Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Медицина илиминин кандидаты Саманта Фишердин айтымында, өнөкөт ооруга чалдыгып, ар дайым кыйналып жүргөн кишилердин айткан сөздөрү дени сактарга караганда таасирдүүрөөк болууда. Азыркы тапта Канада элинин 20 проценти өнөкөт илдеттерден жапа чегүүдө. Изилдөөгө өнөкөт илдеттүү 51 жана оорубаган 62 киши катышкан. Эки топко тең ооруга байланыштуу сөздөр айтылып, алардын көзүндөгү, нерв системасындагы өзгөрүүлөр изилденген. Натыйжада, оорулуу эместер дагы илдети барлардай эле ар кандай дартка байланышкан терминдерди кызыгуу менен карап, көп убакыт көңүл бөлгөнү аныкталды.

Карысы бардын ырысы бар

Help Age International уюму дүйнөдө карыганда жашаганга эң ыңгайлуу болгон өлкөлөрдүн тизмесин чыгарды. Карыяларга саламаттык, социалдык камсыздоо жагынан эң ыңгайлуу шарт түзүп берип, алдыңкы саптан Норвегия орун алды. Ал эми тизменин эң акыркы катарына Ооганстан, Мозамбик жана Палестина кирди. Акыркы 50 жыл ичинде дүйнө жүзүндөгү адамдын орточо өмүрү эки эсеге узарып, азыр 66 жаш болууда. Карыялар үчүн абдан ыңгайлуу өлкө катары Швеция, Швейцария да көч башында турат. Кытайдын калкы тез картайып жатканын кабарлайт Global AgeWatch Index тобу. XXI кылымдын ортосуна чейин 79 жаштан өткөн кытайлыктардын саны 150 миллионго жеткени турат.

Трансплантологдордон сүйүнчү

Швецияда жатыны трансплантацияланган аял көз жарып, кыздуу болду. 36 жаштагы аялдын кызы маалынан эрте төрөлүп, салмагы эки килограммга жетпейт деп кабарлайт The Lancet медициналык журналы. Операция Готенбург университетинин докторлору тарабынан ишке ашырылды. Аялга жатынын берген донор 61 жаштагы досу болгон. Жатын трансплантациялангандан бир жыл убакыт өткөндөн кийин догдурлар аялга жасалма уруктандыруу жүргүзүшкөн. 32 апталык наристе аман-эсен төрөлгөнүн илимпоздор кабарлашты. Тажрыйбаны жетектеген профессор Мэтс Бреннстром трансплантациялоону ишке ашырган дарыгерлер тобун он жылдык эмгегибиз текке кеткен жок деп куттуктаганын Би-би-си каналы маалымдады. Гинеколог-хирург Лиза Йоханнессон: “Эч качан балалуу болбойт деген диагноз коюлган аялдар үчүн илимдеги бул жаңылык жакшы жөрөлгө болоруна ишенем”, - деди.

Экзема Д витамини жетишпегенден чыгат

"Кышкы суукта дененин ар кайсы бөлүгүнө чыгып кетүүчү экзема жарасын Д витамининин жардамы менен айыктырса болот",- дешет АКШнын Массачусетс башкы ооруканасынын терапевттери.

Монголияда жүргүзүлгөн тажрыйба учурунда жүз балага кышында териге чыгып кеткен кургак жаранын, же дерматитти Д витамининин жардамы менен айыктырса болору аныкталган. Өнөкөт дерматит менен жабыркаган кишинин терисинде ачык жара пайда болуп, суук түшкөндө ар кандай инфекциялык ооруларды бат жуктурат. Монголиянын Медицина жана илим университети менен биргеликте жүргүзүлгөн тажрыйбадан кийин адам денесиндеги Д витамининин жетишсиздиги экзема сыяктуу жараларга жол ачары белгилүү болду. Эки жаштан 17 жашка чейинки 107 бала тажрыйбага катышып, алардын бир бөлүгүнө Улан-Батордогу Улуттук дерматология борборунда бир нече убакыт бою кышкысын Д витамининин миң миллиграммдык дозасы берилген. Бир нече балага витамин терапиясы жасалган эмес. Натыйжада, мурда кычышма, экзема менен жабыркаган балдар Д витаминин ичкенден кийин айрым белгилери кайтып, териси жакшырганы байкалган. Аталган витаминдин жетишсиздиги ириде кишинин терисине сокку урат дешет окумуштуулар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG