Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Кыргызстанда акыл-эси кечеңдеген, кулагы начар уккан жана кекеч балдарды окутууга же дарылоого адистер жетишпейт. Бизде баласынын акылы кечеңдесе же тили чыкпай жатса ата-энеси аны жаап-жашырып, коомдон оолактаткан түшүнүк бар.

Ал тургай мындай балдар жалпы билим берүүчү мектептерден да оолактап, аларга кошумча окутуу программасы каралбай келет. Баш калаада кулагы начар уккан, тили чыкпаган балдар үчүн атайын бир нече бала бакчалар, мектептер болгону менен аймактарда жашаган мындай балдардын окуу-тарбиясына дээрлик шарт жок. 1989-жылдан бери ушундай балдарды окутуп, дарылап келген врач логопед-дефектолог Гүлнара Ногойбаева кырдаалдан чыгуунун жолун издеп, Сүйлөө жана угууну өнүктүрүү борборун ачкан:

"Кыргызстанда аутизм, акыл-эси артта калган, кулагы начар уккан балдардын толук кандуу билим алуусуна жакшы шарттар түзүлбөй жатканына түздөн-түз ата-энелер жооптуу",- дейт адис Ногойбаева. Анткени биздин элдин менталитетинде мындай наристенин ата-энелери аны жаап-жашырып, уялган түшүнүк бар:

- Жаак булчуӊдары бош болуп, тилин көтөрүп сүйлөй албаган балдар бар. Анан эмне десе эле биздикилер кыргызчылык кылып балам таятасын, байкесин же таякесин тарткан деп айтат да. Андай эмес. Жаш келиндер болсо көп нерсени билбей, айтылчу сөздөрдөн коркуп, кандай болот деп үйдө баласын жашырып отура беришет.

Балдар ар тараптуу билим алышат.

Балдар ар тараптуу билим алышат.

Сүйлөй албай, акыл-эси кечеңдеген наристелерди убакыт коротпой тийиштүү адистерге көрсөтүү керек. Наристе 3-4 айлык кезинде эле кишинин көзүн карап, чакырганда реакция кылбаса, дароо невролог адиске кайрылып, тийиштүү дарылануудан өтүү зарыл. Ал эми 1 жаштан өткөндө баланын сөздүк курамында ондогон сөздөр болуп, эки жашында сүйлөм түзүп, айлана-чөйрөнү аңдоосу толук калыптанат:

- Эгерде бала бир жарым, эки жашына чейин аракет кылып сүйлөбөсө, бир жашында сөздүк запасында 10дон ашык сөз болуп, эки жашында сүйлөм түзүп калбаса, анда сөзсүз адиске кайрылуу керек. Алгач неврологго, андан кийин логопеддерге. Ата-энелер 3кө чыккыча сүйлөйт деп отура беришет. Андай эмес. Кыз бала деген 1 жашында жок дегенде 3 сөз кошуп, эркек бала 2 жашында сүйлөп калышы керек.

Гүлнара Ногойбаева ачкан борбордо азыр каттоодо турган балдардын саны 1 жарым миңден ашуун. Аларга ондогон логопед-дефектологдор мөөнөт менен күнүгө 3 сааттан сабак өтүп, натыйжалары жакшы болууда. Борборго жеке эле сүйлөй албаган балдар эмес, тубаса шал болуп төрөлгөндөрдү да алып келишет. Герман элчилигинин жана ата-энелердин жардамы менен атайын укалоочу кабинет да ачылган.

Наристенин акыл-эси өнүкпөй, тили кеч чыкканына жана кекеч болуп калуусуна бир топ медициналык жана психологиялык себептер бар. Кош бойлуу кезде суунун аз же көп болуусу, айрым витаминдердин жетишпөөсү же муунуп калуусу, төрөт учурундагы жаракат жүйөлөрдүн башында турат.

Кыргызстанда деффектолог-логопеддер жетишсиз

Кыргызстанда деффектолог-логопеддер жетишсиз

Батышта мындай балдарды атайын жардамга муктаж деген категорияга бөлүп, алардын физиологиялык, психикалык жана тарбиялык өнүгүүсүнө мамлекет, социалдык кызматтар өзгөчө көңүл бурат. Маселен, Британияда аутизм, жаны тынбаган гиперактивдүү балдар, кулагы укпаган тубаса майыптар башталгыч жана орто мектептерде дени сак балдардан бөлүнбөй чогуу билим алууга, буга кошумча мектепте же бакчада аны караганга атайын адис бөлүнүп, ар бирине мамлекет чоң суммадагы каражат жумшайт. Андыктан коомдо аутисттер жана сүйлөө речи начар балдар кийин аралашып, ал тургай ийгиликке жетишкен учурлар аз эмес. Британиядагы бул система тууралуу Лондондун Девоншайр мектебинде аутист балдардын жардамчы мугалими болуп иштеген Лорейн Байфилд буларды айтты:

- Британиядагы мектептерде бардык балдарга алардын майыптыгына карабай бирдей мамиле кылышат. Бардык балдар мектептен акысыз билим алууга укуктуу. Мүмкүнчүлүгү чектелген бала болсо, аны ар кыл багыттагы адистер изилдеп, диагнозун тактагандан кийин атайын кошумча мугалим, логопед-дефектолог, терапевт, психолог бөлүп беришет. Мамлекет баланын толук кандуу башкалардай билим алуусу үчүн мектептин бюджетине кошумча каражат бөлөт. Мындай иш-чара Британиянын бардык башталгыч жана орто мектептеринде ишке ашат.

Ал эми бизде болсо мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын толук кандуу билим алуусуна мамлекет тургай ата-энелер өздөрү кедерги болгон учурлар көп дешет адистер. Эгерде кулагы начар уккан, гиперактивдүү, аутист жана кекеч балдар өз убагында туура билим жана кошумча дарыланууга алынса, алардын баары болбосо да көпчүлүгү орто мектептерде окуп кете алышарын жана мындай учурлар Сүйлөө жана угууну өнүктүрүү борборунда көп катталганын врач логопед-дефектолог Гүлнара Ногойбаева айтты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG