргыз эмес улуттар ажылык кийимдердеги Кыргызстандын желегинин сүрөтүн алып ыргытып салган учурлар болуптур го?” – деген суроого муфтий мындайча жооп берди:

- Кыргызстандын мусулманыбы, кайсыл улуттан экендигине карабастан биз алардын ажыга баруусуна толук шарт түзүп беребиз. Анан ошентип кыргыз эмес улуттагылар кыргыздын желегин кийминен жулуп салса – анда Кудайга койдук. Кыргызстанда жашап атса... Ал эми шарияттын тили менен айтканда, бул чоң күнөө. Менимче, сиздер айткан бул маалымат туура эмес.

Андан кийин муфтий Мураталы-ажы Жуманов “Быйыл дагы башка өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын эсебинен ажыга барган фактылар бар дейт ко?” – деген суроону да четке какты. Ошондой иштер болбосун үчүн толук баарысын жаңы үлгүдөгү паспорттор менен кетиришкендигин белгиледи.

Маалымат жыйынында жүздөгөн ажылардын Кыргызстанга бир нече күндөп, жумалап кеч келишкендиги ажылыкты уюштуруунун кемчилиги катары моюнга алынды. Ошол эле кезде ага аба ырайы да негизги себепчи болгондугу баса айтылды.

Жыйындан кийин биз эмне үчүн ажыларды кечиктирип алып келишкендигин ажы башчы Ажымамат Амираевден сурап, мындайча жооп алдык:

- Биз мурда келишим түзгөн учактар менен эле келдик. Учаарда аба ырайы кескин бузулду. Ирандын Мешхед шаарына келип учакка май куйдук, кайра учаарда да, Азербайжандын Бакы шаарына келип кайра учаарда да учууга уруксат бербей коюшту аба-ырайына байланыштуу. Бишкекте да конууга мүмкүн эмес экендигин эскертип жатышты. Декабрдын 18инде келишибиз керек эле, 23үндө зорго келдик Бишкекке.

Ал эми ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы Мамбетасан-ажы Ибраев Йорданиянын Акаба шаары аркылуу учуп келген ажылардын кечигүү себеби башкачараак болгондугун кеп кылды. Анын айтуусунда, мурда түзүлгөн келишим боюнча, 36 сааттын ичинде учак сапар алыш керек экен, ошол 36 саат өтүп кетсе – учаар жол башканыкы. Сенин учагыңа уруксат бербейт. Бишкекте конууга болбостугунан улам 36 саат учпай турган кыргызстандык ажылардын учагы ошентип кайра учууга уруксат ала албай – узакка калып кетиптир.

Расмий уруксат менен барган ажылардын акыркылары 5-январда кайтып келишкен. Эмдиги ажылыкта учактарды Кыргызстандан түз Саударабстанга учурууга жетишүү зарыл деген талаптар арбын айтылууда. Соңку ажылык сапарда кыргызстандык 9 адам каза болуп, баарысы тең Саударабстанда жерге коюлган. Андан мурунку ажылыкта 10 адам кайтыш болгондугун эскерте кетели.


XS
SM
MD
LG