Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:30

Казакстанда табыпчылыктын бир түрү – илме же кан алдыруу аркылуу шыпаа тапкандар көбөйдү. Мындай жол менен сакайган адамдардын саны артканы менен, дарыгерлер бул ыкмага таптакыр каршы.

Алматынын 40 жаштагы тургуну Дастан Оңалбаев өмүрүнүн көбүн теринин псориаз оорусунан азап чегүү менен өткөрдү. Дартка шыпаа издеп, В6, В12 витаминдерин ичип, жада калса заара менен дарыланып көргөн. Ылай сүйкөнүп, ар кандай майларды шыбап көрсө дагы эч жардам берген эмес. Кийинчерээк илме (казакча – iлме) же хижама деп аталган ыкма тууралуу интернеттен окуп, анан дарылана баштаган экен. Бара-бара дарттан кутулганын мындайча баяндайт:

Оорума байланыштуу армияга дагы алышкан эмес. Эртең менен турганда төшөгүм жаранын картына толуп кетчү эле. Аны көрүп бир жинденип, бир ызага батчумун. Илме менен төрт ирет дарылангандан кийин псориаздын изи да калган жок. Мен эми болгону диета сакташым керек, куурулган жана ышталган тамакка уруксат жок.

Дастан Оңалбаев ар бир дарылануу сеансы үчүн беш миң теңге төлөгөн. Бир нече сеанстан соң псориаздан таза айыкканын тастыктады.

Илме – ислам медицинасында "хижама" деген ат менен белгилүү. Бул – адамдын терисин курч нерсе менен көп жолу тилип, кан агызуу ыкмасы. Хижама сүлүк курт менен дарылоого жакын. Мындай процедуранын эки түрү бар – кан тамырлардан кан алуу же капиллярдык хижама. Адамдын денесин тилээрден мурда, аны жасаган адам анатомияны, кан жүгүрүү процессин жана диагностиканы мыкты билүүсү шарт.

Чыгыш медицинасы боюнча адис казакстандык Абдысамат көптөн бери илме менен өз бейтаптарын дарылап жүрөт. Анын салттуу эмес медициналык ыкмаларды колдонуу боюнча сертификаты дагы бар. Абдысаматтын айтымында, адамдар совет бийлиги маалында фармацевтикага көнүп, врачтар салттуу эмес медицинаны жат көрүп калышкан. Абдысаматтын бейтаптарынын арасында кан басымы жогору жана онкологиялык оорулардан азап чеккендер дагы бар.

Мухаммед пайгамбар мираж түнү периштелер менен асманга көтөрүлүп баратканда "Өзүңдүн коомчулугуңа хижама кылып жүрсүн деп айтып кой. Ал өлүмдөн башка бардык кеселге шыпаа," деп периштелер шыбыраган. Бул сүннөттү мусулмандар кыйшаюусуз аткарууга тийиш.

Илме менен көптөгөн адамдар айыкканы айтылса дагы салттуу медицинанын жолундагы дарыгерлер бул процедурага караманча каршы. Алардын бири – Түркстан шаарындагы Ахмет Яссави атындагы эл аралык университеттин клиникалык диагностика борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн төрагасы Алмасбек Ахметов. Дарыгер кан алдыргандан кийин оорулары өтүшүп кеткен адамдар көп кайрыла турганын белгилейт:

Мага колу-буту лимфостазга чалдыккандар, буту ириңдеп, тизеси артрозго кабылып, оорулары илмеден кийин өтүшүп кеткендер келген. Илме жасагандар жада калса эң жөнөкөй гигиеналык эрежелерди да сактабайт. Үйүндө иштеп, кан аркылуу инфекция жуктурат. Мен жараатты эмне менен тазалаган деп сурасам, бейтаптар аны да билбейт.

Врач Алмасбек Ахметов хижама аркылуу ВИЧ инфекциясын, В жана С гепатитин жуктуруп алуу коркунучу чоң экенин эскертет. Анын иш тажрыйбасында илме менен толук айыгып кеткендер жоктугун белгилейт. Андай болгону менен, денени тилип, кан чыгарчу жабдуулар Алматынын дарыканаларында ээн-эркин сатылууда.

Кыргызстанда дагы хижама жасаткандар бар. Коңшу өлкөдөй эле акыркы жылдары табыптарга кайрылгандардын саны арбып баратат. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева мындай дарыланууга кескин каршылыгын билдирип, "илим, медицина өнүккөн заманда XIX кылымдагы ыкмага көчкөнүбүз өкүндөрөт" деп сындаган:

Алматы сыяктуу Бишкектин дарыканаларында да хижама жасаган жабдуулар ээн-эркин сатылат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG