Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Атбашылыктар маянаны азайтууга каршы


Мамлекеттик кызматкерлердин маянасына кошулуп бериле турган 50 пайыздык үстөк акыны 10 пайызга түшүрүү боюнча демилгеге атбашылык тургундар каршы чыгышты.

Бийик тоолуу райондордо иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин маянасына кошулуп бериле турган 50 пайыздык үстөк акыны 10 пайызга түшүрүү боюнча демилгеден улам Нарындын Ат-Башы районунда 14-январда нааразылык жыйыны өттү. Алар өкмөттөн бул демилгени артка кайтарып алууну талап кылып, болбосо иш ташташарын эскертишти.

Нааразылык жыйынга чогулган 200дөн ашык кишинин көпчүлүгү райондогу орто мектептин мугалимдери, саламаттык сактоо жана маданият кызматкерлери болду. Алар Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жыйындар залында чогулуп, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги даярдаган мыйзам долбооруна каршы экенин билдиришти. Анда деңиз денгээлинен 2000 метр ашык бийик аймакта иштегендер үчүн маянасына кошулган 50 пайыздык үстөк акча 10 пайызга кыскартуу керек деп жазылган. Бул мыйзамдын долбоорун колуна кармаган жергиликтүүлөр Жогорку Кеңеш оң тарабына чечип берер деген үмүтүн артып жаткандыгын айтышты.

- Ат-Башыда алты ай кыш болот, ушундай ызгаарда иштеп жаткан бизди аткаминерлер түшүнбөйт. Алар бул жакка келишсе, бир ай дагы жашай алышпайт. Мына шайлоодо партиялар айлык маянаны көтөрөбүз деп убада беришкен. Анын баарын унутушту, азыр кайра кыскартып жатышат. Муну кандай түшүнүү керек,- деди Ат-Башы райондук маданият үйүнүн жетекчиси Абдыкадыр Сабыракунов.

Ал эми Ат-Башы айылдык кеңештин депутаты Гүлмайрам Молдоянова бул жыйынды кеңешүү, талкуу катары баалап, өкмөт элдин үнүн укпаса мыйзамсыз аракеттерге барарын айтты.

- Ушундай катаал шартта жашап жатып биз неге тынч тунжурап жата беришибиз керек. Теңиртоолуктар толкуса жаман, биз пикетке чыгабыз же жолду тособуз деп жаман нерселерди айткым келбейт, бирок ушул биздин кайрылуубузга өкмөт, Жогорку Кеңеш оңгулуктуу жыйынтык чыгарып бербесе анда мен жеке өзүм мыйзам бузууга даярмын.

Муну менен катар өткөн жылдын май айынан бери дарыгерлердин айкалыштырып иштөөсүнө төлөнүп келген бийик тоолуу аймактар үчүн кошулчу үстөк акчанын толтотулганына кошул-ташыл болуп, эми минтип дагы кыскарганы турат. Нарындык дарыгерлер өткөн айдын аягында жыйын курушуп, парламентке талап коюшкан . Эгер бул маселе ушул айдын он бешине чейин оң жагына чачилбесе бир ставкадан ашык иштешпөөсүн билдиришкен. Бул кырдаалга облус башчысы Аманбай Кайыпов мындайча жооп берди.

- Бул маселе боюнча биз өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайра кат жөнөттүк. 6-чакырылыштын депутаттарына да кат жолдодук. Бул маселе токтоп турган жери жок. Мен ойлойм, жакшы жагына чечилет болушу керек.

Жыйындын аягында Ат-Башы райондук оорукананын профсоюз уюму тарабынан өкмөткө жана Жогорку Кеңешке 200 кишинин колу менен кайрылуу кат даярдашты. Мындан тышкары ар бир бюджеттик мекеменин жетекчилиги өзүнүн кызматкерлери менен өзүнчө кайрылуу кат жазмай болушту.

Өткөн жылы татаал шарттагы аймактарда иштеген бюджеттик кызматкерлердин маянасына кошулуп берилчү 50% үстөк акыны кыскартуу боюнча Жогорку Кеңешке былтыр жоюлуп кеткен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги сунуш киргизген. Аны Социалдык өнүгүү министрлиги да колдоп, Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлган.

XS
SM
MD
LG