Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Жыл жаңыргандан бери Кыргызстанда сасык тумоо менен ооруган адамдардын саны көбөйдү.

Кыргызстанда сасык тумоонун H1N1 түрүн (чочко ылаңы) жуктургандардын саны 61ге жеткенин дарыгерлер ырастады. Бул сасык тумоонун алдын алуу үчүн кандай аракеттер көрүлдү жана тумоолоп калган адамды дарылоонун кандай ыкмалары натыйжалуу деген маселе “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги темасы болду.

Талкууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларга көзөмөлдүк кылуу жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын амбулатордук консультация бөлүмүнүн башчысы Халида Азимбаева жана Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова катышты.

“Азаттык”: Динара айым, өткөн жумада өлкө боюнча сасык тумоонун көрсөткүчү эпидемиялык чектен - 15,5 % өтүп кетти деп билдирдиңиздер. Эпидемиялык чектин көрсөткүчү кандай ченелет? Өлкө боюнча канча адам ооруду? Азыр абал кандай?

Динара Оторбаева: Оорулуулардын эпидемиялык чектен чыккан саны Бишкек шаарында катталды. Өлкө боюнча төртүнчү жумада ооругандардын саны 6 146 адам болду. Былтыр ушул маалда 3 490 адам катталып, 1,8 эсе аз болчу.

“Азаттык”: Ал эми бүткүл Европанын үшүн алган чочко ылаңы менен 61 адамдын ооруганы аныкталды деп билдирдиңиздер. Аны уккан элдин көбү чоочуп жатат. Бул эмне деген оору? Анын белгилери кандай?

Динара Оторбаева: Биз жөнөкөй тил менен чочко ылаңы деп айткан оору - бул грипптин бир түрү. Ал 2009-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан пандемия деп такталып, жарыяланган. Ал Мексикадагы чочко баккан бир фермердин айылынан чыккан. Ошон үчүн чочко ылаңы деп аталып калган. Лабораторияда аныкталып, медицина тили менен ал H1N1 деп аталат.

“Азаттык”: Халида айым, жыл башынан бери сиздердин ооруканага кайрылган адамдардын саны канча болду? Аларга орун жана дары-дармектер жетиштүү болуп жатабы?

Халида Азимбаева: Дары-дармектер толук жетиштүү, декабрда орун жетишпей жаткан, азыр баары камсыз болгон.

“Азаттык”: Халида айым, ооруканага түшкөндөрдүн жаш өзгөчөлүктөрү кандай болуп жатат? Карылар көппү же жаштарбы?

Халида Азимбаева: Кайрылгандардын 90 % жаштар болуп жатат. Алардын ичинен 5 жашка чейинкилердин саны көп. Биздин ооруканага 1-январдан бери 5 миңден ашык адам кайрылды. Анын ичинен 2 миңден ашыгы сасык тумоо менен ооругандар болду. Ушул аралыкта бардыгы болуп 1 718 адам ооруканага жаткырылса, 928 адам сасык тумоодон дарыланды.

“Азаттык”: Кылым айым, Халима айым айтып жаткандай, кечээ өкмөт башчы катышкан жыйында мектеп окуучулары арасында сасык тумоо менен ооруган балдар көп болуп жаткандыгы айтылды. Мындай көрүнүш жыл сайын болот эмеспи, окуучулар арасында кыш мезгилинде сасык тумоодон сактануу боюнча алдын ала окуулар өткөрүлүп, чаралар көрүлөбү?

Кылым Сыдыкназарова: Ооба, мыйзамга ылайык, билим берүү уюмдары менен жергиликтүү башкаруу органдары балдардын ден соолугуна кепилдик берүүчү шарттарды түзүү чараларын көрүшөт. Мектептерде өзгөчө класс жетекчилери атайын сабактарды өткөрүшөт. Мисалы, шаарлардын мектептеринде медициналык кабинеттер бар. Аларда медайымдар атайын сабактарды өтүшөт. Бирок, кээ бир мектептерде 2 миңден ашык балдар окушат. Алардын арасынан бирөө ооруса эле баарына жугузуп коюшу мүмкүн. Класстарды маал-маалы менен желдетип туруу керек. Айрыкча, айыл мектептеринде терезелерди целлофан менен каптап коюшуп, желдетүүгө шарт да болбой калат.

“Азаттык”: Динара айым, H1N1деп аталган чочко тумоосу менен ооругандар айыккандан кийин ал вирусту алып жүрүүчү болуп калышпайбы? Толук айыгып кетишеби?

Динара Оторбаева: Ал оорунун вирусу 4-5 күн дарылангандан кийин адамдын денесинде толук жоголот жана вирусту алып жүрүүчү болбойт.

Халида Азимбаева: Мен клинист катары толуктап коеюн. Эгер оору өтүшүп кетпесе 4-5 күндө айыгат. Эгер өтүшүп кетсе бул тумоо өпкөнүн сезгенүүсүнө тез алып келүүчү оору болуп эсептелет. Чочко сасык тумоосу грипптин башка түрлөрүнөн өтө оордугу, курч болушу менен кооптуу. Адам баласынын температурасы 40-42ге чейин жетет, мурду канап, организмдин уулануусу өтө тез болот. Ошон үчүн карылар менен жаш балдардын, өпкөсү, жүрөгү оорулуу адамдардын сыркоолошу 7-8 күнгө чейин жетип, кээ бирлериники пневмонияга өтүп же андан да катуу өтүшүп, өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн. Мына азыр Орусияда бул тумоодон 28 адам каза болду деп жатышат. Бул туура маалымат, анткени бул оору тез жугат, тез күчөп кетет. Мындай тумоо менен ооругандар вакцина албагандардын арасында көп болот. Россияда каза болгондордун текшергенде бирөөсү дагы вакцина алган эмес экен. Вакцина албагандан кийин адамдын иммунитети төмөндөп, кабылдап кетет.

“Азаттык”: Деги сасык тумоонун алдын алуу үчүн Кыргызстанга канча сомго, канча вакцина качан алынып келинди эле? Эмне үчүн болгону 30 500 адамга эле вакцина куюлду? Бул 6 млн. калкы бар өлкө үчүн аз эмеспи?

Динара Оторбаева: Саламаттыкты сактоо министрлиги быйыл 9 млн. сомго 24 150 дозадагы вакцинаны Орусиядан сентябрь айында алып келген. Ал жер-жерлерге таркатылып, биринчи кезекте медицина кызматкерлерине, өнөкөт оорусу бар жаш балдар менен карыларга жана балдар үйлөрүндөгү, мектеп-интернаттагы балдарга сайылган. Албетте, бул аз. Өлкөдө өнөкөт оорулуу 600 миңден ашык адам бар. Алардын баарына сайыш үчүн кеминде 40-50 млн. сом зарыл болот экен. Өнүккөн өлкөлөрдө деле толук жасай алышпайт. Орусияда деле 15-20% эли вакцина алган.

Угармандын пикири: Мен Ош шаарынан чалып жатам. Атым Айымсаат. Вакцинаны октябрь айында 250 сомдон сайдырсаңар болот дешкен, бирок поликлиникага барсак андай программа жок деп айтышкан. Экинчиден, дарылар аябай кымбат болгондуктан алып иче албай жаткан, кыйналган адамдар аябай көп.

“Азаттык”: Динара айым, чочко тумоосу менен Казакстанда 1 адам ооруптур, ал өлкөнүн калкынын саны азыр 17 миллиондон ашык. 146 млн. калкы бар Орусияда 30 киши каза болуптур. Ал эми 6 млн. калкы бар Кыргызстанда 61 адамдын оорушунун себеби эмнеде?

Динара Оторбаева: Бизде лабораториялык изилдөөлөр абдан жакшы жүрөт. Бизде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тест деген жакшы программасы бар. Ошол программа менен тез аныктай алабыз. Октябрь айынан тарта 370 адамды иликтеп, 61 адам чочко тумоосу менен ооругандыгын аныктадык. Бул оорунун аныкталгандыгы жакшы, себеби, алдын ала чараларды эртелеп көрө алабыз.

“Азаттык”: Жашырганда эмне, сасык тумоого көңүл бурбай атып жаш балдардын арасында башка ооруга өтүшүп кетип, кулагы укпай, өпкөсүнө суу толуп кеткен учурлар арбын. Телевидениеде болсо дарынын түрүн рекламалап атып, врачтарга кайрылуу да экинчи планга түшүп калып жатат. Мындай кесепеттер болбошу үчүн ата-энелер арасында атайын сабактарды өтүү, өзгөчө айыл жеринде ушундай иштерди калыптандыруу зарылдыгы бышып жетилген жокпу? Анан телерадиодо жеке жоопкерчиликти жогорулатууга таасир берүүчү атайын роликтерди такай берип туруу зарыл го?

Халида Азимбаева: Туура айтасыз, анткени азыр элдин баары дарыгер. Дарыканаларда да врачтык билими жок адамдар иштешет. Сасык тумоолоп калдым деп барышса эле дароо антиобиоктиктерди беришет. Тумоо жаңы башталганда антиобиотикти такыр ичпеш керек. Анткени, адамдын организминин иммунитети өзү 2-3 күн күрөшөт. Сасык тумоо вирус аркылуу жугат. Вирус адамдын температурасын көтөрөт. Ысытмасы 38-40 градуска чейин көтөрүлгөндө вирустарды тез өлтүрөт. Антибиотиктер вирусту өлтүрө албайт. Эгер температура 3-4 күндөн кийин түшпөсө гана организмдеги бактерияларды өлтүрүү үчүн антибиотиктерди ичсе болот. Ошон үчүн угармандарга ар кандай дарыларды иче бербей, дароо дарыгерге кайрылып, алар жазган дарыны гана ичүү керектигин эскертем.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG