Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Бакыттын баасы


Жыргал турмуш өкмөттүн аракеттерине жараша болоору - изилдөөдөгү негизги ойлордон

Жыргал турмуш өкмөттүн аракеттерине жараша болоору - изилдөөдөгү негизги ойлордон

Дүйнөдө кайсыл мамлекеттин эли бактылуу турмушта жашап жатканы дайыма кызыгууну жаратат. Жакында Legatum деп аталган көзкарандысыз уюм дүйнөдөгү жыргалчылык жөнүндө жаңы докладын чыгарды. Анда айтылгандарга караганда, эң бактылуу элдердин катарына киргендердин баарында айрым окшоштуктар байкалган.

Мисалы, өкмөттүн мыкты иши, экономикалык эркиндиктер жана бизнес кылганга да эркиндик өңдүү шарттар эң бактылуу жашаган элдердин баарында эле кездешет. “Азаттык” бул изилдөө боюнча Legatum институтунун өкүлдөрү Уиллиям Инбоден менен Раян Стритерге кайрылды.

Бул баяндамада “Эң жыргал турмушта жашайт” делген өлкөлөрдүн катарына экономикасы өнүккөн Түндүк Анлантика аймагынын мамлекеттери кирди. Алар – дүйнөдөгү эң бай мамлекеттер. Демек, бакыт жалаң эле акча менен өлчөнөт дегенге болобу же башка факторлор да барбы?

Бул суроого Уиллиям Инбоден: “Биз жылгалчылык жөнүндөгү изилдөөнү баштаганда жыргал турмушту “акча жана жашоо деңгээл” деген эки нерсе менен байланыштырдык. Адамдарга: “Сиз өзүңүздүн турмушуңузга канааттанасызбы?”, “Сиз бактылуусузбу?” деген суроолорду бердик. Анын негизинде жашоонун деңгээлин аныктадык. Акчанын бакытка таасири кандай экенин билүү менен бирге биз адамдар ошол жыргалчылыкка кандай шарттарда жете алат деген суроого жооп издедик. Статистикалык анализ тогуз башка көрсөткүч менен жүргүзүлдү. Булар: экономикалык эркиндик, ишкердикке, инновацияга эркиндик, демократиялык институттар, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук, башкаруунун усулу, жеке эркиндик жана социалдык капитал.

“Азаттык”: Азыр сиз айткан көрсөткүчтөр баары ич-ара бири-бирине таасир этээри баса белгилениптир. Мисалы, адамдын жеке эркиндиги экономиканын өнүгүшүнө салым кошот деп айтылыптыр. Бирок көрсөткүчтөрдүн айрымдары болуп, башкалары болбой калышы да мүмкүнбү? Айталы, экономикасы күчтүү, бирок демократиясы өнүкпөгөн өлкөдө адам бактылуу жашай алабы?

Раян Стритер менен Уиллиям Инбоден
Уиллиям Инбоден:
“Айрым мамлекеттер чындап эле экономикасын өнүктүрүп, ошол эле учурда адамдардын эркин жыйналууга, сөз эркиндигине көзөмөлүн күчөтүп жатышканын билебиз. Бул айрым адамдарга, үй-бүлөлөрүнө терс таасирин тийгизип жатканы байкалат. Мындай модель кыска мөөнөттө ийгилик бериши мүмкүн. Мисалы, Кытай менен Орусия өңдүү мамлекеттер мунай менен арзан товарлардан бир нече жыл пайда көрүшү ыктымал. Бирок биз 40 жыл мурдагы абалды көрсөтүү менен бул өңдүү аракеттен дурус майнап чыкпай турганын, жыргал турмушту куруу үчүн баардык факторлор бирге иштеши зарыл экенин айткыбыз келет. Аталган тогуз көрсөткүчтүн бирин карманып, экинчисине көңүл бурбаган мамлекетте, мисалы, экономикалык өнүгүү деле узакка созулбайт”.

Уиллиям Инбоден мунун баарын өлкөдөгү өкмөттүн ишине, башкаруунун усулдарына байланыштырды. Ал эми башкаруунун мыкты усулу өлкөдө адам укуктарынын корголушуна, эркиндигине байланыштуу болоорун айтты.

Legatum институтунун изилдөөсүндө талдоого алынган 104 мамлекеттин ичинде Финляндия жыргалчылыгы боюнча биринчи орунга чыгарылган. Зимбабве тизменин аягында турат.

Институттун дагы бир өкүлү Раян Стритер бул изилдөөдө аныкталган айрым кызыктуу жагдайларга токтолду: “Эң жакыр мамлекетте, айталы, 3000 доллар киреше алган адам өзүн, АКШдагы, Британиядагы же Германиядагы ушундай эле айлык алган адамга салыштырмалуу, 33 эсе бактылуу сезиши мүмкүн. Анткени ар бир доллардын өсүшү менен ал өзүнүн үй-бүлөсүнө эң зарыл нерселерди ала алат. Бул – жөнөкөй эле математика. Өнүккөн өлкөлөргө келсек, ал жакта саламаттыкты сактоо, үй-бүлөдөгү мамиле, өкмөттүн аракеттери өңдүү факторлор адамдар үчүн акчадан да маанилүүрөөк көрүнөт”, - деп Стритер жыргалчылык түшүнүгү өзү да жакыр мамлекеттер менен бай өлкөлөрдө ар башкача каралышы мүмкүн экенин билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG