Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Телевизорду теше тиктөөнүн кесепети


Сыналгыдан маалымат алып жаткан кишинин элеси
Сыналгыдан маалымат алып жаткан кишинин элеси

Жакында эле Испаниядагы окумуштуулар бир күндө сыналгыны 3 саат көргөн кишилерде жүрөк оорулары башкаларга салыштырмалуу көп болуп, орточо жашоо узактыгы 5 жылга азайарын аныкташты.

Кыргызстанда сыналгы көрүү сааты айрыкча балдар үчүн чектелбей, күнү-түнү тынымсыз көрө бергендиктен талма, коркуу сыяктуу ар кандай неврологиялык илдеттер көбөйүп жатканын адистер айтышууда. Саламаттыкка зыян келтирбеш үчүн сыналгыны канча саат жана кандай шарттарда көрүш керек?

Коомдук Биринчи каналда иш күндөрү түнкү саат 11ден өткүчө болуп жаткан, бешиктеги баладан таяк кармаган чал-кемпирге чейин кызыгып көргөн айтылуу «Даңазалуу доор» тасмасын 6 жаштагы Элиза да ата-энеси, өзүнөн кичүү бир туугандары менен бул тасманы калтырбай көрөрүн айтып, андагы сүйүктүү каармандарын санады:

- Хүрремди жакшы көрөм, Хатиже да жагат. Хүррем азыр эч ким менен деле урушпай эле турат.

Азыркы тапта компьютердик оюндар, түрдүү ДВДлер өлкөнүн булуң-бурчунда кеңири сатылып, атуулдарыбыздын сыналгы көрүү мүмкүнчүлүгү абдан эле чоң. Бирок бул шарт айрыкча жаш балдардын арасында өтө олуттуу психикалык жана неврологиялык ооруларды жаратууда деп адистер коңгуроо кагышууда.

Врач-невролог Айнагүл Аманбаева: Азыркы тапта талма, же эпилепсия, олуттуу эмес майда бир нерселерден коркуу сыяктуу жаш балдардагы приступтар телени тынымсыз көргөн жеткинчектер арасында көп болуп жатканын айтат:

- Телевизор, компьютерди ашыкча көрүү жана колдонуу, жеке эле балдардын эмес, чоңдордун да ден-соолугуна өтө зыян. Айрыкча азыр көп кездешип жаткан эпилепсия, талма приступтары ушул керээли-кечке телевизор көргөндөн улам болуп жатат. Телевизордогу жаркылдаган, ар кыл түстөрдүн чагылышы кишинин, айрыкча чоңоюп келаткан баланын психикасына, нерв системасына оор таасир этет. Кечке чейин ДВДни сайып алып көрүп, бизге ар кандай мандемге арызданып аябай көп кайрылышууда.

Азыркы тапта айрыкча жайкы эс алуу учурун мектеп жашындагы балдар сыналгы алдында отуруп өткөрүшөт. Ары-бери чуркаган бөбөктү бир орунга отургузуу үчүн апалар адатта ДВДни коюшат. Сыналгы көрүүнүн өз сааты, убактысы жана орду болорун айтып, эгерде ушул нормалар сакталбаса кишинин саламаттыгына жана жалпы психикалык абалына оор кедерги тиерин эскертти Аманбаева:

- Мисалы балдар эки сааттан ашык тиктеп көрбөш керек. Түшкүсүн көрсө болот, бирок эгер бала түшкүсүн уктаса уктаардан эки саат мурда көрүшү керек. Анткени уктаар алдында телевизор көргөн бала чочуп ойгонуп, уйкусу начар болот. Телевизорго жакын отуруу да болбойт. Жок дегенде 3 метр алыс отуруп көрүү зарыл. Пульт менен ар кайсы каналга которбой бир каналда отуруу керек. Анткени пульт менен ар кайсы каналга тынбай которуу да талма, эпилепсияга алып келет экен. Ар кандай түстөрдүн алмашуусу адамдын нервине терс таасир этет

Жакында эле Испаниянын Наварра университетинин окумуштуулары 13 миң кишиге 8 жылдан ашуун атайын изилдөө жүргүзүп, бир күндө 3 сааттан ашык сыналгы көргөндөрдүн өмүрү башкаларга салыштырмалуу 5 жылга аз болорун аныкташты. Телени көп көргөндөрдүн арасында жүрөк, кан-тамыр илдеттери менен жабыркагандар да 44 пайызга жогору болуп чыкты. Айрыкча жашы өтүп калган кишилер менен жаш балдар сыналгы көрүү убактысын жок дегенде 2 саатка азайтуу зарыл дешет испан окумуштуулары.

Бизде болсо түн ортосуна чейин «Даңазалуу доор» сыяктуу сериал, же согуш фильмдерин балдар менен чогуу көрүү адаттагы эле көрүнүш.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG