Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Майрамды абайлап тосолу


Чылым тартам деп азем кийимине өрт кеткен аяз ата, өмүрүндө алгач ирээт шампан ичип алып ууланып калган кыздар, жардыргычка колун жулдуруп, же жамбашын күйгүзүп алгандар, майрамга шашып баратып жол кырсыгына учурагандар...

Мына ушулардын баары бизде 12 айды узаткан жаңы жылда катталат. Жаңы жыл тосуп жатканда жарандарыбыз саламаттыгына кам көрөбү?

Достору менен жаңы жыл тосуп барып, петардага жакасын күйгүзүп алганын Мира Маматова мындайча эскерди:

- Досторубуз менен жаңы жыл тоскону бир жерге барган элек. Андан мурда апам мага жеңдеринде түгү бар, жаңы тери тон алып берген. Ошону кийип алып баргам. Анан жардыргыч аттырып ошол жакасындагы түгүнө петарданын чогу түшүп күйүк калган эле. Ошол окуядан кийин мен жардыргычтардан аябай коркуп калгам.

Мира жаңы жылдык шооктон жакасын күйгүзүп эле оңой кутулган. Адатта 25-декабрдан 2-январга чейин өлкөдөгү ооруканалар күчөтүлгөн күн тартипте иштешет. Себеби бул мезгилде ооруканага жардам сурап кайрылгандардын саны эселеп көбөйөт. Кошумча керебеттер коюлуп, айрыкча сынык, күйүк менен иштеген догдурлардын жана токсикологдордун иши чачтан көп болуп кетет дейт Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков буга чейинки тажрыйбаларды эстеп:

- 25-декабрдан 10-январга чейин биздин бөлүмдөр атайын күчөтүлгөн тартипте иштейт. Негизи эле майрам күндөрү травма алгандардын саны көбөйөт. Айрыкча Токсикология бөлүмүнө спирттик ичимдиктерди ашыкча ичип алып, же ыска ууланып калгандар арбын түшөт. Андыктан майрам күндөрү кабыл алуу бөлүмү күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Майрамда жаракат алгандардын көбү - жол кырсыгына кабылгандар, спирттик ичимдиктерге ууланып калгандар же жардыргыч-фейерверктерден күйгөндөр. Республикалык күйүк борборунун башкы дарыгери Кандалаткан Сарбанова аяз ата кийимин кийген адам да күйүп калганын айтып берди:

- Жаңы жылдык балаты учурунда кишилер аяз ата менен аяз кыздын кийимдерин кийишип майрамдашат. Анан аяз ата чылым тарткысы келет. Чылымдын күлү аяз атанын кийимине түшүп денеси күйүп калган учур бизде болгон. Бир ирээт ушундай окуя менен бейтап келип, дарылаганбыз. Азем кийимдердин баары синтетика болот да. Анан тез эле өрт тутанат. Мындан тышкары бизде жеке эле жаңы жылда эмес, той болобу, туулган күндөрдө деле петарда аттырган өнөкөт болуп кетпедиби. Ошол петардага колун күйгүзгөн балдар көп түшөт.

Жаштар, айрыкча кыздар жаңы жыл тоскондо шампанга ууланып ооруканага көп түшөт. Бишкектеги спирттик ичимдиктерге жана химиялык заттарга ууланып калгандарды дарылачу Токсикология борборуна адатта жаңы жыл тосуу учурунда күнүнө жок дегенде 15 киши оор абалда кайрылат дейт токсиколог-врач Бакыт Жапаров:

- Көбүнчө ушул жаңы жылды тосуп жатканда, 30-31-декабрда, январдын биринде көп бейтап бизге келет. Ичимдикти ашыкча ичип алып, оор абалда келгендер болот. Элементардык шампанга эле ууланып келишет. Аларды ар кайсы жашка бөлсө да болбойт. Анткени арасында жаш кыздар же балдар болушу мүмкүн. Колдон келсе жаңы жылды спирттик ичимдиктери жок эле тосушса жакшы болмок. Бейтаптарга, жалпы эле элге кайрылып кетейин дегем, майрамдарда айрыкча жаңы жылды бизде катуу тосушат, такыр эле ичпей коюшса болот эле.

Ошондуктан өмүр сакчылары жаңы жыл тосууга арналган оюн-зооктордо ичимдикти, жардыруучу буюмдарды ашыкча пайдалануудан этият болуп, өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгы, коопсуздугу баарынан маанилүү экендигин эстен чыгарбоого чакырат.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG