Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

1985-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча кош бойлуу аялдардын 10 процентке жетпегени гана кесарево операциясы менен көз жарчу.

Азыр бул көрсөткүч батышта 25 процент, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө андан да көп болуп, эне жана баланын саламаттыгына коркунуч жаратууда дейт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Атайын жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин аталган уюм кош бойлуу аялдын өзүнүн жана ичиндеги баласынын саламаттыгына коркунуч жаралса гана кесарево жолун тандап алуу керектигин эскертти.

Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылынын тургуну Роза Максатбек кызы мурдагы эки баласын өзү төрөп, үчүнчүсүн саламаттыгы жол бербегенден улам операция жолу менен көз жарды:

- Негизи өзүң төрөгөнүң эле жакшы экен да. Баланы да көтөрө албай, же отуруп, тура албай абдан эле кыйналып жатам. Улуу балдарымды өзүм эле табигый жол менен төрөгөм. Анда бала түшөрү менен эле толгоону унутуп калгам. Операция болгонума төртүнчү күн болду. Эми араң тыңып келатам. Жамбаш сөөктөрүм тар экен. Ошондон улам дарыгерлер операция кылышты.

Улуу Британияда 1990-жылдары көз жарган энелердин 12 гана пайызы операция болсо, азыр бул көрсөткүч 25 пайызга чыкты. Ал эми расмий маалыматтар боюнча Бразилияда төрөгөн аялдардын жарымы кесаревону тандашууда.

Жаңы төрөгөн эне. Чеченстан

Жаңы төрөгөн эне. Чеченстан

​Бразилиядагы менчик төрөтканаларда кош бойлуулардын 80 проценти кесаревону өз каалоосу менен тандашарын айтышууда. Адамдын денесине бычак тийгизүүнүн сөзсүз түрдө залакасы болбой койбойт дешет эл аралык окумуштуулар. Толгоо азабынан кутулууну көздөгөн болочок энелерди адистер жеке саламаттыгынан да баланын коопсуздугун биринчи орунга коюуга чакырышууда.

Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунун төрөтканасында иштеген дарыгер Асел Турдубаева кесарево кылуу үчүн Кыргызстанда атайын мыйзамдык көрсөтмөлөр бар экенин айтат:

- Кесарево операциясын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген атайын клиникалык жоболор менен кылышыбыз керек. Маселен, кош бойлуу аялдын кан басымы жогору болсо, ичтеги бала чоңоюп, салмагы ашыкча болуп кетсе, же туура эмес жатып калса, жатындан кан кетсе, бала думугуп бара жатса жана эненин өнөкөт бөйрөк, жүрөк илдеттери болсо гана жасаш керек.

Орусиядагы төрөткана

Орусиядагы төрөткана

Мындай ыкманы эненин жана баланын саламаттыгына тийиштүү коркунучтар болгондо гана тандоо зарылдыгын эскерткен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да төмөндөгү көрсөтмөлөрүн жарыялады: кош бойлуулук жетилип калганда суунун азайып кетүүсү, баланын ашыкча салмагы, туура эмес жайгашуусу, ошондой эле эненин кан басымы жогорулап кетсе же жүрөк оорусу, жүрөк кемтиги сыяктуу майыптыгы болсо, жамбаш сөөгү тар болуп, баланын дем алуу органдарын кысып коюу ыктымалдыгы болсо гана атайын пландуу түрдө операция жасалышы керек.

Акушер-гинеколог Эрмек Наспекованын айтымында, аялдардын ичинен айрым учурда төртүнчү ирет кесарево болуп жаткандар кезигет:

- Операциядан кийин ар кандай оорчулуктар келип чыгышы мүмкүн. Маселен, экинчи же үчүнчү ирет кесарево кылдырган аялдарда ичегилери бири-бирине жабышып калган учурлар кезигет, же болбосо жатындагы кесилип, кайра тигилген жер улам-улам бала көтөрө берсе жукарып, айына жетпей айрылып, ичинен кан кетиши ыктымал. Маселен, бизге төртүнчү ирет келген аялдар бар. Аларга түшүндүрүп айтып, макулдугун алсак, жатын түтүктөрүн байлап коюуга туура келет.

Кайра-кайра операция жолу менен төрөгөн аялдын жатынындагы тигилген тырык барган сайын жукарып, улам кийинки кош бойлуулугу коркунучка кабылгандыктан, адистер болочок энелерди кош бойлуулукту туура пландоого чакырышат. Маселен, биринчи кесареводон 1-2 жыл өтпөй эле кайра боюнда болуп төрөгөн эненин жатыны айрылып кетүү коркунучу бар.

Ошентсе да кесарево операциясы азыр жаңы технологиялар жана ыкмалардан улам төрөтү кооптуу делген энелер үчүн мыкты тандоо болууда дешет окумуштуулар. Бирок канткен күндө да эгерде кош бойлуу аялдын табигый жол менен көз жаруусуна тоскоол болгон медициналык көрсөткүчтөр болмоюнча операция үстөлүнө ашыкча чыгууга болбостугу белгиленүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG