Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун тергөө иштери алкагында Мамлекеттик департамент Хиллари Клинтон менен анын бейрасмий кеңешчиси Сидней Блюменталдын электрондук кат алышуусунун 7 миңдей барактан турган бөлүгүн өткөн түнү жарыялады.

Электрондук кат алышуулардын арасында Кыргызстан тууралуу каттар да бар. Алардын биринде Нью-Йорктогу Адам укугу боюнча эл аралык лиганын президенти Скотт Хортондун 2010-жылдагы Кыргызстандагы абал, "Манастагы" транзиттик борбор жана июнь окуялары боюнча байкоолору жазылган. Жалпысынан төрт барактан турган кат “жашыруун” сакталышы керектиги белгиленип, Клинтонго 2010-жылдын 17-июнунда жиберилген. Клинтон айым 2009-2013-жылдары АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турган.

Төмөндө бул каттын кыргызча кыскартылган котормосун сунуш кылабыз:

“Мен Кыргызстанда болуп, Убактылуу өкмөттүн тышкы иштер, укук жана коопсуздук жаатындагы дээрлик бардык жооптуу адамдары менен жолугуштум. Иш сапарым учурунда мен байкаган негизги жагдайларга токтоло кетейин.

Түштүктөгү кризис

Убактылуу өкмөт кагылышуулар болуп кетерин божомолдогону менен, улуттар аралык араздашууну күткөн эмес. Бир нече адам Ош менен Жалал-Абадда көзөмөл абдан начар болуп жатканын айтышты. Алар милиция менен армиядагы негизги фигуралар менен “лоялдык” проблемалар болуп жатканын билдиришти. “Лоялдык” проблемалар эмне деп, такып сураганымда аскерий жана күч түзүмдөрүндөгү маанилүү кызматтарда Жаныш Бакиевдин кишилери турганын айтышты. Бекназаровдун жана апта соңунда мага кезиккен мамлекет лидерлеринин билдиришинче, Бакиевдин планы улуттар аралык кагылышууну жаратуу болгон, муну алар мурда байкабай калышкан.

Ошентсе да Оштогу кооганы дыкаттык менен изилдөө керек, бирок Ош шаарында мени менен пикир алышкан элдин көбү коогалаңды баштаган милиция жана армия лидерлеринин арасынан Бакиевдин кишилерин кезиктиргенин маалымдашты. Зомбулуктан өзүнө пайда табууну Бакиев мыкты өздөштүргөндөй. Себеби ал абдан кылмыштуу жана арамза стратегияны тандап алган. Ал арада Отунбаева Ошто коомдук тартипти жөнгө салуунун жандалбасын кылып, ошол эле кезде чет элдик армияны киргизүүгө зарылдык жок деп айтууда. Бирок менин оюмча, ал элдин ишенимине татый албай, чочулап жатат.

Убактылуу өкмөттүн ыйкы-тыйкысы

Убактылуу өкмөт өз функциясын таптакыр аткара албай калгандай. Айдын соңуна чейин ээлеген кызматтарынан чегинип, парламенттик шайлоого аттанабыз дегендери да бар. Ыркы келишпегендердин башында мен байкагандан, Атамбаев менен Бекназаров турат. Экөө менен тең сүйлөшүп, бири-бирине карата терс маанайда экенин байкадым. Ошондой эле Сариев менен Бекназаров да жоолашкандай. Отунбаева гана (ага жакындардын бири Элмира Ибраимова менен) мындай ыйкы-тыйкы өкмөттүн мүчөлөрүн бири-бирине "жабыштырган желимдин" ролун аткаргандай. Ошентсе да анын “Убактылуу өкмөттүн президенти” деп аталган кызматы авторитетин кыйла түшүрүп койгон сыяктуу. Себеби ал 2011-жылга чейин гана бул кызматта туруп, андан кийин шайлоого катыша албайт. Болочоктогу өкмөт парламенттик шайлоодон кийин гана белгилүү болот. Бирок азыркы убактылуу бийликтегилерден ага чейин эле эки-үч адам гана кызматында аман калчудай.

Конституция жана референдум

Текебаевдин редакциялоосу менен 27-июнда жаңы Баш мыйзам долбоору референдумга коюлат. Бул өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, Кыргызстан парламенттик демократия жолуна түшүп жатканы менен, парламенттин мүчөлөрү жана фракцияларына адаттан тыш артыкчылыктарды берет. Айрым өкмөт мүчөлөрү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бул долбоорду колдобой, “катаал президенттик режимди” калтырууну айтып жатканын билдиришти. Алар буга аргумент катары көптөн бери жабылып турган кыргыз-казак чегарасын мисал келтиришүүдө жана чек аранын жабык турганынан кыргыз экономикасы кысылды дешет. Түштүктөгү коогалаңдан миңдеген адамдар үйүн таштап, кайда экени белгисиз болуп жатса, бул референдумду кийинкиге калтыруу маселеси козголобу десем, өкмөт мүчөлөрү бул мүмкүн эмес экенин айтышууда.

“Манас” транзиттик борбору

Менин билгениме караганда, Убактылуу өкмөт “Манас” транзиттик борбор маселеси боюнча ар кандай пикирде экен. Отунбаева баштаган бир топ маселенин “прагматикалык” чечилишин көздөйт. Мамлекетке экономикалык киреше алып келип, көбүрөөк транспаренттүү болушун каалашканы анык. Отунбаева бул база кыргыз-орус ымаласына доо кетирбегендей жагдайда гана турушу керек деген пикирде. Бекназаров баштаган дагы бир топ базанын жабылуусун каалап, демагогиялык маанайда турат. Бекназаров менен сүйлөшкөндө анын көз карашы жөн гана оппортунисттик маанайда экенин байкадым. Ал базадан америкалыктардан арбыныраак акча өндүрүп калуу үчүн гана умтулуп жаткандай. Негизи эле Бекназаров мага кызуу кандуу, орой жана ишенимсиз өнөктөштүн таасирин калтырды. Атамбаевдин да демагогиялык көз караштары бар, бирок Бекназаровго салыштырмалуу ченеми менен. Отунбаева өкмөттүн эң жогорку мүчөсү катары базага байланыштуу маселелерди жагдайга жараша тең салмактуу ой жүгүртүү менен чечсе керек. Ошентсе да, өкмөттүн дээрлик бардык мүчөсү Бакиев түзгөн экономикалык келишимди жактабайт, маселенин транспаренттик жол менен чечилүүсү мурдагыдай үстөлдүн астынан жүргүзүлгөн саясий фигуралардын макулдашуусу менен ишке ашпачудай.”

Андан ары профессор Скот Хортон өз катында Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык кагылышуулар, анын кесепеттери, конфликтти жөнгө салуунун бир катар жолдору, парламенттик шайлоо жана референдум тууралуу ойлорун, сунуштарын билдирген.

Кыргызчалаган Бактыгүл Чыныбаева

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG