Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:42

Голанддар атомдук көнөкчөгө адамзат жазган бардык китепти батырат. Кытай темир жолчулардын жаңы дүйнөлүк рекорду. Түштүк Африкада аалам койнун микроскоптой көрсөткөн телескоп иштей баштады. Этти көп жеген бөйрөккө зыян.

Дүйнөдөгү эң кичинекей харддиск

Голландиялык адистер маалыматты ар бир атомдук бөлүкчөгө өзүнчө жазышты. Бул дүйнөдөгү эң кичинекей харддиск же маалымат сакталчу көнөчөк. Маалымат сакталчу көзгө көрүнбөгөн мындай атомдук көнөчөктү (харддиск, hard disk) Делфт техникалык университетинин Нанотехнологиялык илимдер институтунун (Kavli Institute of at Delf University) илимпоз-инженерлери жасашты. Көнөчөк адамдын бир тал чачынан 800 эседен да ичке. Анын туурасы 96 нанометр, бийиктиги 126 нанометр. Ага 1 килобайт же 8 000 байт маалымат сыят. Жаңы технологиянын негизинде окумуштуулар 500 терабит маалыматты 1 инч(inch) квадратка жайгаштырышкан (1 квадрат инч 6. 451600 кв см.барабар. Инч орусча 1 дюйм деп кабыл алынган). Бул азыркы эң мыкты харддискке сакталчу маалыматтардан 500 эсеге көп. “Теориялык жактан алганда, маалыматты алдагыдай жыштыкта сактоо адамзат жазган бардык китептерди бир почта маркасындай мейкиндикке жайгаштырууга мүмкүндүк берет” дейт илимий топтун жетекчиси Сандер Отте (Sander Otte). Ал баштаган адистер маалыматты атомдук көнөкчөлөргө сканерлүү туннел микроскобун (scanning tunneling microscope, кыскача STM) пайдаланып, бирден жайгаштырып чыгышкан.

Эпидермалдык электрондук система

Эпидермалдык электрондук система

IBM компаниясынын адистеринин эсеби боюнча, дүйнөдө ар жылы 2,5 миллион террабайт маалымат жаралат. (Маалымат булагы: http://www.tudelft.nl, http://www.newsmax.com)

Кытайдын электропоезддери дүйнөлүк рекорд коюшту

“Алтын феникс” жана “Көк дельфин” электропоездери (Electric multiple unit же EMU) жарыша жаткырылган темир жолдо 420 км/саат ылдамдыкта баратып кездешти. “Электропоезддер буга чейин мындай ылдамдыкты багындырган эмес,”- деп билдирди Кытай темир жол корпорациясынын технологиялык башкармалыгынын башчысы Чжоу Ли (Zhou Li).

Тарыхый окуя 15-июлда саат 11:20да Чженчжоу (Хэнан провинциясы) - Сюйчжу (Цзянсу провинциясы) темир жолунда болду. Жүргүнчү катары бараткан техниктер менен журналисттер “шуу” деп кайып болгон үндөн каршы тарапка башка поезд өткөнүн сезишкен. Поезддер 1,5 м аралыктагы эки жолдо кездешкен учурда бир бирине салыштырмалуу ылдамдыгы 840 км саат болду. Бул авиалайнердин крейсердик режимде1 бараткандагы ылдамдыгы.

Кытай Илимдер академиясынын өкүлү Чжао Хунвэйдин (Zhao Hongwei) айтымында, улуттук эки компания баштан аяк өздөрү жасаган электропоезддерди унификациялоо менен алардын синхрондуу кыймылдоосуна, токтоосуна жетишүүнү, түрдүү табигый чөйрөгө ылайыктуу болуусун, өздүк наркын төмөндөтүүнү көздөйт.

Кытай берегидей EMU поезддеринин саны (2395 даана) боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат жана алар үчүн 19 000 км жол курулган. Бул дүйнөдөгү мындай жолдун 60%. Кытай октой сызган электропоезддер каттачу жолдорду ушу тапта Индонезия, Орусия, Иран жана Индияда курууда. (Караңыз: http://news.xinhuanet.com, http://en.yibada.com)

Аалам койнун алаканга салган радиотелескоп

Мындай MeerKAT деп аталган телескоп 16-июлда Түштүк Африка Республикасында ишке кирди. Ал ызы-чуудан алыс Карнарвон (Carnarvon) шаарынын сыртында орнотулган. Береги телескоп тартып алган алгачкы сүрөт мурда 70 гана галактика бар деп эсептелген асмандын түймөдөй бурчунда 1300гө жакын галактика бар экенин көрсөттү. Бул түнкү асмандын жалпы аянтынын 0,01 бөлүгү гана. “Телескоп тарткан сүрөт биз болжогондон да сапаттуу чыкты. Анын төрттөн бир бөлүгү гана иштегенине карабай, бул азыр планетанын түштүк жарым шарындагы эң мыкты телескоп,”-дейт илимий долбоордун башчысы, доктор Фернардо Камило (Fernardo Camilo). Учурда MeerKAT телескобунда диаметри 13,5 метрлик 16 табагы (антенасы) бар. Ал толук пайдаланууга берилгенде андай 64 табак асманга көз ирмебей кадалып турчу болот. Карнарвондогу телескоп дүйнөдөгү теңдешсиз чоң SKА (Square Kilometre Array, кыргызча "Чарчы километр тор") радиотелескобунун бир бөлүгү. Анын экинчи бөлүгү Австралия жана Жаңы Зеландияга орноштурулат. Телескоптун болочокку иш тартиби азыр эле пландалып коюлган. Анда иштөөгө 45 өлкөнүн 500дөн ашык илимий мекемеси кезекке жазылган.

Радиотелескоп. Австралия

Радиотелескоп. Австралия

SKА телескобунун кошумча табактары Африканын дагы 8 өлкөсүнө жайгаштырылат. Бул 2,5 миллиард долларлык эл аралык долбоорго 19 өлкөдөн 100 чакты илимий топтор катышууда. Түштүк Африка Республикасы асманды алаканга салып берчү бу долбоорго 205 миллион доллар чегерген. (Булагы: http://news.nationalgeographic.com, http://www.spacedaily.com)

Этти көп жеген бөйрөккө зыян

Малдын этин (кызыл эт) такай жеген адамда бөйрөк илдетине кабылуу тобокелчилиги көбөйөт. Сингапурлук медик-физиологдор мындай тыянакка 63 257 жергиликтүү кытайдын тамактануусун жана саламаттыгын 15,5 жыл бою изилдегенден кийин келишти. Бул 45-74 жаш курактагы адамдар изилдөө үчүн 1993-1998-жылдары жалданып алынган. Кван-Лан Жасмин Лю (Quan-Lan Jasmine Lew) башындагы медиктер жарыялаган илимий макалада белгиленгендей, экспериментке катышкан адамдар тамак-ашка такай кызыл эт колдонушкан. Анын 97% чочко эти болгон. Алар организм үчүн зарыл белоктун башка түрлөрүн бакма канаттуулар менен балыктын этинен, сүт азыктарынан, буурчак жана башка дан азыктарынан алышкан же береги аталган азыктарды тамакка пайдаланышкан. Мал этин көп жеген адамдарда - этти салыштырмалуу аз жеген адамдарга караганда - бөйрөк ооруусуна чалдыгуу коркунучу 40% жогорулаган. Канаттуу куштар жана балыктын эти, ошондой эле сүт азыктары бөйрөктүн иштөөсүнө эч кандай зыян келтирген эмес. Ал эми буурчак сыяктуу өсүмдүктөр организмдин өзүн коргоосун жакшырткан. Ошон үчүн сингупурлук илимпоз-физиологдор этти чени менен жегенди сунуш кылышат (Кеңири маалымат үчүн караңыз: http://jasn.asnjournals.org)

----- -------- -----

1 Крейсердик режимде авиалайнерлердин ылдамдыгы максималдык ылдамдыктын 30-80% түзөт. Пассажирдик самолеттун ылдамдыгы үндүн ылдамдыгына жетпейт. Үн абада 331 м/сек же 1191, 6 км/саат ылдамдык менен тарайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG